Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3297   240
01.06.2020
БАРАКЧАМА АДАШЫП БАШ БАККАНДАР! "атаңын жашына жеткенде акыл айт" - деп сүйлөгөндөр пайда болду.😊😔😊 Атам да 35 жашында акыл айткан экен. Мен демек атамдын ошол жашына жетиптирмин. Анын үстүнө "достор" - деп кайрылып макала жазам. Досмун-дегениң оку, дос эместериң акыл айтпай ары чыгып кете бергиле. Мен да интернеттен өзүмө керек инсандар менен достошом, калганынан өчүрүп чыгып кетем... Интернетте менден: -сабак өтүп туруңуз - деп суранган окурмандар үчүн гана кирем, болбосо эмне зарыл өзөгүңдү өрттөгөн өзгөнүн жаман сөзүн угуп! Жаштарга акылды сен айтпасанэң, мен айтпасам, анан ким айтат! Баарыбыз интернеттен ушакташып эле отура берели анда! Жеген тамак менен кийген кийимди көргөзүп, кылыктангандардын кылыгына карап жата берелиби? 😔😔😔 Кыскасы, менин макала же сабактарымды "ДОСМУН" дегендер окугула, калгандар подпискаман чыгып кете бергиле, көзүм учуп жаткан жери жок!!!
4950   230
26.06.2020
ЧЫНЫГЫ БААТЫРЛАР Баатырды "баатыр" деп айткан менен, чыныгы баатырлар КЕЛИНДЕР болот. Анткени келин болуп келген жерине бир айга же бир жылга эмес, бир өмүргө даярмын деп, чоң үмүт жана ишеним келет... -Жолдошунун гана эмес, анын туугандарынын баарынын мүнөзүнө чыдап, көңүлүн тапканга аракет кылган КЕЛИН. -Өзүнүн каалоосун кайын журттун кабылдоосу жана колдоосу болсо гана ишке ашыра алган КЕЛИН. -Арманын ичке жутуп, тишинин агын көрсөтүп жылмайып жүргөн КЕЛИН. -Өзгө жерде өз бакытын баласынын күлкүсүнөн издеп тапкан КЕЛИН. -Жаңы баш кошкондон кийин эки жыл аралыгында төрөбөй калса төбөсүнөн муздак суу куюлгандай жаман сөздү угуп чыдаган КЕЛИН. -Жалаң кыз төрөгөндүгү үчүн кайын журттан каккы жеген КЕЛИН. -Төрөгөн баласы майып болсо, Кудайдын берген сыноосу деп, ага да чыдаган КЕЛИН. -Майып төрөгөн бала үчүн жолдошу таштап кетсе да, жолдошун тандабай, колдогусун тандап, баласы үчүн баарына даяр болгон КЕЛИН. -Ачууга алдырып кол көтөргөн күйөөнүн кылыгына чыдап, арманын ичине жутуп жок кылып салган КЕЛИН. -Талаалап иштеп акча таап, үй-бүлөнү терметип жаткан КЕЛИН. -Күйөөсү калып, кайын эне-кайын атанын да келтегин жеген КЕЛИН. -Сапарга кетип келбей жүргөн жолдошун чыдамсыздык менен күтүп, чыдаган КЕЛИН. -Жакшы ниет менен айткан сөзү үчүн уруш уккан КЕЛИН -Чарчап уктап калгандыгы үчүн чачынан тартылып токмоктолгон КЕЛИН. -Эрден чыгып келген кайын эжеси жана кайын сиңдисинин да кылыгына чыдап, сөз кайтара албай, аларга да тамак бышырып, идишин жууган КЕЛИН. -Ооруп калса төркүнүнө барып дабааланган КЕЛИН. -Күйөөсү кет десе да, балдарым жетим болбосун деп, үй-бүлөнү кармап турган КЕЛИН... БУЛ МАКАЛАНЫ ЧЫНЫГЫ "КЕЛИН" ДЕГЕН НААМГА ТАТЫКТУУЛАР ҮЧҮН ЖАЗДЫМ. БААРДЫК КЕЛИНДЕР КОШУЛА АЛБАЙТ. УРМАТТУУ КАЙЫН ЭНЕЛЕР "КЕЛИНИҢ ЖАМАН БОЛСО БАЛАҢДАН КӨР" ДЕГЕН КЕПТИ УНУТПАСАК БОЛГОНУ... КЕРЕКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫК ЧЫГАРАЛЫ. ҮЙ-БҮЛӨЛӨР БУЗУЛБАСЫН. БҮГҮН БИРӨӨНҮН ҮЙҮ ӨРТТӨНҮП ЖАТСА ЧУРКАП БАРЫП САКТАЙБЫЗ, БИРОК БИРӨӨНҮН ҮЙ-БҮЛӨСҮ БУЗУЛСА САКТАБАЙ ЖАТАБЫЗ.... Бүгүнчө ушул, комментарийде урушуп кетпеңиздер сураныч... Идрис Айитбаев
2381   154
26.06.2020
СОЦБАРАКЧАДА СОГУШКАН БААТЫРЛАРГА Мегин жазган макаламдын баарын ЭРКЕКТЕР үчүн жазам. ЖАШТАР үчүн жазам. Баарына бирдей көңүл буруп, коомдун көйгөйүнө көңүл буруп келем. Окурмандардын арасында менин дарегиме акарат сөздөр айткан адамдап алтөө болс, алкыш айткандар 60,акарат айткандар 60 болсо, алкыш айткандар 600 киши. 60 кишиден жаман сөз уксам да, 600 киши үчүн макала жазып келем. Макала жазбай өзүм менен калгым келет. Башканын жаман сөзүн угуп мага эмне заарыл. Бирок инстаграмда бирөөлөр жеген тамагын салып, бирөөлөр жарым жылаңач бийлегенин салып, көпчүлүккө руханий азык бере албай жатабыз. Битке өчөшүп көйнөгүмдү өрттөй албайм. Макаланын таасиринде бактылуу жашаган кишилердин берген батаасы гана мени интернетте кармап турат. Болбосо эчак эле соцтармактан чыгып кетмекмин... Керегин алгыла, каргабагыла... Чаяндан бетер чага турган, айбандын иши менен алек болгон адамдар оңолсо экен😞😞😞 Атың жаман болсо - дарманың кетет. Аялың жаман болсо - мейманың кетет. Өзүң жаман болсоң - ыйманың кетет. Уулуң жаман болсо -жыйганың кетет Идрис Айитбаев
Загрузка...
2645   91
09.06.2020
БҮГҮН ОКУП, БИЛГЕНИМДИ БӨЛҮШТҮМ Көпөлөк канчалык сулуу болсо да, барибир ал курт-кумарскалар тобуна кирет. Кактус канчалык ийнеси менен коркунучтуу же копол болбосун, барибир ал гүл. Адамдардын аты же сырткы көрүнүшүн карап эмес, балким адамгерчилигине, адеп-ахлагына, мамилесине карап чечим чыгарыңыз. *** "Чет тилин билбеген кыйналат" - деп отуруп, балдарыбызга бардык чет тилди үйрөтүп жатабыз. Адамдын тилин үйрөнгөн менен, Алланын тилин үйрөнүүнү унуттук. Арап тилин үйрөнүп, Алланын Курандагы бизге айтканын үйрөнгөнүбүздө, аалам жана адамдар бузулбайт эле... *** Кидир бирөөнү сулуулугу үчүн жакшы көрсөңүз, бул сүйүү эмес, кумарлануу. Кимдир бирөөнү билими үчүн жакшы көрсөңүз, бул махабат эмес, таң калуу. Кимдир бирөөнү байлыгы үчүн жакшы көрсөңүз, бул дагы махабат эмес, балким байлыкка өчөшүү. Кимдир бирөөнү жакшы болгондугу үчүн жакшы көрсөңүз, бул дагы сүйүү эмес, балким сезимдериңиздин ыраазычылыгы. Жакшы көргөн кишиңизди эмне үчүн жакшы көргөнүңүздү билбесеңиз, мына ушул ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ. 