Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
6424   83
26.05.2020
Карантин көзүбүздү ачса экен!!! Тазалык ыймандын жарымы. Тазалык болмоюнча ыйман да толук болбойт эмеспи. Карантин же пандемия бизден тазалыкты талап кылып жатат. Карантинге чейин Кудай да тазалыкты ар дайым пендесинен талап кылып келет. Бирок биз адамдар Алланын кулу эмес, тескерисинче напсинин кулу болуп бараткан экенбиз. Раббисин унутуп роборт сыяктуу жашап жаткан адамдар эми ойлонуп калдык. Жөп-жөнөкөй кол жуунун өзүндөгү адепти унутуп калдык эле. Ар бир аракеттен кийин колду тазалоого кылдат мамиле жасайбыз. Ашказанга кирүүчү тамак албетте колдун жардамында болот эмеспи. Азыр баарыбыз тамактан мурда жана кийин колду тазалап жууга абдан көңүл бурабыз. Ал эми муну Пайгамбарыбыз Саллаллахи Алайхи Васаллам бизге 14 кылым мурда эскертти эле… «Убакытым жок», «ишим көп»-деп үйдө отурбаган, үй-бүлөгө көңүл бурбаган адам элек. Көзгө көрүнбөгөн вирус убакытыңды да, ишиңди да карап отурган жок. Эки айдан бери эч жакка кетпей үй-бүлө менен отургузуп койду. Ата-эне катары балдарыбыздын тарбиясы жана билими менен алектенип отурдук. Ата-эне менен маектешүүнүн махабатын байкадык. Күнүмдүк тамак-ашты үнөмдүү жана даамдуу даярдадык. Ысырапка жол бербедик. Акылдуу жандар карантинди үй-бүлөсүнүн бактылуулугуна пайдалана билишти. Тилекке каршы карантинде үй-бүлө менен иши жок, өз билгенин кылып, бир үйдө турса да телефондун же техниканын кулуна айланган маңкурттар да бар экен. Бала менен алектенбей, ПАБИЖИ (атышуу оюну) менен алектенген аталар акылга келсе экен… Интернетте ушак менен убакытын уурдаткандар көп экенбиз. Интернетти интеллект менен колдонбогон көпчүлүктүн арасында АКЫЛДУУ менен АКМАКТЫКТЫН айырмасы калбаптыр. ИНТЕРНЕТТИ ИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН КОЛДОНСОК КАНА ... АТТИҢ... Адептүү макалалар же пикирлер талашып көрүлбөй, ушак-айым аябай популярдулукка жетип жаткан учур... Ушак менен улуулукка жеткендер, адепсиздик менен акча тапкандар пайда болду... (🤔менин сабактарымдын бирөөсүн болсо да бир журналист көрүп калып, коомдук эфирден же сайттардан бере албаганына таң калам кээде... Таанылуу үчүн эмес, жөн гана көбүрөөк адам окуп, пайдаланса дегеним🤔) Идрис акын
6365   37
01.05.2020
30 күндө 30 сабак 8-күн УЛУУЛАРГА Мурдагылар балдарга башынан өткөн жакшы-жаманды, кыйынчылык сыноо заманды сүйлөп берген, биз угуп отурат элек. Азыр жаштарга суйлоп берген аксакал жок....баарына интернет... акты - ак, караны - кара - деп сүйлөгөн кишини "АКСАКАЛ"- деп айтат. Сакалына ак түшкөн кишиге "ЧАЛ" - деп айтылат. Аксакалдар азайып Азыр бизде чалдар көп Мына ошонун айынан Адеби жок балдар көп... Идрис ЖАШТАРГА Карантинде карыяларды, ата-энени, улууну сыйлап, телефондон да көбүрөөк аксакалдын акылын, турмуш тажрыйбасын алалы! Ата-энени нааразы кылып-намазыңдан, орозоңдон, зекетиңден, умраңдан, ажыңдан, садакаңдан сооп таба албайсың. Бакытты башка жактан издебей, ата-энеңдин