4513 36
18.04.2020
Аталарга айттым... Адептүү 1 ата - 100 мугалимге тең
Адепсиз ата адеп бере албайт, билимсиз эне да билим бере албайт.... Балаңды тарбиялап кыйналба, алгач өзүңдү тарбияла. Анткени балаң барибир сага окшош болот. Куш уясында көргөнүн кылат... Адам РУХ менен ДЕНЕДЕН турат.
Дене тамактан, ал эми рух сабактан энергия алат... Аталар аялдарынан акылдуу, сабырдуу, эрктүү, кечиримдүү, боорукер, берешен, илимдүү, уяттуу, намыстуу, мээнеткеч болмоюнча, аялдар алсыз жана балдар бактысыз кала берет.... Идрис акын