😊😊😊 *** Баракчаңыздан "поделиться", "share" баскычтарын басып, бөлүшүп жаткан нерселер жакшылыктар болсо, анда ар бирине садаканын сообу берилет. "нравится", "like" баскычын басканыңыз адамдын көңүлүнө кубаныч алып келет жана ага да садаканын сообу берилет, буюрса. "комментарий", "comment" баскычын басып пикир калтыруудан мурда ар бир сөзүңүздү Аллах күзөтүп жатканын унутпаңыз. Кыскасы, интернеттеги ар бир аракетиңизди Аллах күзөтүп, периштелер жазып жатканын унутпаңыз. Эч ким көрбөйт - деп, эси жоктук кыла бербеңиз! МЫНА УШУНДАЙ, ДОСТОР 😊👌😊 ПАЙДАҢАРГА ЖАРАСА БОЛДУ. Бардык жерде тездикти ашырбоого чакырылат. Атайын радар менен көзөмөлдөп турушат. Бир гана Аллахка болгон сүйүүнүн жолуна радар коюлбайт. Куранда Кудайга шашылгыла деп буйрук берет. Демек Аллахты сүйүүгө шашылыңыз. Канчалык тез болсо, ошончолук жакшы... Идрис акын
2900   87
12.05.2020
30 күндө 30 сабак 19-күн ОН ТОГУЗ МҮНӨТ ОЙЛОНОЛУ ИЛГЭЭРКИ АКЕЛЕР жана жеңелер Мурда АКЕЛЕР ҮЙЛӨНГӨНДӨ келин көргөнү апабызды ээрчип барат элек. Барганда жеңе ийилип салам салып, колуңа жүз аарчуу же оюнчук белек кылат эле. Мурдуң агып жатса да жеңең берген жүз аарчууну колдонбой жеңиң менен мурдубузду эки жакка шыбап аарчып алчубуз. 😁Жеңең берген платочканы бир ай кырын бузбай көрүнгөнгө мактанып жүрүчүбүз... Кийин акеңдин үйүнө барсаң жеңең дайым "келиңиз эй бала" - деп сыйлап, төшөк салып, заматта дасторкон, чай-нан келтирип калчу.... Ошону көрүп чоңойоор замат "мен да үйлөнөм" - дедик. Көп жаштар үйлөндүк, тойдун эртеси да болду. Үйгө мейман келсе баягыдай сыйлап салам берген, дасторкон салган, мейманды кубанткан, тууганды кадырлаган КЕЛИН жок. Өзүң төшөк салып, өзүң тамак кылып каласың, туугандарың келип жатса кадимкидей жалынасың "мени уят кылбай жакшы күзөтөлү" - деп, кабагыңды салба, катуу сүйлөбөй сылык болуп тур кеткиче-деп.... Көрсө кептин баары биз барганда жеңени тарбиялап турган АКЕЛЕРДЕ экен. Акелер аялдарын тарбиялап, багыт берип, колдоп - кубаттап турган экен. АКЕЛЕР АКЫЛДУУ БОЛУШКАН ЭКЕН. ҮЙ-БҮЛӨНҮ АКЕЛЕР БАШКАРГАН ЭКЕН. ЖООПКЕРЧИЛИК ТИЗГИНИН АКЕЛЕР ТУТКАН ЭКЕН. АЗЫР БОЛСО КУРСАКТАРЫ КУДАЙЫ, АЯЛДАРЫ КЫБЛАСЫ БОЛГОН ЭРКЕКТЕР АРБЫП БАРАТЫПТЫР... КИМДИН КИМГЕ ЭРГЕ ТИЙГЕНИН БИЛҮҮ КЫЙЫН... Өрнөктү интернетттен эмес айланаңда жашап жаткан жакшы адамдардан алалы, илгерки акелердей бололу. Ата-энеден таалим-тарбия албай, телефон менен жашаган жаштардын үй-бүлөсү үч жылдан ашпай жаткандай, Аллах сактасын... УРМАТТУУ АТА-ЭНЕЛЕР!!! Кыйшайган даракты түздөбөй туруп, анын көлөкөсүн түздөгөндөн эмне пайда... Тегиңди сактаймын десең - УУЛУҢДУ улутуңду сактаймын десең - КЫЗЫҢДЫ ТАРБИЯЛА!!!... (карантиндеги кайрымдуулук иштеринде аялын бала-чакасын таштап салган эркектерге жана бойдокторго сабак болсун. Кийинкиде сабыры жок жана кадыры жок болуп бараткан кыз-келиндерге да сабак өтөбүз) комментарийге сөгүнүп жатып калбай, жөн гана керектүү тарбия алыңыздар,достор. Антпесем күн сайын оолуялар, ыйлай турген жерген күлүп келген келесоолор көбөйүп баратат... 12.05.20 Идрис акын