батаасынан изде... БИР ТУУГАНДАРГА -Акеңди сыйласаң - жеңеңе жакшы мамиле кыл -эжеңди сыйласаң - жездеңди урматта -иниңди сыйласаң - келиниңди жамандаба -карындашыңды сыйласаң - күйө балаңды кадырла... мына ушуларды түшүнбөгөн бир туугандар эки жашты эки жакка бөлүп жатышат... ЭКИ ЖАШКА -Кайын энесинин купулуна толгон келин гана башка келиндерге караганда бактылуу жашайт. Өз энеси мактап турган келинди жаман көргөн күйөө баланын же көзү көр, же акылы анча иштебейт. -Аял менен айтышып жаткан эркек, өзүнүн эркектик касиетин жоготот... -Айтышпаганга үйрөн. Айтышкан эркек барибир аялынан акын болсо да жеңилет. 😊 Айтышып кетсең, кайра кучакташып жатканды үйрөнүү керек. -күйөөңдөн сөз укпайын десең, анын көзүнө, кулагына жана мурдуна этият бол. Көз, кулак жана мурдуна жакпаган нерселерден алыс бол. -күйөөм менин айтканымды кылсын десең, сен да анын ата-энесин жана туугандарын сыйла - жат кылба. Мына ошондо сени башында көтөрүп жашайт... Төмөнкү кишилердин намазы кабыл болбойт экен: -эрдин ачуусуна тийген аялдын -момун шеригине 3 күндөн ашык таарынган кишинин -тынымсыз арак ичкен кишинин -коому жактырбаган имамдын. Хадис НАМАЗ, ОРОЗО, САДАКАДАН ДА ДАРАЖАСЫ УЛУУ БОЛГОН АМАЛ БУЛ- АРАЗДАШКАН АДАМДАРДЫ ЭЛДЕШТИРҮҮ. Хадис ДОСТОР, ДОСТУККА КЫЗМАТ КЫЛАЛЫ. анткени ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ КЫЯНАТКА ЧЕЙИН, ЧЫНЫГЫ ДОСТУК КЫЯМАТКА ЧЕЙИН! Кыргыз-казак достугуна көз тийбесин! Балгынбек агабыз менен Кара-Шородон эстелик сүрөт. Атамдын батасын алып берген унутулгус күн 2019-жыл 17-июль 2020 Идрис акын
6188   26
18.05.2020
30 күндө 30 сабак 24-күн ТУУГАНЧЫЛЫКТЫН БЕРЕКЕСИ Эки нерсенин акыбети инсанга өтө тез берилет. 1. Эгерде тууганчылыкты уласаңар анын берекеси жашооңордо тез байкалат. 2. Эгерде тууганчылыкты үзсөңөр, бой көтөрүп сүйлөсө же зулумдук кылса, ал анын азабын тез эле өз көзү менен көрөт. Тууганчылыкты улаган адамга Аллах Таала 3 белек берет. 1. Өмүрүн узартат 2. Ырыскысын кенен кылат 3. Жаман өлүмдөн сактайт Тууганчылыкты улоо дегенге шарият белгилеп берген бардык туугандар кошулат. Тууганчылыкты улоо Аллах Таалага өтө жагымдуу амал. Үйдөгү адамдар күнөөкөр болсо да алардын ынтымактуулугунан бала-чака жана мал-дүйнөнү көп берет. Ошондуктан сиз карап көрүңүз, канчалаган адамдар намаз окушпайт. Алланын өкүмүнө каршы келген үрп-адаттар менен жүрүшөт. Ошого карабастан, өтө бай жана балдары да көп. Анын себеби алар бири-бири менен ынтымакта жашашат. Күнөөкөр пенделерге да Аллах Таала ушундай белектерин берет.... Идрис акын
6007   50
22.05.2020
