Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
678  
09.11.2019
ЭЧ КИМГЕ КУЛАК САЛБА!!! Бийик тоого жүздөгөн курбакалар секире баштаса, миңдеген курбакалар эки четте карап турушат. Мелдеш башталар замат тоонун бийиктигин көрүп, эки капталдагы бакалар: "БЕЧАРАЛАР, БАЙКУШТАР, ЖЕТЕ АЛБАЙСЫҢАР!" - деп бакыра башташат. Чындап эле жарым жолдон курбакалар кулай башташат. Баары кулай берип, акырында бир гана курбака бийик чокуга жетет. Башка курбакалардын баары жетип барып: "азаматсың, бир гана сен жеттиң. Кантип жеттиң, сыры эмнеде? "-деп суроо узатат. Баарын карап турган жеңүүчү курбака СӨӨМӨЙҮ МЕНЕН 2 КУЛАГЫН КӨРСӨТҮП, КУЛАГЫ УКПАГАНЫН ТҮШҮНДҮРӨТ. Көрсө ал курбака ДҮЛӨЙ экен. ЖЫЙЫНТЫГЫНДА Баарына кулак сала берсең эч нерсе кыла албайсың. Тескерисинче депрессияга кабылып, психигиң чыгып, эрте эле өлүп каласың. Көздөгөн бийик максатыңа бекем кадамыңды таштап бара бер. Көңүлүңдү калтыра турган бир да сөздү укпа, андайларга ДҮЛӨЙ кейпин кийип ал! Жакшы жашоо кааласаң Жакшы кеңеш - билип ал Көңүл бурбай ар кимге Жинди чалыш болуп ал 09.11.2019 Идрис акын
735   8
07.11.2019
ТЕМИР ТАПКА КЕЛГИЧЕ КӨМҮР БҮТӨТ АДАМ АКЫЛГА КЕЛГИЧЕ ӨМҮР БҮТӨТ. НЕГИЗИ 1.Менин макалаларым мага да жакпайт.. 2.Башымда балакет жок туруп башкаларга акыл айтканым үчүн өзүмдү-өзүм жек көрөм.. 3.Жазган макалаларым үчүн жеке баракчама байланышып кээлери "рахмат" - деп айтса, кээлери "акмак" - деп айтышат... 4.Рахмат-дегендер ыраазы богула, акмак-дегендер кечирип койгула... 5.Силер мени жек көргөндөй мен да өзүмдү өзүм жек көрөм... Сабагымды койбой, башкаларга окшоп жеген тамагымды койсом балким мындай болбойт эле... 6." Акын - элдин уулу" - деп койсо чокчоңдоп, элдин көйгөйүн менин көйгөйүм-деп жаза берип, элдин кыжырына тийип алдым кошойт... 7. Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салаба - дегендей, бизге өчөшүп бир - экөөң башыңды оорутпа... ЖҮРӨК ЖҮКТҮҮ САНДЫК: ЭП КӨРГӨНҮН ДА, ЖЕК КӨРГӨНҮН ДА БАТЫРА БЕРЕТ ЭКЕН. ЖҮРӨГҮҢӨР ООРУБАСЫН. КОШ БОЛГУЛА. БАКЫТКА БАЛКЫП, БИР-БИРИҢ ТАРТЫП ЖАШАЙ БЕРЕЛИ...
Загрузка...
906     4400
01.11.2019
ЭЛ ЭМНЕ ДЕЙТ?! 1. Эл эмне дейт экен? - деген суроону жакшы ишти аткарып бүткөндөн кийинкиге таштап үйрөнөлү. Антпесек, эмне дейт экен- деп отуруп, эч кандай ЖАКШЫЛЫК ЖАСАБАЙ ЖАТАБЫЗ. 2. Ал эми жаман иштерди болсо, тескерисинче: эл эмне дейт, кокуй уят, эл караган жүзүм жерди карап турбасын, "Алланын каарына калбайын, элдин каргышын албайын" - деп, эл менен эсептешип туруу керек. Анткени калк айтса калп айтпайт - деген кеп бар кыргызда. 3. Пикирди ар кимден ук жакшыдан да, жамандан да, достон да, душмандан да, жаштан да, улуудан да, аялдан да, эрден да, бирок ЧЕЧИМДИ ӨЗҮҢ ЧЫГАР. Анткени өзүң үчүн озуң гана жооп бересиң. Эл оозуна элек тутсаң, ар нерсени айта берет. Жаңылбоонун бир гана жолу Жараткандын буйругуна бекем болуу! ЭЛ СУУ БОЛСО, МАМЛЕКЕТ СУУ ҮСТҮНДӨГҮ КАЙЫК. КАЙЫКТЫ СҮЗДҮРГӨН ДАГЫ СУУ, ЧӨКТҮРГӨН ДАГЫ СУУ. Конфуций (Элден уялууну билбеген элиталарга жана элитаны өзү шайлап өкүнүп отурган элге жаздым) 01.11.2019 Идрис акын
773   18
31.10.2019
ОЙЛОНУП ОКУГУЛА! ТАМШАНЫП ТИКТЕГИЛЕ! Ош шаарындагы "УММУ МУХАММАД" медресесинде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн чакан иш чарага катышып келдим. Балдардын ар тараптуу өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруп жаткан устаттарга урматым ашып кайттым. Келчектин аалымдарына батаа берип фото баянга көз салыңыздар, достор.... ------------------------ Атасы: -мен сизге баламды шакирттикке алып келдим Киши: -кечиресиз менин өнөрүм жок. Идриске окшоп акын да эмесмин Атасы: -өнөрүңүз болбосо да мейли. Мен сизди көптөн бери күзөтүп жүрөм. Менин балам сиздин жаныңызда жүрүп, АДАМДАРГА ЖЫЛМАЙЫП КАРАШТЫ ҮЙРӨНСӨ болду... ---------------------------------- Урматтуу ата-энелер, балдарыңарды телефон же техникага байлап бербей, жакшы адамдарга байлап бергиле ---------------------------------- 1 апта үйдө отурбай айылга барып туугандарга эгин жыйнап талаада иштеп келсин, эмгекке тарбиялансын ----------------------------------- 31.10.2019 Идрис акын
