сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
7210   177
27.03.2020
ЖАКШЫЛЫКТЫН ЖЫШААНЫ #Жакшы_кабар - бүгүн асман чайыттай ачык. Мунун кандай жакшылыгы бар дейсизби? Биринчиден, вирустун эң сонун дарысы, акесин таанытар дезинфекциясы болгон күн сонун тийди, буюрса. Экинчиден, күн менен булут - азыркы акыбалдын символикалык каармандары. Эстесеңиз, мурдагы күндөрү кара булут, кечээ ала булут каптаган. Бүгүн болсо булут такыр көрүнбөйт. Муну жакшылыктын белгиси деп билелик. Кудайдан болуп, булут бир ордунда узак калбай каалгып өтүп кеткендей эле, тигил вирус да элибизден, жерибизден, дегеле адамзаттын башынан батыраак өтүп, алыс кетип, көздөн, ойдон биротоло кайым болот экен деп жоруйлук. Буюрса, башыбызга кара булут айланган кыйын учур артта калууда деп ишенелик. Кыргыздын бардык жакшылыктарды камтыган “Асманың ачык болсун” деген мааниси терең жана кенен ак батасы бар. Асманыбыз ачыла берсин! Булут менен кошо көкүрөктөн муң, кыжалатчылык таркап, күн менен бирге кабак-кашыбыз, маанайыбыз жадырасын. Чайыттай асман сыяктуу жолубуз, көңүлүбүз ачылсын. Ошондой эле, ушул сыноону өз башыбызга чакырган пенделик айып-күнөөлөрүбүздү айра таанып, тообо келтирүүгө, кадырын билбей колдон чыгара жаздаган Жараткандын чексиз берекеттери үчүн шүгүр айтууга көзүбүз жана көкүрөгүбүз ачылсын. Соода, бизнес, алакалар азайып, өлкөбүздүн жону жукарып турганда, муктаждарга, оорулууларга жардам берүүгө байлардын колу ачылсын. Бири-бирибизге жакшылык тилеп, оору-сыркоодон, кырсык-балакеттен калкыбызды калкала деп Жаратканга жалбаруу үчүн алаканыбыз ачылсын. *** Кудайга шүгүр, кечээ да “жаңысы табылды” деген кабар болгон жок. Кара булут таркап баратат. Жараткан, өмүрүн тобокелге салып, күн-түн дебей кызматыбызды өтөп жаткан дарыгерлерибизге дарман бер! Күч түзүмдөрүбүзгө күч-кубат ырооло! Азыркы замандын элдин эсендиги, адамзаттын амандыгы үчүн көкүрөгүн дзотко тоскону чуркаган Чолпонбайдай баатырлары ошолор. Жаратканым, элибиздин ынтымагын бекемдеп, мыйзамга карата сый-урматын арттыр. Мыйзамды сыйлоо – бул мамлекетти, демек, өзүбүздүн эбегейсиз эгемендик бактыбызды сыйлоо. Биз оңолсок – абал оңолот, аалам жана заман оңолот! Буюрса, бул күндөр да өтөт... Жумабыз маарек болсун. 27.03. 2020
4078   102
27.03.2020
Адамдын жан дүйнөсү өтө чоӊ илим. Бирок ал илим али толук кандуу изилдене элек, себеби ааламдагы бир дагы адам бири- бирине окшобойт. Болгону психология илиминде меланхолик, холерик, сангвиник, флегматик деп темпераменттерге карата гана бөлүп карашат. Бирок мында да адам 100% бир темпераментти алып жүрбөйт, сөзсүз бир эле адамды 2 же 3 темперамент коштоп жүрөөрүн психология илиминин изилдөөчүлөрү айтып келишет. Ал эми биз ошол себептен ааламда бири- бирине куюп койгондой окшош адам эч качан болбойт экенин айткыбыз келет. Демек сиз жалгызсыз. Сиздин мүмкүнчүлүк, сиздин дене түзүлүш, сиздин ой- кыял, сиздин дарамет сизге гана тиешелүү. Сиз эч кимге окшошпогон сыяктуу, сизге да эч ким окшошо албайт. СИЗ КАЙТАЛАНГЫС жаралгансыз, Кудайдын чеберчилиги да ушундадыр. Керек болсо бактын жалбырактары, асмандан жааган жамгырдын тамчылары, бир эне бир атадан туулган эгиз балдар бири- бирине куюп койгондой окшош болушу мүмкүн эмес дешет адистер. Демек биз, сиз, мен өз- өзүнчө ааламбыз. Кыргыз “Ар бир адам, өзүнчө бир аалам” деп коёт. Сизге бир гана жашоо берилет. Ал жашоонун кожоюну СИЗсиз! Анда эмне себептен өзүӊүздү өз колуӊуз менен муунтуп, өзүӊүз басынтып, өзүӊүз кайгы- муӊга ыраа көрүп жатасыз???
