803
20.11.2019
НАН менен СЕП
90-жылдары буудай талаасынан чала күйгөн буудайдын башын болсо да ун кылып жедик. Жүгөрүнүн унун тартып загара нан жедик. Ага чейин талаада чачылып жаткан буудайды эч ким карабаган заман эле. Чакалап койго да, малга да, тоокко да чачылып жаткан буудайды бир заматта таппай калдык.
Эскиден дасторкон бетине көп нан койот элек. Анткени адамдар узак жолдон ат менен келет эле. Кайра жол тартып үйгө жеткенге чейин нандан алып жеп кетсин деп, таңкыс болгон нанды коногуна карматканы бабалардын айкөлдүгү эле. Нан түгөнүп кайра жапканга чейин коңшудан бир нан алып турчубуз. Апам нан жапса, жанагы алган нанды кайра кайтарып жатып бир токоч кошо алып кирип, рахмат айтып чыгат элек... Бүгүн коңшу коңшудан нан сурабайт. Дасторконунда катып баратса да кошунага, бей-бечарага таратып коюунун ордуна короодогу мал-коюна берип жаткан адамдар да жок эмес.
Тойдогу дасторкондогу нандардын көп болушу мурдагы замандагы адамдардын муктаждыгынан улам болгон.
Бүгүн бир адам бир отурганда бир сындырым нан жейт. Он адам отурган столго көп болсо төрт нан жетет. Бүгүнкүдөй адам башына бирден нан коюу туура эмес..... СЕП ТӨШӨК
Мурдалары көп тигилгенинин себеби, ал кезде коноктун баары үйгө келип, үйдө жатып кетишет эле. Бүгүн меймандар ресторандан кайтып, кайра унаасы менен үйүнө кетип жатышат жана көп төшөк сепке берүүнүн муктаждыгы жок.
Иштетилбеген буюмду берип квартирага же талаага кууп салбай, ошонун баарына балдарга үй салып бергенибиз дурус болот... СЕПТҮҮ КЕЛИН КАРАБАЙ,
ЭПТҮҮ КЕЛИН-ЭСТҮҮ КЕЛИН КАРАГАНЫБЫЗ ДУРУС БОЛОТ
20.11.2019 ИДРИС АКЫН