𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶
@umutai.abdyshova
𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶

Подписчики: 77523
Посты: 2781
Подписки: 368
Ссылка "Абышканын арманы" ⤵️⤵️⤵️
https://youtu.be/zKkA9kUJXLc


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
196  
07.12.2019 Issyk-Kul', Ysyk-K\u00f6l, Kyrgyzstan
Менин озум чонойткон синдилерим! Толгонай ымыркай кезинен таята-таенемдин колуна келди. Эжеси болуп коп милдетти мойнума алып алгам. Тотошка дечубуз, ошол бойдон эле мага Тотошка😊. Кызыктуу кундор коп болду. Алардын бири: Адаттагыдай эле бешикке болоп коюп кетти чон энеси. Анын чон энеси, менин таенем, бирок баккан кыздар балдары баарыбыз апа дедик. Ыйлап атат, мен терметип атам, терметип атам, айтор кечке терметтим. Басылган жок. Бир убакта апам келип ичин ачса, термете берип, байкушумдун башы бешиктен чыгып кетиптир ойдо коздой. Башы чайкалганынан ыйлай бериптир да. Анан да эн суйунучтуусу тили "Уут эже" деп чыкканында.🤩 Азыр болсо керилген келишимдуу, ыймандуу, акылдуу, боорукер, кайрымдуу, тууганчыл кыз болуп чонойду. Азыр Италияда. Ата-энесинин умуту. Коп тил билет. Коп окуду. Эми суйуктуу синдим, алыста аман жур. Ден соолугун чын болсун! Бактылуу кыздардан бол! Сени чексиз жакшы коробуз! Бул коллаждын автору Чика эжен😉 Мени тааныгандар, менин сол жагымдагы шапкечен кыз кичинекей -Тотошка. Чонойгону- бетин жаап турат. Берки суйкайганы-Чынара. Боло синдим. Туулган кунун кут болсун!!!😘😘😘 #сднемрожденья #сестрёнка
534   18
06.12.2019 At-Bashi
Бир туугандын урматын коруу деген сонун тура! Ушул красавчик инимдин аты Жумадил. Баарыбыз Жони дейбиз. Оз аты унутта эле калган. Кичинекей кезинде ширин болчу. Азыр болсо чон кишинин катарына кошулуп, уну курулдоп, бою асман тиреп, айтор, эркелете деле албайбыз. Студент. Юрист болом деп журуп, ошонун окуусун окуп атат. Мен 7-класс кезимде торолгон. 12 де болчумун. Озум ымыркай кезинен киринтип-жуунтуп, тыкыйтып жалаякка ороп, бешикке болоп, аны шылтоолоп коляскага суйроп алып ойногон кездер болду. Эми минтип кол арага жарап, жаныма караан болуп, узун жолдо жолдош болуп, унааны озу айдап Ат-Башыга заматта жетип келдик. Убакытка так жаным, жол кандай болуп калат, тайгакпы, тайгак эмеспи деп тан атпай кечки 18.00-19.00 до башталчу улпот тойго 14.00 го келдик.😆 Эми кенен 5 саатыбыз бар. Эмне кылсак экееен?😁😁😁 #свадьба #атбашы #умутайабдышова
732  
06.12.2019 Balykchy
Кечээ уйго келдим. Курсагым ток эле. Бирок мамам укмуштуудай даамдуу кылып балык кууруп, мен жакшы коргон пюрени таптаттуу подливи менен жасап коюптур. Карап тура алган жокмун. Апылдатып аны жеп, артынан колго жабылган сливанын компотун ичип дынкыйып отуруп калдым. Билбегенге жалкоомун. Билгенге тамакты даамдуу жасаган, оокатка тын кызмын. Мамам да коону келсе тамактын турун жасайт, мен курагында туймо туйуп, кийим кийгизчу. Ангыча болбой эле, Алинур телефондорунарды бергиле деп жыйнап кирди, домино ойнойбуз деп. Аны ойногонду билбеген жаным уйронуп да алдым чала-була. Шаша-буша оюнга кызыккан жаныбыз, кире беришке эле отуруп алыптырбыз. Анын артынан карта ойноп кирдик. Оюндун кызыгына батып, чырдап да кирдик. Буйрукка ойномой башталды. Карта ойногонду билбеген мамам утулуп калып, идиш жуумай болду. Ага уруксаат бербей озум жуудум. Ошо. Оюнду баштаган Алинур суротко да тартып жетишиптир. Озу баштап, бирок озу оюнга кошулбай калды😆. Бирок, позитивдуу абал тузуп берди. Я долго ждал этого момента деди. 🤔 Демек, балдар уй-булодо шан-кулку болушун каалайт. Келгиле, бир кундо 1 саат балага шандуу маанай тузуп бергенге аракет кылалы. Силер кандай оюндарды ойнойсунар? Болушкуло.