1105   33
27.03.2020
💐 Миң жыл жашаган Нух пайгамбар айткан экен:" Ушунча өмүрүм, үйдүн бул эшигинен кирип, тиги эшигинен чыккандай эле болду." ⠀ 💐 Муса пайгамбар Жараткандан; " Оо, Жаратканым, пенделериңдин арасынан досторуңду айтчы, мен аларды Сен үчүн жакшы көрөйүн" деп сураганда, Алла Таала: "Бардык кедейлер, кедейлер" деген тура. ⠀ 💐Иса пайгамбар айткан экен: "Жүрөгүңөрдө буудайдай ишенич болсо, тоону ары жылдырсаңар болот." ⠀ 💐 Мухаммад пайгамбарыбыз (Аллахтын дубай саламдары болсун) айткан экен: " Кимде -ким туруктуулук менен күнөөлөрүнө өкүнүп тооба кылууну улантса, Алла аны ар кандай кайгыдан кутултуп күтпөгөн жерден ырыскы берет" ⠀ 💐Азирети Али айткан экен: " Дүнүйөнүн адалы- сурак, арамы болсо- жан кейиткен азап" ⠀ 💐 Улуу аалым Имам Газзали айткан экен: " Бир периште бийик үн менен: Кандай гана абалда болбосун, Алла Таалага мактоо айткандар ордуларынан турушсун! " деп жар салат. Бул топ чексиз бакытка бөлөнүп бейишке жол тартат. ⠀ 💐 Канчалык гений болсоң да, тагдыр сенден күчтүүлүк кылат. ⠀ 💐 Өмүрдүн аягы өлүм болгон соң, ашыкча жанталашкан пенделерге таңмын. ⠀ 💐Баардык оорунун дарысы бар. Бир гана карылыктыкы жок. ⠀ 💐 Бүт дүйнө караңгылыкта уктап жатканда, кээ бир үйлөрдү периштелер курчап, нур чыгып турат. Себеби ошол учурда үй ээси жай намаздын үстүндө эле. ⠀ 💐Бирөөнү, башкалардын көзүнчө унчукпай эле көзүңдүн кыйыгы менен жактырбай карап ишарат кылсаң, амал дептериңе гыйбат кылды деп жазылат. ⠀ 💐 Бирөөнүн бактысын кызганганың, Алла Тааланын ишине кийлигишкениң. ⠀ 💐Жамгырдан кийин кол чатырды унутуп салгандай, пайдаң тийбей калганда унутуп койгон адамдар бар. ⠀ 💐Өзүң ойлочу, Жараткан ушунчалык мээримдүү болгон соң, сурасаң кантип эле бербей койсун. Демек сурагандын сырын үйрөнмөк лазым. ⠀ 💐 Биз байкуш деп боор ачыган оорулуулар, сурак күнү көлөкөдө, бизге байкуш деп боорлору ачыйт. ⠀ 💐Ар күнү жашыруун садака бере бер, садака бере бер. Бир күнү тагдырың сүйүнүчтүү бакыттарга толот. ⠀ 💐Эгер чындап акыйкат сен тарапта болсо, актануунун кереги жок. ⠀ Топтогон Жеңишбек Жумакадыр
Загрузка...