Эльвира Сурабалдиева
@elvirasurab
Эльвира Сурабалдиева

Подписчики: 78488
Посты: 204
Подписки: 78
#Эл өкүлү, Жогорку Кенеш #Депутат Парламента Кыргызской Республики #MP Kyrgyzstan
https://t.me/elvirasur


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
4004   239
11.04.2020
Сокулук районундагы дотационный айыл өкмөттөрдө жашаган жарандарга 14 тонна ун таратып, жардам бердик. Карантин башталгандан бери райондун доктурларына маска алып, дежурный унаа дайындалган. Оор кырдаалда төш каккан жерим жок, бирок суроолорго бир пост менен жооп бергеним. Жардамды алган адамдардын сүрөтүн илгендерди түшүнсөм да, жактырбаймын. Бүгүн бар, эртең жок, оомалуу-төкмөлүү заман дегенди билип, эртеңки күнү сенин сүрөтүңдү жарыяласа сүйүнөөр белең? Баарына чыдап жүргөн, намыскөй калкыбызды 30 жылда ушундай абалга жеткирген мамлекетте күнөө, ошондуктан бийликте отургандарга, бизге, мактана турган иш эмес. Бул илдеттен аман-эсен чыксак экен дегенге тилектешмин. ❤️ P.S. Күн-Туу айыл өкмөтүндө колду самындап жуудуртуп, анан киргизишти. Төш-Булактын постунан маркум атамды да, чоң атамды да көрүп калган байкени жолугуп, бата айтылды. Кызыл-Тууда посттон жаштардын курч суроолоруна жооп берем деп, коронавирус боюнча адиске айландым. Жалпысынан алсак, саясатта элибиз менден кыйын экен). Орокко жеткенчекти эл чогулуп, коронавирус, пенсия, кредиттер, билим берүүдөгү жалпы кардаал боюнча суроолорго кыскача жооп бердим. Калган айыл өкмөттөрү 2-3 биригишип, өздөрү жүктөп алып кетишти, рахмат. Жанымда кызматташып жүргөндөргө ыраазычылык билдиремин эртеден кечке чейин эки күн бою Сокулукту кыдырып чыгышты. Айылдардын постторунда машинабыз дезинфекцияланып, жарандар менен таза абада маектешкенге жетиштик. Карантинде күнүмдүк оокат менен жанын багып жүргөн абдан кыйналды, мамлекет багып албаса, ишке чыгууга уруксат берүүнү суранышты. Аны парламенттин келе жаткан жыйынында баардык эле депутаттар айтабыз. #Барболгула
1179   79
25.03.2020
Урматтуу туугандар! Маршрут баракчасын принтерден басып чыгарбай эле, калемсап менен маалыматты кагазга түшүрсөңүздөр болот. Азыркы кырдаалда принтер жок болсо, кол менен толтурулган кагаздар деле кабыл алынат. Эң негизгиси - маалымат так, даана түшүнүктүү жазылсын. Коммендант #Штаб Уважаемые граждане! Этот маршрутный лист может быть заполнен и от руки - ручкой, карандашом, фломастером. То есть распечатывать текст на принтере не обязательно! Правоохранительные органы с пониманием относятся к тому, что не у всех граждан есть доступ к принтерам. Бумага может быть любого качества, главное чтобы было понятно - фио, дата, куда, когда зачем и тд как в тексте. #Штаб #Коммендант Дата ФИО Тел номер Причины выхода из дома Время выхода Время (ориентировочное) возвращения домой Адрес проживания Место направления/назначения- куда идем
1800   172
23.03.2020
Урматтуу өкмөт! Убагында бир нече депутаттар болуп, мурдакы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин учурунда (мактанып) салынган кыргыз-түрк ооруканасы эмнеге иштебейт? Фучикада жайгашып, бекер турат. Т.Батыралиев болсо, министрликтен кете электе бир нече жеке ооруканаларды ачып, салыктан бошотуп алган. @akipress ээсине тууганчылыгы менен пайдаланып, бекер пиарда. Кайсы каражаттын аркасында салынган оорукана деп эч ким суроо бербейт. Ал эми азыркы оор кырдалда, элдерди карантинге эмес, коронавирустан дарылоого жаткыра тургандай имарат жетишпей жатса- миллиондоп кеткен каражаттын символу эмнеге бош турат?! Иштесин! Биздин куураган доктурларыбызды беткапсыз, атайы кийимсиз кыйнадык, жок дегенде ушундай заманбап оорукананы алардан аябасак- элге да жакмак. Азыр кереги тийбесе, качан колдонобуз? Уважаемое правительство! Зачем с таким пафосом строили и потом долго хвастался наш экс-министр здравоохранения Батыралиев Т. о новой кыргызско-турецкой больнице, если мы ею до сих пор не пользуемся?! Сейчас, в самый разгар эпидемии коронавируса, когда стране так нехватает помещений, а нашим врачам и присесть негде- почему эта больница под замком? https://kaktus.media/doc/391173_bolnica_kyrgyzsko_tyreckoy_dryjby._kogda_ee_otkrout_i_kto_smojet_tam_lechitsia.html https://kg.akipress.org/news:1368920
Загрузка...