3530   85
11.05.2020
ЖАНЫМ КАШАЙЫП КЕТТИ 😔😔😥😥🤐 Абалына шүгүр келтире албаган адамдар көбөйүп кеттик... Нанкөрлүктүн, наадандык кесепети өзүңөн ашып өзгөгө жана өлкөңө тиет... Адамга эң туура таратылган нерсе акыл болсо керек. Себеби эч ким өз акылына нааразы эмес... Кылба-десе кылып, кыл-десе кылбаган акылы жок коомго айланып баратабыз... Китеп окубаган адамдын тамга тааныбаган адамдан айырмасы жок... Бийликтин бети жок, анткени элдин эси жок. Элине жараша бийи болот. Эсиңе кел элим, эсиңе... Өзгөрөлүчү батыраак, баары бизден, бийликтен эмес. Анткени аларды да биз шайладык😔 Бийликке акчасын чачып баргандар, чачканын кайра чогултуу менен убара болушат... Мени шайласаңар момундай иштерди аткарам-дегендер, шайлабасак да аткара бергиле! Шайлабасак аткарбайт экенсиң, демек сен чыныгы ПАТРИОТ эмессиң. Мекенге кызмат кылуу үчүн сөзсүз түрдө ДЕПУТАТ болуп ак үйгө баруу шарт эмес.... Мени шайлап койгула деп мээңди жегенге добуш бербей, эл өзү ишеним арткан кишини алып чыгып иштетүү керек... Партияны-парламентти ойлобой, элди-жерди ойлоо керек. Бир эле элим деп келип, элүү партияга бөлүнүп алуунун кимге кереги бар. Бир өлкөнү беш тарапка тартып талкалабай, бир тарапка багыттуу тартып алдыга жылуу керек болчу... Парламенттеги партада уктагандар, талкуулаган маселеси барган сайын садиктин ызы-чуусуна же ушакчылардын гыйбатына айланып бараткан башчылар... Сөздөн ишке өтүү керек....... Көрүнгөндөн карыз сураган тилемчиликти токтотуу керек. Мамлекеттик мүлктү 40 жылга берип, креслодон кетпечүдөй же өмүрдөн өлбөчүдөй жашаганына таң каласың... Ала-Тоонун абалы айыл өкмөттөн көрүнүп турат. Короосуна канааттанбай көчөнү кошуп, коңшунун жерине кирип кеткен кишини тартипке чакыра албаган айыл өкмөт башчысы... көчөгө суу, жарык, жол, көпүрөнү карапайым калк, мигрант аткарат, анын лентасын айыл өкмөт кесет.... Чындыкты сүйлөгөн чыркырап кала берет, куйтуланган креслого бара берет... жаңыдан чек алсаң да, чегараңды белгилеп, коргонуңду тосуп тынч уктаганга аракет кыласың. Мамлекеттин чегарасын чечип алып, тосуп алып анан КҮНДӨ ШАЙЛОО, КҮНДӨ РЕФЕРЕНДУМ, КҮНДӨ МИТИНГ - ПИКЕТ кылгыла!!! 😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥 Баягы баягы, койчумандын таягы... ЖАҢЫЛЫК КӨРГҮМ КЕЛБЕЙ КАЛДЫ!