сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
9954  
21.12.2019
"Каргадан карга чыгат каркылдаган. Жакшыдан жакшы чыгат жаркылдаган". Апамдын эң көп кайталаган сөзү. Бийликке барса балдарыбыз бийик учат. Ак куу, шумкар болот деп күткөнүбүз менен өзүбүздүн каргалык жаратышыбызды кантебиз? Бийликтегилер качан оңолот дейбиз. Бийлик коомдун күзгүсү экенин моюндоо кыйын бирок. Сен, мен табиялаган балдар, кыздар отурат. Бирөөбүздүн бир тууганы, баласы, агасы, эжесидир. Күзгүдөн түрү суук көрүнгүң келбесе алгач кейпиңди оңдойсуң. Калк арасында алдым - жуттумдар жоголмоюн ачкалар, кулкуну кернейлер келет ылайым. Биз тое элекпиз. Биз жаңы жашоого даярбызбы? Биз өзгөрдүкпү бийлик өзгөрсүн? Акчалуулар келет дагы. Ачкалар миң сомго сатат келечекти. Саткыла, бирок эртең "Эмнеге ушундай бийлик келди? Качан оңолобуз? " суроосун бергенге акыңар жок. Азыркы адилетсиздик кечээки кылганыбыздын акыбети. Биз бүгүнкү бийликке, жарды жашообузга татыктуубуз. Ыйлап, наалыгандан майнап жок экен, коррроче! Абалды кабыл алып, моюндап, кемчилигибизди сезип, өзүбүздү кемирбей, кечирип, бир силкинип алып, анан жашообузду уланталы! Оңолууга далалалтты өңубүздөн баштап дегендей...Не дедиңер, каражандар?
9952   144
17.04.2020
Биздин министрликтин алдындагы бул көйкөлгөн сулуу гүлдөрдөн баарыңыздарга салам. Жумуштан чыгып келе жатсам таажыларын дилдиретип, жалбырактарын жаңсап өздөрүнө чакырып алышты. “Баары жакшы. Буюрса, мындан да жакшы болот. Жолугушуубузга аз калды. Силерден сабыр, бизден ак бата” деп ишаралагансып жаздын жагымдуу шамалына эркелей ыргалышат. “Балким, ушундай гүлдөрдүн суктанткан сулуулугу, жыпар жыты тигил вирустун эң чоң душманы, бузуп өтө алгыс чебидир!” деген ой көөдөнүмдө шам болуп жанып, көңүлүмдү көкөлөттү... Бүгүн күн да сонун ысыды.Адистер вирус ысыкка туруштук бере албайт дейт. Буга чейин кыйлага созулган жамгыр аркылуу Жараткан бүт кыргыз жерин дезинфекциялап берген эле. Төгүлгөн нөшөр, жаркырап тийген күн, жайнап ачылган гүлдөр, тазарган аба, бараалына келген көктөм... Мунун баарын жакшылыкка жоруйлу . Буюрса, бурулуш күндөр башталды. Келген "конокту" эч качан кайтып келбегендей кылып узатуу насип этсин элибизге. Аз калды. Чыдайлы! Анан, аманчылык болсо, түлөө кылабыз. НК, 17-апрель, 2020-жыл
Загрузка...