сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
2745   90
10.03.2020
Кимдин баласысың? Көчөдөн жолуккан ар бир адамга салам айтканда алик алгандан кийинки суроосу ушундай болор эле бала кезде, мурунду шуу тартып ТОКТОГУЛДУН баласымын дээр элем сыймыктанып, аа түзүк, жакшы кишинин баласы турбайсыңбы салам айтканды билген, өмүрлүү бол, атаңа ырахмат дешээр эле алкап. Ошол сыймыктануум бала кезден бери жан азык болуп жашап, сизге болгон уулдук сезимимди улуу дүйнөгө жетелеп, азыр өзүм ата болсом дагы акыл насаатыңызга муктаждыгымды туюнтуп келет. АТАКЕ, бүгүн сиздин туулган күнүңүз, КУДАЙЫМ буйруса 73 жаштын тузун татып баштадыңыз, жараткандын марттыгына шүгүр келтирип, өмүрүңүздүн анан менин балалык бактылуулугумдун доору узун болушун суранып келем, бар болуңуз АТА, сиздин уулуңуз болгонум кандай бакыт экенин акылым менен туюп, кайсы жерге барсам дагы аксакалдардын батасын алганда атаңа ырахмат айланайын деген сыймыктуу сөз аркылуу жон терим менен сезип жашап келем, КУДАЙГА шүгүр АТА, сиздин бар экениңиз бакыт, айткан ар бир кеп кеңешиңиз өлчөөсү жок ырыскы, көз карашыңыз дөөлөт, АПАМ менен тең карып жаманатты жоругубузду укпай кылым жашаңыздар, КУДАЙ буйруса калган куттуктоомду эртең жаныңызга барып айтам, туулган күнүңүз менен АТАКЕМ!!! #дөөлөтүм_атам ♥
8050   244
13.03.2020
Мага окшоп болгон жанга боор тартып, бырылдап ыйлай берет. Жан балам жушак жүрөгүң таштай сезими жок турмушка чыдаар бекен деп санаам тынбайт. Көз жашымды, же алсыздыгымды көрсөткөндөн чочуркайм. Көзүмдүн тамчысы балалык назик жан дүйнөсүн миң чачыратып, заманасын кууруп жиберет. Ыйлагым келсе, ал уктагандан кийин бышактайм. Анын көзүндө бактылуу, жайнап турган, күчтүү аял катары калгым келет. Балалыгын эстегенде кайраттуу, жашоого күлө караган эне тартылсын. Атасы да ал үчүн болуп көрбөгөндөй күчтүү каарман. Анын орусча адабий сүйлөгөнүн, акылдуу ой жүгүрткөнүн, ал тургай ал жасаган мимиканы кошо жасап, туурайт. Эки сөзүнүн бири атасы кандай акылдуу жана баардык суроонун жообу анда экенинде. Атасын айтканда көздөрү жайнап, толкундана түшөт. Мен болушунча шыкактап, баламдын ар бир сөзүн кубаттайм. Анын жомогун, укмуш элестерине чаң жугузгум келбейт. Кастарлап, көлөкө түшүрбөй, кайтарам. Напназик, жупжумшак жүрөгүңдүн, таптаза, кир жуга элек жан дүйнөңдүн кароолчусумун балам. Бул кылганым канчалык туура билбейм! Кир дүйнөгө балким туруктуу кылып тарбиялоом кажеттир, бирок кайсы эне өз баласына чаңды, ылайды ыраа көрсүн?! Таза дүйнө кир дүйнөнү тундуруп, жумшактык катуулукту жеңет дейм. Ошого ишенгим келет. Болбосо, энелер согушка даярдагандай балдарын зөөкүр тарбиялай берсе, дүйнөнүн сулуулугу кетип, Жер шаары огунан чыкмактыр. Энелигим сени адам кылып тарбиялап, мыктыдардын катарын толуктаткысы келет. Багытың түз болсун, уулум. ♥ #жөнэлеойло
Загрузка...