сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
9963  
19.11.2019
Суйкайып, сулууланып, түрлөнүп түркүн көйнөк кийип, көгүчкөндөй кулпуруп, койкоктоп кыз боло элегиме көөөөп болду. Ыңгай анан жылуулук сулуулукту көмүп кетти. Өзүмдү карап, өзүмө көңүл бөлүп, өзүм үчүн жашабай жатамбы же алар мага кызыксыз болуп калдыбы? Кызыксыз болуп калса эмнеге? Жашоого оюм өзгөргөн үчүнбү же жеке жашоо тынч болгону үчүнбү? Шиш таканы көрөйүн деген көзүм желкеде. Шакек, сөйкө тагынбай калганыма да көп болду. Көйнөк кийгенден качам. Ыңгайлуу шым, чокой, иши кылса жылуу жемпир. Калганы мн баш оорубайт. Түрлөнүп турган кесиптештеримди карап суктанып коем. Съемкага барып келем. Үйдө жаткан жагып, ашыкча кымгуут ызы - чуудан качып, жалгыздыкты эрмектейм. Убакыт өткөн сайып сүйлөгөндөн да эринген, бар - жогу билинбей, көпчүлүктөн качкан, көрүнгүсү келбей, жашынган башка эле Назира чыгып келе жатат. Кечээ отуруп алып, сулуу кыз болгум келди. Жалаң кемпир, аял, үй кожойке, боюнда бар аялдарды аткарып жатам. Алардын сулууланбай, ыңгайлуу кйингени, жасалмалуулугу жок болгону жагат. Жакшы эле көрүнүп атамбы деп башың катпайт. Түрүңдү келиштирип алып аткара бересиң. "Өзүңдү сүй" дү эң көп мен кыйкырам. Эмнеге анда сүйбөй атам? Же тескерисинче өзүмдү сүйүп, эл эмне дейт мн ишим жок, ыңгайым, жылуулук, ден соолук алдыга чыгып кеткендир....жаңы Назира ортого чыкты, айтор. Сулуу кызга айланып коюш кк эле...
Загрузка...
9959  
13.10.2019
☝🏻5 ИШТИ АТКАРМАЙЫНЧА УЙКУГА ЖАТПАГЫН !!!* _ Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (с.а.в) Алини (р.а) жанына чакырып, ага мындай деди. Бул 5 ишти аткармайынча төшөккө жатпагын: 1⃣📖. Куранды толук окумайынча. 2⃣. 💎4000 дирхамды саадака бермейинче. 3⃣. 🕋Каабаны зыярат кылмайынча. 4⃣. Бейиштен бир орунду ээлемейинче. 5⃣. Ыза бергендеринди ыраазы кылмайынча. _Ошондо, таң калган Али (р.а):" Мен булардын баарын кантип аткарам"-деп сурады._ _Пайгамбарыбыз (с.а.в) минтип жооп берди:_ 1⃣. Ихлас сүрөөсүн 3 жолу окусан Куранды толук окуган болосун. Окулушу: *Кул хуваллааху ахад. Алоохус сомад. Лам йалид ва лам йууллад ва лам якун лаху куфуван ахад.* Котормосу: _Айткын:Аллах Жалгыз! Аллах эч кимге муктаж эмес! (Ал) төрөбөгөн жана төрөлбөгөн! Ага эч ким тендеш эмес!_ 2⃣. Фатиха сүрөөсүн 3 жолу окусан 4000 дирхам садака кылгандай болосун. Окулушу: *Алхамду лиллаахи роббил ааьламиин. Аррохманир рохиим. Маалики явмиддин. Иййаака наьбуду ва иййаака настаьиин. Ихдинас сироотал мустакиийм. Сироталлазина аньамта алайхим гойрил магдзууби алайхим ва ладзоолиийн.* Котормосу: *Мээримдуу,ырайымдуу Аллахтын аты менен! Ааламдардын Эгеси болгон Аллахка мактоо! (Ал) мээримдуу, ырайымдуу. Кыямат кундун падышасы. Биз Сага гана сыйынып, Сенден гана жардам сурайбыз. Озун бизди туура жолго баштагын. Ошол Сенин каарына калбагандар жана адашпагандарга Озун тартуулаган жол.* . 3⃣. Ушул дубаны 10 жолу айткан Каабаны зыярат кылгандай болосун. Окулушу: *Лаа илааха иллал-ллоху, уахдаху лаа шариика лах, лахул мулку уа лахул хамду, уа хува алаа кулли шайин кодиир.* Котормосу: _Аллахтан башка Кудай жок. Ал өзү гана. Анын шериги жок, мулк Аныкы. Мактоо Ага гана. Ал бардык нерсеге кадыр._ 4⃣. Ушул дубаны 10 жолу айтсан- Бейиштеги ордунду сактаган болосун. Окулушу: *Лаа хаула уалаа кувата илла биллахил алииул азиим.* Котормосу: _Куч жана кубат бир гана Аллахка таандык. Аллах Улуу, Бийик._ 5⃣. Ушул дубаны айтсан- ызаа бергендеринди ыраазы кылган болосун. Окулушу: *Астагфирул-лоохал ьазиималлазии лаа илаха илла хувалхаййул коййууму ва атуубу илайхи* Котормосу: _Ушундай Алладан кечирим сураймын, андан башка ибадатка ылайыктуу зат жок, Ал тирүү, Түбөлүктүү жана Ага гана тообо кыламын._