30 күндө 30 сабак 29-күн АЙТТЫҢБЫ, ДЕМЕК ЖАСАГЫН! Бүгүн өзүбүзгө сөзүбүз дал келбеген адамдар көбөйүп кеттик. Мындай адамдардын кадыры башка адамдардын алдында да, Алланын алдында да төмөн болуп калат. Момун адам ката иш аткарышы мүмкүн, бирок жалган сүйлөбөйт. АЙТКАНДАРЫ МЕНЕН АТКАРГАНДАРЫ ТӨП КЕЛГЕН АДАМДАРДЫН СӨЗДӨРҮ ТААСИРДҮҮ БОЛОТ!!! Түндү жалаң уйку менен өткөргөн киши тахажжуд намазы тууралуу сүйлөөдөн уялышы керек... Толук намазын аткарбаган киши намаз тууралуу сөз сүйлөбөй турганы дурус... Ийгилик жарата албаган киши башкаларга ийгиликтин сырларын санабаса... Чеккен киши "чекпе", ичкен киши "ичпе" -деп айткан менен, сөзүнүн таасири болбойт... Аллах Таала Ыйык Курандын Сафф сүрөсүнүн 2-3-аяттарында "Оо, ыйман келтиргендер! Эмне үчүн өзүңөр жасабаган иштер тууралуу айтасыңар? Өзүңөр жасабаган иштер жөнүндө сүйлөө - Алланын алдында чоң күнөө!" деген ыйык аятты да туура эмес түшүнүп албашыбыз керек. Бул аятта "өзүңөр аткарбагандарды айтпагыла!" - деп айтылган эмес." Айттыңбы, анда жасабайсыңбы? Айткан нерсесин жасабай коюу Алланын алдында Анын каарын кедтире тургандардын эң чоңу"-жеп айтылып жатат. Башкача айтканда, ыйык аятта айткандарын аткарбаган адамдын эч сүйлөбөй коюусу эмес, сүйлөгөн адам ошол айткандарын аткарганга чындап аракет кылуусу керек экендиги айтылып жатат... Азырети Аннас РА: -Биз өзүбүз баарын талаптагыдадай аткармайынча, башка эч кимди жакшылыкка чакыра албайбызбы?-деп сураганда, Пайгамбарыбыз Саллаллаху Алайхи Васаллам мындай жооп берген: "Жок, андай эмес. Силер буйрук кылынган бардык нерсени аткарбаганыңарга карабастан башка бирөөлөрдү жакшылыкка үндөгүлө. Күнөө иштердин бардыгынан тыйылбасаңар деле башкаларды жамандыктардан кайтарганга аракет кылгыла". Анткени, аткаруу өзүнчө, ал эми аны жеткирүү, айтуу да өзүнчө бир ибадат болуп саналат. Экөөсүн тең орундатпаган эки күнөө, бирөөсүн жасабаган бир күнөө менен таасири жок болуп калат. Жасабаган нерселерди айтышыңар, тагыраак айтканда, айтканыңарды аткарбай коюшуңар Кудай Тааланын азабына дуушар кылып, таасир берүү күчүңөрдү аласыздандырат жана элдин силерге болгон ишенимин жоготот да, айтканыңардын баары "куру сөз" катары бат эле унутулуп калат... Идрис акын
5837   56
24.04.2020
30 күнгө 30 сабак. 1-сабак Президентке жакындоо үчүн, анын жакын адамдары менен жакшы мамиледе болуу абдан маанилүү. Ал эми Аллахка жакындоо үчүн да, Анын жакын-жакшы көргөн адамдары менен жакшы мамиледе болуу керек. Аллахтын жакын жана жакшы көргөн адамдары:жетим-жесирлер, жардылар, мискиндер, мусапырлар, зулум чеккендер жана албетте аалым-оолуялар, устаттар... Бул айда садаканы күчөтүү керек. Бул айда ыйманды бекемдөө керек Бул айда кечирүү керек Бул айда аз уктап, аз жеп, көп окуп, көп ибадатта болуу керек Бул айда Куран жаттоо керек Бул айда ифтар берүү керек Бул айда таарынбоо, урушпоо керек Бул айда берешендикти, жоомарттыкты күчөтүү керек... Байлар бул айда көп садака кылганы үчүн сооп табышат. Эгерде рамазан айы болбогондо кедейлер, байларды жек көрүп калышмак! ООБА, ТУУРА РАМАЗАН ДЕН-СООЛУКТУН КЕПИЛДИГИ!!! БИРОК Орозо ден-соолук үчүн кармалбайт, ОРОЗО ПАРЗ БОЛГОН ҮЧҮН КАРМАЛАТ! Орозо кармап бирок намаз окубагандар бар. Бир парзды аткарып экинчи парзды аткарбай коюу туура эмес. Намазды да чогуу окуйлу! Аллах баарыбыздан ыраазы болсун! 24.04.2020 ИДРИС АКЫН
Загрузка...
