сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
9934  
28.09.2019
Малаховго бирдеме дебейсиңби дегендер, эмне дейин мен ага? Аябай кыйын элбиз, кыйындыгыбыздан көрүнгөн өлкөдө тентип, балдарыбызды таштап коюп, күнү - түнү иштеп, ден соолугубузду акчага алмаштырып , балдарыбыздын токочун таап атабыз дейимби? Же ушундай ынтымактуу элбиз түндүк - түштүктү кой, айыл - айыл, уруу - уруу, айлабыз кеткенде партия - партия болуп бөлүнүп алып, бири бирибизге жугунду төгөбүз дейимби? Эмне дейин айткылачы? Ушундай берешен элбиз. Берешендигибизди ушундан бил жерибизди тебелетебиз көрүнгөнгө, уран - алтынын каздырабыз, суусун сатып, жерлерибизди ит бекер берип ийебиз дейимби? Же ушундай билимдүү элбиз, мугалимлерибиз "пашти што" бекер иштеп, чоңдорубуздун эки сөзүнүн бири ката, эки тамганы эптештирип окуйт. Анткени министрибиз бир катадан эчтеке болбойт деген, көнө келсе, мектепти контейнерден салып салабыз дейимби? Ушундай чечкиндүү элбиз. Шайлоодо эртеңибизди миң сомго, бир бөтөлкө аракка, бир мүшөк унга сатып жиберебиз дейимби? Бийликке оозу кыйшык болсо да, туугандар отурсун, жарыгы мага тийсин деген жактан алдыга ат салдырбайбыз дейимби же? Диплому бар, билимдүүлөр соодада, таксиде диплому жоктор майлуу - сүттүү орунда десем да болот, баса! Намыстанып, чычалаардан мурун ушул аңга түшкөнгө өзүбүз күнөөлүү экенибизди бир билели! Бири бирибизге шылтап, сөөмөй менен кезеп, сен күнөөлүсүң дээрден мурун ар бирибиз күзгүгө бир каранып, кеп башкада эмес өзүбүздө экенин аңдайлы. Сенин, менин да бүгүнкү күнгө салымыбыз чоң! Элге " сопляк " көрүнүп атсак, ошондой бардыр! Чычалап не кажет? Балким чындыкты айткан үчүн чычалап, жарабызга оор тийип аткандыр! Качан гана күчтүү мамлекет болуп, ынтымагыбыз бекем болгондо эч ким бизге өйдө карап, бутун сүртө албайт! Болбосо, бул шылдыңдын башы эле. Ойгонбосок, дагы далай тебелейт. #жөнэлеойлор
Загрузка...
9927  
16.10.2019 Frunze, Bishkek, Kyrgyzstan
СУУ МЕНЕН КОП ООРУДАН АЙЫГЫП, АРЫКТАСА БОЛОТ!!! . Биздин организмибиздин 2/3 бөлүгү суудан турат. Күн сайын дем алуубузга эле 2-3 стакан суу өзүнөн-өзү сарпталып жок болот. Ден соолуктун чың болушу жана теринин эрте картайбашы үчүн окумуштуулар ар бир адамга күн сайын 6-8 стакан суу ичип турууну сунушташат. Дарылыгы Заманбап жашоодо сууну эртең менен эрте туруп ачкарын ичсе дарычылыгы болору көпчүлүккө белгилүү. Суунун дарылык касиети бар экендиги илимий изилдөөдө да далилденди. Белгилүү болгондой, суу менен коп ооруларды алдын алып, айыктырууга болот. Эртең менен ойгонор замат бир стакан сууну ачкарын ичиңиз. Андан кийин тишти жууңуз. Бирок 30 мүнөткө чейин эч нерсе ичип-жебеңиз. Жарым сааттан соң кадимкидей тамактаныңыз. Жашооңуздагы бузулгус эрежеге айлантып коюңуз. Арыктагыңыз келсе... Сиз өзүңүздү ачка сезген учурларда, чындыгында, ачка эмес, суусап жаткан болушуңуз да ыктымал. Бирок сиз аны сезбестен, "ачкамын" деп ойлоп тамактанасыз. Ошондуктан, алгач суу гана ичиңиз. Эгерде ачкалык өтүп кетсе, демек, чын эле суусап жаткансыз. Бул ыкма арыктагысы келгендер үчүн жакшы. Анткени, суу ичип курсагы ачканын сезбей калат да, тамакты аз иче баштайт. Тери жаш, сулуу болуш үчүн... Сууну күн сайын жетиштүү ичүү терини дайыма суу менен камсыздап, анын серпилгичтигин жоготпойт. Демек, бырыш эрте түшпөйт. Суу организмдеги ар кандай уулуу заттарды (токсиндер) айдап чыгарат. Ал эми суу жетишпесе, дал ошол уулуу заттар организмге чогула берет да, акырында алар тери аркылуу чыгууга аракет кылышат. Мунун натыйжасы безеткиге, экземага алып келет. Ден соолугунуз чын болсун! #полезныйпост #вода #будьтездоровы