𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶
@umutai.abdyshova
𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶

Подписчики: 77523
Посты: 2781
Подписки: 368
Ссылка "Абышканын арманы" ⤵️⤵️⤵️
https://youtu.be/zKkA9kUJXLc


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
331  
15.12.2019 Frunze, Bishkek, Kyrgyzstan
Кудайга шугур! Бир эле коз ирмем экен.😢 Журогум оозума тыгылып, кабынан чыгып кете жаздады. Берген убада менен Балыкчыга барып, Бишкектеги убадама жетишейин деп кайра кайтып келаткан кандуу жолдо кинодогудай трюк жасадым. Шашканымдан учкан куштай сызып келаттым эле. Шок жаным, тайманбастан тайгакты сезбей. Кардын жааганы жакшы болгону менен, жолдогу бурганак жаман эле болчу. Унаадан тушсон кулагынды алып кете жаздайт экен, аркыраган шамал. Ал эми жаан аралашкан кар терезеге тиери менен тонуп, жол кароого мумкунчулук болбой калып жатты. Баратканда бир женил машина уболонуп жатты эле, келатканда килейген камаз оодарылып кетип, келаткан жол жабылып, жолдун бери жагы тыгын... Иши кылып баарынарга Кудай жар болсун! Кайра-кайра келиме келтирип келатканым кудайдын кулагына жетип сактап калдыбы деп ойлодум. Ошончо тайгактан, ошончо ылдамдык менен келаткан унаанын айланып-айланып токтоп калышы мумкун эмес эле. #омур #умутайабдышова #кудайгашугур
266  
12.12.2019 Театр оперы и балета / Opera and ballet theater
Бугун, 12-декабрь - улуттук адабият майрамы! Адабият күнү республикабыздын жер-жерлеринде белгиленүүдө: 📖 Маданият жана туризм министрлигинде Чыңгыз Айтматовдун туулган жана Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнүнө карата алардын элесине арналган эскерүү иш чарасы өткөрүлүүдө. 🎤Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын имаратында Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизиндеги театралдык спектаклдар жана Алыкул Осмоновдун поэзиясына арналган адабий-музыкалык кече отуудо. Андан сырткары, опера жана балет театрында Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы дирижёр Бакыт Тилегенов баштаган эл аспаптар оркестринин чон программадагы концерти болуп отту. Концертте белгилуу ырчылар оз онорлорун тартуулап, элдин алкышына арзышты. Кудайдан унсуз сураган тилектерим убак-убагы менен аткарылып келуудо. Белгисиз себептер менен алып баруучулар келбей калгандыгына байланыштуу ал милдетти мен аткарганга туура келди. Кудайга шугур!!! Кыргыз журту Манас ата менен, Чыңгыз Айтматов менен чындап сыймыктана алат. “Нобель” сыйлыгына ээ болгон француз жазуучусу Луи Арагон анын “Жамийла” повестине “Баардык мезгилдин мыкты сүйүү баяны” деген. Маданият улутту сактайт!!! #театроперыибалета #концерт #мэрии #города #бишкек #ведущая #умутайабдышова