сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
1918   0
02.05.2020
Оо, Жараткан! ⠀ Оо, Жараткан! Тизе бүктүм, сурандым, Сен деп ыйлап, сен деп гана кубандым. Өзүңдөй күч кубат берип турганда, Кереги эмне мага жалган кудайдын. ⠀ Оо, Жараткан! Мээримдүүсүң кененсиң, Эшигиңди тыкылдатсам беленсиң. Түн жарымы оогон кезде кол сунуп, Сурангыла мен берейин дегенсиң. ⠀ Оо, Жараткан! Убадага туруучу, Көкүрөктүн муңдуу үнүн угуучу! Өзүң сүйгөн кулуң кылып кабыл ал, Токтогондо жүрөгүмдүн жылуусу. ⠀ Оо, Жараткан! Күнөөлөрдү катуучу, Каалагандай тагдырларды жазуучу. Таңгалдырып издегенге Курандан, Илиминин тереңдигин ачуучу. ⠀ Оо, Жараткан! Калкка салып көп муңду, Кыйын кезде жакын достор көз жумду. Орозодо кабырларын нурлантып, Көргөзө көр кереметтүү көп сырды. ⠀ Оо, Жараткан! Көралбастар жалганда, Уу ыргытып батса дешет арманга. Өкүнүчтө болор беле эгерде, Жүрөгүмдү колдоруна алганда. ⠀ Оо, Жараткан! Каткан сезим эрисин, Аларга да таттыр ыйман жемишин. Бүтүн дүйнө каршы болуп турса да, Ар бир демим ыраазы бол сен үчүн. ⠀ Оо, Жараткан! Күтсүн шашпай кара жер, Өмүрлөрдүн берекесин мага бер. Сулуу жигит аманатка келгенде, Көз жаш төккөн саждада жан ала көр. ⠀ Оо, Жараткан! Каптап бакыт жалаң нур, Кайгы бербей эл-журтумду аман кыл. Сыртта аңдыган чөөлөр жолу тосулуп, Мекенимде берекелүү заман кыл. ⠀ Оо, Жараткан! Кудуреттүү Султаным! Дубам ушул сага жазган ыр сабым. Түбөлүктүү Сени көрүп сүйүнсүн, Бейиштик кыл баардык Манас урпагын! ⠀ Жеңишбек Жумакадыр
Загрузка...
1917   48
06.02.2020
3-февраль биздин компаниянын туулган куну...🎂🎂🎂 @safe_business_luxcosmetics компаниясы 3 жашта... Баардык компанияда иштеген бизнес партнёрлорумду, ынтымактуу командамды майрамдары менен куттуктайм 👏🏻👏🏻👏🏻 Ал эми быйыл февралда бул компанияда иштеп жатканыма 1 жылдын жузу болду. Кудайга чексиз шугур жакшы ийгиликтер болуп, азыркы кундо сыймыктануу менен иштеп келе жатам. «Сэйф бизнес» компаниясы мага зор мумкунчулукторду ачып берип жатат. Компаниядан чон деген команда тузуп, коптогон жакшы дос, бир тууган таптым. Озгочо компаниябыздын президенти , жаш болсо да мыкты сапаттары аркылуу копторго жол корсотуп, улгуу боло алган Бакыт Аалиевга ыраазычылык. Ошондой эле куштун эки канатындай болгон Рысбек Мунарбекович жана Чолпон Чубаковна сыяктуу эмгекти суйгон асыл адамдар менен бир команда да экениме кубанычтамын. Кулачынды кенээн жайып, осуп -онуго бер «СЭЙФ БИЗНЕС» ! ✊✊✊✊ 3.02.2017-3.02.2020 @bakyt_aaliev @rysbek_munarov @cholpon__sulaimanova @safe_business_luxcosmetics