сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
355   5   3068
03.04.2020
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен "ТУМАР" радиосу кайталангыс сынак жарыялайт! 💣 ҮЙДӨ ОТУРУП ЖЫЛДЫЗ БОЛ!!! ⭐⭐⭐⭐⭐⭐⭐⭐⭐⭐⭐⭐ Жалпы байге фонду 100 000 сом! 💰 ‌Үй ичинде ырда, бийле, музыкалык инструментте кол ойнойт же башка өзгөчө талантыңды видеого тартып, #tumarstar хештеги менен инстаграмдагы баракчаңа жүктө! 🇰🇬 Номинациялар: 🎙️ Мыкты аткаруучу мырза (мужской вокал) 🎙️ Мыкты аткаруучу айым (женский вокал) 🎙️ Мыкты бөбөк аткаруучу (детский вокал) 🎙️Мыкты бий (танцы) 🎙️ Өзгөчө талант ээси (инструменты, фокусы и т.д) 💰⭐💰⭐💰⭐💰⭐💰⭐💰⭐💰⭐💰⭐ Сынак 15-апрелге чейин уланат. Жаш куракка чектөө коюлбайт. Катышуучу @mad_min_kg , @tumarfm баракчаларына жазылуусу шарт. Тасманын узактыгы 4 мүнөткө чейин болуусу керек. Сурап-билүү телефону: 0501000961 #tumarstar #үйдөбол #үйдөнчыкпа #бизбиргебиз #бизжеңебиз #коронавирускет
5579   430   72807
03.04.2020
Бугунку куну баарыбыз мээримдуу, бир бололу...🙏🏻 Аллах буюрса бул учурларда артта калып, жакшы, тынч жашоого жетебиз. Чынында баарыбыз бир кырдаалда, бир денгээлде турабыз. Эл арасында муктаж уй-булолор ото коп экен. Кечээтен бери эле 50го жакын уй-було жазды. Бирок, колумдан келгенин жасап, алым жетишинче азык-тулук которунуп, жардам сурагандардын арасында ото муктаждарына барганга аракет кылдым. Албетте, бириксек, чогуу аракеттенсек баары жакшы болот. Кудайга шугур мамлекет да эч кимди таштап койгон жок. Оз убагында жардамдар берилип жатат. Ошентсе да сиз, биз да карап турбайлы. Айтып отконумдой муктаждар ото коп сиз да жардам берейин десениз 0558 17 09 97 номерине вотсаптан жазыныз. Чогуу жардам берели... Бул жакшы кайрымдуулук эстафетаны досум @nurlannasip_kg жана @bakyt_aaliev мага узатты эле. Четте карап тура албадык. Мен да кайрымдуулук эстафетаны коомго кайдыгер эмес мыкты адамдарга узаттым. @k_sarkarbaev @akbar_aitbaev @myizam.abdumalikov ✊ PS; акылдууларга айтайын жардам алгандардын уруксаты менен тартылды видео. Уруксат бербегендерди тартпадык. Эстафетаны шарты ушундай экен. Тартып бул жака жайгаштырдык. #КАЙРЫМДУУбололу
Загрузка...
592   0
03.04.2020
💐Эки дүйнөнүн асыл мырзасы, сүйүктүү Пайгамбарыбыз(САВ) кандай сонун айткан: " Эки соргок бар, алар тоюшпайт. Бири илимге тойбойт, экинчиси байлыкка тойбойт." ⠀ 💐Бактысыздыктын башаты наалыгандык. Эч качан наалыбай жашагын. ⠀ 💐Тагдырдын сага берген сыйлары менен сыноолорун салыштыр, ошондо ыраазы болуп жашайсың. ⠀ 💐Бирөөлөрдүн ырахматын күтүп жашасаң, демек сен адашкан жолдосуң. ⠀ 💐Периштелер алыстабасын десең, кийимиң менен тиштериңди дайыма таза алып жүр. ⠀ 💐Орто жолду карман. Өтө кымбат же өтө шалбырак жупуну кийинбе. Бактылуулук жөнөкөйлүктү жакшы көрөт. ⠀ 💐Байлыктан дагы өткөн байлык балдарың экенин унутпа. Жараткандан коркуу атак-даңктан дагы жогору турарын эсиңен чыгарба. ⠀ 💐Сага эч ким ичи тарлык кылбаса, демек сенде жакшылыктар, ийгиликтер жок. Сыйлашар досуң болбосо демек сен жакшы мүнөз, адеп-ахлакка ээ эмессиң. ⠀ 💐Имам Азам Абу Ханифа сабак берип жатканда бири келип: " Сиздин соода кемеңиз кырсык болуп деңизге чөгүп кетиптир" деп угузат. Имам Азам: " Кудайга шүгүр" дейт. Бир аздан кийин баягы киши келип: "Кечиресиз, чөккөн кеме сиздики эмес экен" дейт. Имам Азам: " Кудайга шүгүр" дейт. Акыры таңгалгандар сурашса:" Эки кабарды тең укканда жүрөгүмдү тыңшап көрдүм. Ичимден кенедей да кайгырууну сезбедим. Дүнүйөгө карата жакшы көрүү сезимин жүрөгүмө салбагандыгы үчүн Жаратканыма шүгүр келтирдим" дейт. Бай бол, бирок байлыгың жүрөктө эмес алаканыңда болсун. ⠀ 💐Жебрейл периштеден суралганда айтат: "Мен нөшөрлөп жааган жамгырдын ар бир тамчысынын эсебин билем. Бирок илим жолунда жүргөндөргө берилген садаганын сообунун эсебин билбейм." Келечегибиз жакшы болсун десеңиз студенттерге колдоо көргөзүп жардам бере жүрүңүз. ⠀ 💐Колдон келсе кылган жакшылыктарыңды элге көрсөтпө. Мактаныч болуп калса, күзүндө араң чогулткан эгиндериң күйүп кеткендей абалда каласың. ⠀ 💐Ар бир кыйынчылыктан кийин жеңилдик келет, ар бир азаптан кийин кутулуу бар. Кудайдын мыйзамы ушундай: адамдардын абалдары дайыма өзгөрүп турат. ⠀ 💐Бир даанышман дубалына үч эрежени жазып коюптур: Биринчиси: Бүгүнкүнү эртеңкиге калтырба. Экинчиси: Ой жүгүрт жана шүгүр кыл. Үчүнчүсү: Эч качан ачууланба. ⠀ Топтогон Жеңишбек Жумакадыр