сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
9259   541
27.03.2020
Арстан Алай, Чыпалак, Гүлзат, Даниель, ЖК депутаттары, спикери, ырчы - чоорчулар, Мен,Сиз ж.б.- баарыбыз бир организмбиз. Бөлүп кароого мүмкүн болбогон бир организм! Өзүбүздү кемчилигибиз мн кабыл алганды билели. Кыжырданып атсак эгер бүгүн, демек, өзүбүздү кабыл ала элекпиз дегендик. Өзүбүзгө болгон баанын төмөндүгү. Бирөөнү басынтуу аркылуу өзүбүздү көтөргүбүз келип атат дегендик. Аты эң көп аталган, төпөш жегендерди жаздым. Алардын кандай сонун сапаттары бар. Көргүбүз келбейт негедир. Кабыл алгыбыз да келбейт. Коомдон сырткары башка планетадан келип калгандай көрөбүз. Эй, биз - бирбиз! Булар - биз! Биз деген булар! Өзүбүздү өзүбүз жаакка чаап атабыз! Өзүбүздү ашатып "Келесоо" деп сөгүп атабыз. Өзүбүзгө келген акаарат бул! Өзүңдү өзүң төпөштөсөң эле өйдө чыгып кетмек белең?? Ошол аты аталгандын баары ичибизде, жан дүйнөбүздө жашайт. Жан дүйнөбүздөгүнү кабыл албаганыбыз үчүн кыжырданабыз, сөгөбүз, өлтүрүп койгубуз келет! Мен качан өзүмдү сүйүп баштаганда бирөөгө да жаман сөз арнагым келбей калат! Бирөөнү жек көргүм келбей калат! Бирөөнү басынткым келбей калат. "Какашка" көрсөм дагы анын туура, жакшы жагын издеп калам. Төпөштөп башканы, өзүңдү акылдуу көрсөтүп атсаң, сенде да мандем бар дегендик! Ошо. Ошону эле айтып коеюн дегем! #жөнэлеойлор Өзүбүздү аяй көрсөтө бербейли деген сүрөт!
Загрузка...
1457   629
27.03.2020
Кредиттер эмне болот? Буга чейин өзүңүздөр билгендей, биз өкмөткө 4 сунуш бергенбиз, анын бири кредиттерин убагында төлөй албагандарга 3 ай мөөнөт берүү жана банктар тарабынан эч кандай штраф, пеня алынбасын деген талап. Эмне болду ошол деп сурагандар абдан көп болууда. Улуттук банк дал ошондой чечим кабыл алды кечээ, шартка жараша төлөө мүмкүнчүлүгү жокторго 3 ай мөөнөткө жылдырса болот. Ошондой эле убагында төлөй албаган үчүн эч кандай штраф, пеня алынбайт. Бул бардык банктарга жана кредиттерге тиешелүү. https://kaktus.media/doc/409162_vice_premer_otvetil_na_voprosy_kasatelno_kreditov.html 2) Ипотека. Мам.ипотекалык компаниядан ипотекалык кредит алып, бирок азыр төлөөдө кыйынчылыкка кабылган зайымчылар насыя берген банкка кайрылып, эмне үчүн төлөй албай жатканын негиздүү кылып маалымдап коюш керек. Насыялар боюнча төлөмдөрдү жылдыруу-насыянын бир же бир нече төлөмдөрүнөн бошотуу дегенди билдирбейт. Жылдырылган төлөмдөр эсептелинген пайыздары эске алынып, милдеттүү түрдө төлөнүш үчүн келечектеги белгиленген мөөнөткө жылдырылышы гана мүмкүн. https://gik.kg/ky/news/full/996.html толук маалымат #janarakaev
6465   465
27.03.2020
Даниель Ажиев - коомдун күзгүсү (зеркало!) ал. Коомдун арасында андай Даниелдер өтө көп! Бала чагында сүйүү көрбөгөн, төпөш жеп калган, басынып калган, көп нерсеге жетпей кордук көргөн бала чоңойгондо ушундай болуп калат. Комплекси мн чоңоет. "МЕН " деп анан төш кагып, ичиндеги мендигин элдин баарына көргөзүүнү каалайт. Өзүн эч киммин деп чоңойгон, "невидимка" ордуна койгон бала баарына көрүнгүсү келет." Мени кыйын бала экен" деп ойлошсун, "Мени көрүшсүн!Жогорку баа беришсин. Эсептешсин" дейт. Анткени аны эч ким көргөн эмес убагында, басынтышкан. Бөтөнү эмес өзүн өзү да көргөн эмес. Көпчүлүгүбүз эле ошондой чоңойгомбуз. Бирок ар бирибиздин формабыз ар кандай. Эмнеге дүнүйө чогултабыз? Машинабызды мактанабыз? Кредит алып душман көзүнө көрүнөбүз? Балдарды таштап коюп , жаныбызды тишибизге тагып алып, чуркап акча чогултабыз, эки этаж үйлөрдү курабыз? Өзүбүз үчүнбү? Анан аны "Эл көзүнө", "Душман көзүнө" "Эл эмне дейт" деп атайбыз! Демек, өзүбүз үчүн эмес эл үчүн турбайбы! Баарыбызда "Элге жагынуу", "Эл мен жөнүндө жакшы ойлонуп калсын" комплекси ар бирибизде жашайт! Андай эмеспи? Балким ичибиздегини тырмап койсо, андан өткөн жиндилигибизди көрсөтөттүрбүз? Карантинде жөн эле жатпай, анда - санда күзгүдөн каранып деле жаталы, туугандар. Асмандан түшсөк дагы! #жөнэлеойлор P.s. текстти түшүнүп окуңуздар. Баланы мактаган да сөккөн да жокмун. Баарыбыз ошо баладай эле комплекси бар, оорукчан адамбыз. Биз да эл эмне дейт деп жашайбыз. Кайрымдуулукту өзүнө болгон бааны көтөрүш үчүн жасады. Жакшыбы, жаманбы, ким үчүн жасаса да жасады.