сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
6381   76   66865
21.03.2020
#Repost @borchenov with @make_repost ・・・ #борченовборсулдайт ЗАМАНДАШЫМА Алыкул Осмонов Жашыл-ала жагоо тагып желбиреп, Жакшы өмүрдүн жарашыгы биз элек. Жаштык күндүн ар бир соккон сагаты, Жаш сүйүүдөй койнубузда эркелеп. Кызыл-ала жагоо тагып желбиреп, Кызык күндүн кызыктары биз элек, Кымбат күндүн ар бир соккон сагаты, Кыз баладай койнубузда эркелеп. Жашоо эркине жаратылып бир ирет, Карап көрсөң кандай эмгек кылдым деп: Кайран күндөр бекер кеткен экен деп, Ойлоп-ойлоп өкүнөрүн ким билет?.. Сонун күнгө жаратылып бир ирет, Санап көрсөң кандай эмгек кылдым деп. Сайран өмүр текке кеткен экен деп, Самап-самап сагынарын ким билет? Кеткен кемтик жакшы ыр менен жетилет, Андай болсо, көп кечикпей кууп жет. Доорубузга каухар чачып калалы, Алдыбызда канча күн бар ким билет? Жаштык айып таттуу ыр менен жетилет, Андай болсо, көп кечикпей кууп жет, Заманага жыпар төгүп калалы, Дагы канча жашоо калды ким билет?..
Загрузка...
649   21
21.03.2020
💐Карыя: " Күндүзгү жашооңордо адамдарды сүйүнтүп жашагыла. Түнкүсүн Жаратканды сүйүнткүлө" деди. " Адамдарды го түшүндүк, аа Кудайды кантип сүйүнтөбүз?" деп сурашты. " Түндө тообо кылсаңар Жараткан ушунчалык сүйүнөт" деди карыя. ⠀ 💐Эгер багыты туура болсо, кыбыраса да ташбака ийгиликке жетет. ⠀ 💐Эртең менен арстандай чыгып, кечинде түлкү болуп кайтып келбе. ⠀ 💐-Түн ичинде чырак кармаган сокурларга таңгалам. - Таңгалба, алар көкүрөгү сокурлар жөөлөп кетпесин деп кармап алышкан. ⠀ 💐Адамдар аз, бактылуулук көп. Болгону инсандар алганды билишпейт. ⠀ 💐Акмактын бир сөзү, инсанды микроптон да тез өлтүрөт. ⠀ 💐Тагдырдан кабары жоктор, табалап сүйлөшөт. ⠀ 💐Дененин жүгүн буттар, рухтун жүгүн жүрөктөр ташыйт. ⠀ 💐Бир да адам жөнүндө бир да жаман кеп айтпагандын өлүмү жеңил болот. ⠀ 💐Сен жашоодон эмес, жашоо сенден тажабасын. ⠀ 💐Турмушта эң баалуу белек убакыт. Эң баалуу белегиңизди кимге беришиңизди терең ойлонуңуз. ⠀ 💐Сенин бактылуулугуң бирөөгө байланган эмес. Башкадан үмүт кылба. ⠀ 💐Мүмкүн болбогон мүмкүнчүлүктөр бар экенин эсиңден чыгарба. ⠀ 💐Жашоо мага күлсүн десеңиз, сиз биринчи ага жылмайыңыз. ⠀ 💐Эртең эмне болорун билбейбиз. Биздин иш- бүгүн бактылуу жашаш. ⠀ 💐Өмүр ансыз деле кыска. Биз аны ого бетер өзүбүз кыскартабыз. ⠀ 💐Макоонун тили - макиден курч. ⠀ 💐Эч нерсе жасабагандык - жумуштун эң эле кыйыны. ⠀ 💐Бернард Шоудон бир аял сураптыр: кантип жазганда атактуу жазуучу боло алам? - Солдон оңду карай жазганда... - дептир Шоу. ⠀ Топтогон Жеңишбек Жумакадыр
1678   34   16579
21.03.2020
#борченовборсулдайт ЗАМАНДАШЫМА Алыкул Осмонов Жашыл-ала жагоо тагып желбиреп, Жакшы өмүрдүн жарашыгы биз элек. Жаштык күндүн ар бир соккон сагаты, Жаш сүйүүдөй койнубузда эркелеп. Кызыл-ала жагоо тагып желбиреп, Кызык күндүн кызыктары биз элек, Кымбат күндүн ар бир соккон сагаты, Кыз баладай койнубузда эркелеп. Жашоо эркине жаратылып бир ирет, Карап көрсөң кандай эмгек кылдым деп: Кайран күндөр бекер кеткен экен деп, Ойлоп-ойлоп өкүнөрүн ким билет?.. Сонун күнгө жаратылып бир ирет, Санап көрсөң кандай эмгек кылдым деп. Сайран өмүр текке кеткен экен деп, Самап-самап сагынарын ким билет? Кеткен кемтик жакшы ыр менен жетилет, Андай болсо, көп кечикпей кууп жет. Доорубузга каухар чачып калалы, Алдыбызда канча күн бар ким билет? Жаштык айып таттуу ыр менен жетилет, Андай болсо, көп кечикпей кууп жет, Заманага жыпар төгүп калалы, Дагы канча жашоо калды ким билет?..