4950   230
26.06.2020
ЧЫНЫГЫ БААТЫРЛАР Баатырды "баатыр" деп айткан менен, чыныгы баатырлар КЕЛИНДЕР болот. Анткени келин болуп келген жерине бир айга же бир жылга эмес, бир өмүргө даярмын деп, чоң үмүт жана ишеним келет... -Жолдошунун гана эмес, анын туугандарынын баарынын мүнөзүнө чыдап, көңүлүн тапканга аракет кылган КЕЛИН. -Өзүнүн каалоосун кайын журттун кабылдоосу жана колдоосу болсо гана ишке ашыра алган КЕЛИН. -Арманын ичке жутуп, тишинин агын көрсөтүп жылмайып жүргөн КЕЛИН. -Өзгө жерде өз бакытын баласынын күлкүсүнөн издеп тапкан КЕЛИН. -Жаңы баш кошкондон кийин эки жыл аралыгында төрөбөй калса төбөсүнөн муздак суу куюлгандай жаман сөздү угуп чыдаган КЕЛИН. -Жалаң кыз төрөгөндүгү үчүн кайын журттан каккы жеген КЕЛИН. -Төрөгөн баласы майып болсо, Кудайдын берген сыноосу деп, ага да чыдаган КЕЛИН. -Майып төрөгөн бала үчүн жолдошу таштап кетсе да, жолдошун тандабай, колдогусун тандап, баласы үчүн баарына даяр болгон КЕЛИН. -Ачууга алдырып кол көтөргөн күйөөнүн кылыгына чыдап, арманын ичине жутуп жок кылып салган КЕЛИН. -Талаалап иштеп акча таап, үй-бүлөнү терметип жаткан КЕЛИН. -Күйөөсү калып, кайын эне-кайын атанын да келтегин жеген КЕЛИН. -Сапарга кетип келбей жүргөн жолдошун чыдамсыздык менен күтүп, чыдаган КЕЛИН. -Жакшы ниет менен айткан сөзү үчүн уруш уккан КЕЛИН -Чарчап уктап калгандыгы үчүн чачынан тартылып токмоктолгон КЕЛИН. -Эрден чыгып келген кайын эжеси жана кайын сиңдисинин да кылыгына чыдап, сөз кайтара албай, аларга да тамак бышырып, идишин жууган КЕЛИН. -Ооруп калса төркүнүнө барып дабааланган КЕЛИН. -Күйөөсү кет десе да, балдарым жетим болбосун деп, үй-бүлөнү кармап турган КЕЛИН... БУЛ МАКАЛАНЫ ЧЫНЫГЫ "КЕЛИН" ДЕГЕН НААМГА ТАТЫКТУУЛАР ҮЧҮН ЖАЗДЫМ. БААРДЫК КЕЛИНДЕР КОШУЛА АЛБАЙТ. УРМАТТУУ КАЙЫН ЭНЕЛЕР "КЕЛИНИҢ ЖАМАН БОЛСО БАЛАҢДАН КӨР" ДЕГЕН КЕПТИ УНУТПАСАК БОЛГОНУ... КЕРЕКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫК ЧЫГАРАЛЫ. ҮЙ-БҮЛӨЛӨР БУЗУЛБАСЫН. БҮГҮН БИРӨӨНҮН ҮЙҮ ӨРТТӨНҮП ЖАТСА ЧУРКАП БАРЫП САКТАЙБЫЗ, БИРОК БИРӨӨНҮН ҮЙ-БҮЛӨСҮ БУЗУЛСА САКТАБАЙ ЖАТАБЫЗ.... Бүгүнчө ушул, комментарийде урушуп кетпеңиздер сураныч... Идрис Айитбаев