635  
30.10.2019
ЖАМАН КӨРБӨЙ, ЖАКШЫЛАП ОЙЛОНОЛУ ЖАЛКООЛОНБОЙ ЭРТЕРЭЭК ОЙГОНОЛУ! Билим алуу мектеп бүткөндөн кийин токтошу мүмкүн, бирок сабак алуу өмүр бою уланат... Университетте окуп жатканда да чоң сумкамын бир четине нан салып барчу элем. Бир аптада бир жолу сумкамдын ичин нандын ушагынан тазалап турчумуп,анткени китептердин арасында ушаланып кетчи кээде... Бугун мектептерде ушул сумканы көтөрүп калган балдар, эртең университетке бир дептер менен сабакка барып жатышат... Оор да болсо айтайын! Бугун партада уктаган балдар, эртең парламентте укташат! Урматтуу ата-энелер, балдардын сумкаларын жана кийим - формаларын көзөмөлгө алыңыздар! Илгери биз ата-энебизден 3 эле учурда: 1-сентябрда, жаңы жылда жана акыркы конгуроодо гана акча алчубуз. Берген акчасынын жарымын ашырып келчүбүз. Азыр жакын жерде жашаган окуучу жок дегенде 20 сом менен келип, сабакта эмес столовойдо тойго келгендей сабак менен иши жок отурат... Мектептен талап кылган формалар, ушул балдар кийип бараткан кийимдерден эки эсе арзан.... Урматтуу ата-энелер 2-чейректен башынан баштайлы анда... Эчтен көрө кеч жакшы! 30.10.2019 Идрис акын
591  
29.10.2019
КЕЛИН КӨЙНӨК (келин фата) Арендага алынган бул кийимди кимдер гана кийбеген... Бул кийим ушинтип сүйрөлүп кай жерлерге чейин кирбеген... Эмнелер гана тамчылап, эмнелер гана тийбеген... Арендасынын өзү паланча сом... Ошол акчага он түрдүү кийим алса болот... КЕЛИН КӨЙНӨК кийдирбесең эрге тийбейм - деп тойду токтотуп койгон кыздарды да укканмын... Келин болуп бара жаткан күндөн баштап жерге этегиң тийип сүйрөлбөсүн, кызым... Өзгө жердеги жашооңду жүдөп баштаба! Салондон чыккандан бери жерди чийип келген кир көйнөктү ак никеңелү ак өргөгө кийип барбагыла кыздар... Ушул кийим менен той кананын дарат канасында курбулары менен жүдөп жаткан көрүнүштү элестетип көр, балким көргөн да чыгаарсын, кызым... Кийимдин жукалыгынын айынан ички кийиминин баары көрүнүп турган бул кийимди алып берген эркекке да таң калам... Өзүңдүн махрамыңды ортого алып, денесин көрсөтүп, карап турба... УЯТЫ ЖОК ДЕГЕНИ - ЫЙМАНЫ ЖОК ДЕГЕН МЕНЕН БАРАБАР! 29.10.2019 Идрис акын
578  
29.10.2019
Бир айдан соң коштошом Адамга эң туура тартылган нерсе АКЫЛ болсо керек. Себеби эч ким өз акылына нааразы эмес... Өрнөк берүү оңой, ӨРНӨК БОЛУУ КЫЙЫН... Соцтармактагы сайттын ээлери, өздөрүн чоң бир телеканалдын директорундай сезишет... Жазган макалаңды көп болсо миң адам окуйт. Миллиондогон элди башкарып жаткандай башкачабыз... Башкаларды артынан сындап атып, ошолордун артында калып кеткенибиз менен ишибиз жок... Адамдын жакшылыгын көрө албаган КӨРЛӨР көбөйүп баратат, аттиң... Бала кездеги үйдөгү ФОТОАЛЬБОМдон өтөрү жок... Ал альбомду жакындар гана көрөт эле. Азыр СОЦБАРАКЧА ошол альбомдун ордун басып, анын ичин иттер да аралап кетти... Бирөөнүн арманын, бирөөнүн жалганын, бирөөнүн тамагын, бирөөнүн сабагын, бирөөнүн көйгөйүн, бирөөнүн көйнөгүн, бирөөнүн ыйын, бирөөнүн сыйын, бирөөнүн тообасын, бирөөнүн модасын... Айтор жакшы менен жамандын ортосунда аралашып калган АКМАК болуп жатабыз... Жакында соц тармак менен коштошом. Баары ушул жакта жүргөнүнөн, аз да болсо пайдалуу макала киритип турайын деп кирген элем. Бул жакта баары акылдуу, артта калып калган адам сыяктуу уяла баштадым. Эсим барда этегимди жыйып кетип калайын... 29.10.2019 Идрис акын