сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
10390   289   48174
04.05.2020
Пайгамбарлар мураскору Жылдыз сымал аалымдар. Ошол жылдыз арасында Бир өзгөчө аалым бар. Кандай кырдаал болсо дагы Акыйкаттан жазбаган Бүт өмүрүн, баардык күчүн Дин жолуна арнаган. Тайманбастан, дайым сүйлөйт Чыркыраган чындыкты. Багыт берип, алга сүрөйт Сүйгөн эли - кыргызды Жаратканым, жалгап Өзүң Сакта ошол аалымды! Пайгамбардын мураскору Ошол биздин жылдызды. Канча адам динге келди Угуп сиздин сабакты. Ажырашкан канча жубай Сиз себептен жарашты. Динин жээрип жүргөндөрдүн Пикирлери алмашты. Насаатыңыз пайда берип, Туура Жолун табышты. Баян кылып элдин баарын күлдүргөн Акыйкатты ачык-айкын билдирген Адамдардын ойготуп жүрөктөрүн Акылына Ыйман сөзүн киргизген. Сабактарын канча жандар угушкан Сабыр кылып, баары амал кылышкан. Диндин эмне экендигин билбестердин Жүрөктөрү Ыйман менен жылышкан. Ак-караны ылгап элге көргөздү Ачык айтып акыйкаттуу сөздөрдү. Жаңыдан куралган бүлөөлөрдүн Жашоолору жакшылыкка өзгөрдү. Аллах берсин эч соолубас өмүрдү! Ар дайым кубантасыз көңүлдү Аалымдык даражага жетүү үчүн Эх, устазым, канча көз жаш төгүлдү. Чубак ажы устазым, Узун болсун өмүрүңүз! Ар дайым ачык болсун Нурга толсун жүзүңүз! Жаратканым коргоосуна Өзү алып, бек сактап, Аман-эсен жүрө берсин Үй-бүлөңүз жана Сиз! Автор: Толгонай Усупканова Окуган: Бактыяр Раимкулов Видео: Б.М.
9470   149
04.05.2020
Бирөөнү катуу сүйөбүз. Бирөөдөн катуу коркобуз. Бирөөгө болушунча мээрим төгөбүз. Алар биздин жакындарыбыз көбүнесе. Ата - эне, бир тууган, бала, жарыбыз ж.б. Баардык көңүл, концентрация аларда. Ойлонуп көрсөм, жакындарыбызды сүйгөндөй Жаратканды сүйбөй, жакындардан корккондой Жараткандан коркпойт экенбиз. Көңүлүбүз дайым аларда болгон үчүн өзүбүз анан Жараткан бош калат экен. Боштук кайдан чыкты дейбиз анан.. Төрөлгөндө жаңы дүйнөнү изилдеп атып, жан көнүп калат окшобойбу. Көз дагы, көңүл дагы дайым сыртта. Бакыт жанымдагы адамдарда эмес экенин сезиш үчүн 34 жылым кетиптир. Жан дүйнөнү тынчтыгы, жыргалчылыгы алардан көз каранды эмес экенин кечигип сездим. Жаттама, жаны жок айтылган сөздөрдүн артында маансин аңдай турган болсоң, чоң ачкыч жатат. Ачкыч тынчтыгыңдын, бактыңдын, жыргалчылыгыңдын ачкычы. Жан жүйнөнү тынчтандыр. Тун. Анан көп нерсе көзгө көрүнүп, кулак иштей баштайт. Чалды куйду, кымгуут дүйнөдө чындыкты, акыйкаттыкты көрүш кыйын бп калат экен. Көкүрөктү тынчытып, жерге жакын түшүрүп туруп гана учканды үйрөнүүгө мүмкүн экен. Бүгүн түшүндүм. #жөнэлеойлор