Продюсер,певец Урмат Усенов
@urmat_usenov
Продюсер,певец Урмат Усенов

Подписчики: 508238
Посты: 969
Подписки: 12
🔹советник министра КИиТ КР 🔹Отличник культуры. 🔹Почетная грамота Президента Кыргызской Республики🇰🇬 🔹Менеджер 📞0555157675,
https://youtu.be/_xt8YMHw33s


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1195  
26.12.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
Кыргызстанда алгачы жолу эл аралык тенор ырчыларынын сынагы өтөт. 2020 –жылы Кыргызстанда алгачкы жолу СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев атындагы тенор ырчыларынын сынагы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун төрагалыгы менен өткөн жыйында белгилүү болду. Сынактын негизги уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана “Токтоналы Сейталиев” атындагы коомдук фонду болуп саналат. Учурда сынактын жобосу иштелип жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча сынак 2020- жылы күз айларында өтөт. Жыйындын жүрүшүндө министр Азамат Жаманкулов Кыргызстанда өтө турган тенор ырчыларынын сынагынын маанилүүлүгүн белгиледи. “Сынактын негизги максаты жаш жана таланттуу опера ырчыларын колдоо, аларды алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүү, Кыргыз Республикасында классикалык опера аткаруучуларды деңгээлин көтөрүү жана коомчулукту театралдык- музыка искусствосуна көңүлүн буруу болуп эсептелет. Ушундай жол менен, биз сынакка катышуучулар ортосунда тажрыйба алмашууга шарт түзүп, жаш таланттарды сахнага алып чыгууга көмөк көргөзөбүз”-, деп кошумчалады министр Азамат Жаманкулов. Токтоналы Сейталиев кыргыз элинин опера ырчысы (лирикалык тенор). Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти (1972), Казак Мамлекеттик консерваториясынын ардактуу профессору жана Кыргыз ССРнин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болуп эсептелет. ------------------------------------------------------------------
1638  
26.12.2019
Кыргызстан 2020 – жылы салттуу музыка жумалыгын белгилейт 2020 – жылы салттуу музыка жумалыгын Кыргызстандын бардык аймагы жогорку деңгээлде белгилейт. Бул тууралуу бүгүн, 25 –декабрда Кыргыз Республкасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун төрагалыгы менен өткөн жыйында белгилүү болду. Пландалып жаткан салттуу музыка жумалыгынын алкагында өтө турган иш- чаралар туурасында долбоордун автору Роза Аманова айтып берди. Жыйындын жүрүшүндө министр 2020 –жылы салттуу музыка жумалыгынын алкагындагы иш- чаралар борбордо гана эмес, республика боюнча өтөөрүн белгиледи. “Бул жумалыктын негизги максаты жаштар арасында салттуу музыканы жайылтуу жана аны өркүндөтүү болуп саналат. Маданият министрлигинин буйругу менен бул иш аракеттер боюнча иш алып бара турган атайын уюштуруруу комитети түзүлөт. Иш- чараларга министрликтин карамагына караган бардык бардык окуу жайлар тартылат. Ал эми, жумалыктын эң негизги милдети болуп, жаш таланттарды гана колдоо эмес, алардын ичинен жаңы таланттарды алып чыгып, маданиятты өнүктүрүү болуп саналат. Ал таланттар аркылуу, биз өлкөнүн келечектеги өсүп келе жаткан маданиятын камсыздайбыз деген түшүнүктү берет”,- деп кошумчалады министр Жаманкулов. Белгилей кетсек, салттуу музыка жумалыгынын алкагында өлкөдөгү эл артистеринин жана маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер катышкан мастер- класстар, тегерек столдор жана башка өлкөлөрдөн келген жана жергиликтүү мугалимдер жана искусство таануучулардын лекцияларын уюштуруу пландалып жатат. Бул иш- чараны өткөрүү үчүн министрликтин 2020-жылга карата бюджетинде акча каражаты каралган. Алгачкы жолу салттуу музыка жумалыгын белгилөө жөнүндө буйрук Маданият министрлиги тарабынан 2008- жылы чыгып, 2009-жылы белгиленген. Ал кезде биринчи жолу салттуу музыканын чоң концерти берилген. Ал эми, 2013 –жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен, жумалык катары кабыл алынып, анын алкагында бир катар иш- чаралар бүгүнкү күнгө чейин өткөрүлүп келет.
Загрузка...
2139  
29.01.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Урматтуу мекендештерим! Менин эжем Каратаева Гулина бир жарым жылдан бери бойрок оорусу менен жабыркап келет. Даарыгерлер < Хронический гломерулонефрит> деген диагноз коюшту жана бойрокту алмаштыруу жолу менен гана айыктырууга боло тургандыгын айтышты. Ал операция чет олкодо жасалат экен жана чон суммадагы акчаны талап кылууда. Андай суммадагы каражатты табууга биздин чамабыз жетпей,ошондуктан сиздерге кайрылып жатабыз. Учурда эжем даарыгерлердин козомолундо, ичип жаткан даарылары ото кымбыт баада болуп жатат.Эжемдин сакайып кетиши учун сиздерден жардам сурап жатабыз , сиздердин колдоонуздарга муктаж болуп турабыз. < Коп тукурсо кол болот> дегендей сиздерди кайдыгер карабайт деген умуттобуз. Алдын ала баарыныздарга ыраазычылык билдиребиз. Кайдыгер карабаган ар бириниздерге Аллах Таалам жакшылыгын эселеп берсин. Элсом 0500 02 22 45 Жанышбек кызы Айгерим