1701   59
12.03.2020
Атаң өлсө да, тааныгандары көп жашасын. Фейсбукка Ак-Босого конуштун тургуну Алмаз мырза жазып, бүгүн шаардын мэриясынын өкүлдөрүн чакырдык эле, көйгөйлөрүбүздү талкууда кошо катышып бериңизчи деп кайрылды эле. 2005-жылы маркум атам Жыргалбек Сурабалдиев Түндүк округуна кирген Ак-Босогодон агитациясын баштап, депутат болуп шайланган күндүн эртеси эле эл астына келип батаңарды алам десе, ишенбей койгондору. Азыркыга чейин эсимде, шайлоо күнү бүтүп, атам утуп, эртеси күнү таң атпай “сөз бергем” деп элине кеткен... Ушул Ак-Босого 15-жыл мурда кичине конуш, эми көпчүлүктүн жашаган жерине айланыптыр. Сессиядан суранып, жолугушуусуна барып калдым. Мэриядан архитектурада, транспорт бөлүмдөрүнөн, шаардык кеңештин депутаты менен биргелешип маселелепди талкууладык. Буга чейин 2 км жолдун асфальтын мэрия, акимиат бюджетте пландаштырып коюптур, буюрса чечилет. Жолдун начарлап кеткенинен, буга чейин каттап, кийин токтотулган маршрут айдоочуларынын суроолору да көзөмөлгө алынды. Атаңыздын көпүрөсү азыркыга чейин колдонууда десе, маркум атамдын эмгегин эстеп жүргөндөрүнө ыраазы болуп, апама атабыздын мээнети текке кетпептир деп айтып жеткирдим. Апакем жылмайып, арбагында ыраазы болсун деп сүйүнүп калган жери.. Сүрөттөгү жүрөгү ачык, бат ачууланып, бирок бат жазылып кеткен жаранларыбыз, деги жалпы элибиз- #барболгула! 😘 P.S. Таланттар элден чыгат эмеспи. Тынчтык мырза, байладыңыз ай!) Ак-босого отуз жылда онолбоду эч жери Алмашылды канча башчы, аким менен мэрлери Элим кандай эмне менен алек деп, Элмирадай депутаттар бироо басып келбеди Жолдор болбой маршурт бизге каттабай Жол деп кундо окмот менен мэрияга каттамай Кайра кайра жаза берип каттарды Болду чондор биздин катты жаттамай Башка жаны кечээ тушкон эле конуштар Асфальт кылып кочолорун коюшкан Эмне бизге салган жоксун деп барсан Акчабыз жок билбейм кылып коюшкан Конуп калган жуз жетимиш алтынчы Мурдагыдай кайра журуп калсынчы Асфальт кылып кочобузду тезирээк Аким мэрлер жолубузду салсынчы Ойлонуп коздон жаш тамды Ой, кое турчу башканды Жок дегенде шагыл тогуп бергиле Тажадык биз балчык менен басканды (Ак-Босого. Тынчтыкбек Мырзакулов)
3528   72
07.03.2020
Из интервью в Акипресс #К8марта Помню что в детстве хотела стать хирургом. Правда биологию и химию в школе особо не любила, предпочитая предметы гуманитарного направления. В связи с обстоятельствами наша семья часто переезжала, в итоге я поменяла 4 школы. Приходилось каждый раз заново адаптироваться в новом классе, привыкать к другому окружению. По характеру я человек общительный, поэтому достаточно быстро обрастала новыми друзьями. В школе была ребенком -непоседой, любопытной и, наверное, шумной. Училась хорошо, участвовала в олимпиадах по литературе, и даже занимала призовые места. Мне повезло с родителями, которые воспитывали во мне, в первую очередь, личность и уважение к людям. В воспоминаниях одноклассников скорее всего я осталась веселой и дружелюбной, а моя прямолинейность со мной еще со школьной поры. Помню, с подругами была черта… в школьные времена, когда случалось какое-то недопонимание, то мы садились и обсуждали это. Когда из одной школы в другую переходишь, естественно, без конфликтов не обходиться. Я пыталась отстоять свое мнение. Яркие воспоминания из детства с мамой… помню как пошла в первый класс, а училась я в кыргызских классах. Отец, будучи спортивным тренером, часто уезжал на сборы со своими учениками. Мама оставалась с детьми и ей приходилось помогать мне с домашними заданиями. Мама, когда познакомилась с отцом, плохо говорила на кыргызском, а отец практическм не владел русским языком. И вот когда я делала уроки, и не могла найти перевод какого-то слова, то мама брала меня за руку и обходила соседей, так мы и узнавали перевод. До сих пор, в любой ситуации, мама всегда находит выход, и обращаясь к ней за советом, я знаю, что она находит самые правильные и мудрые решения. Мама очень рано начала работать, зарабатывать на жизнь. Своих детей тоже научила понимать и ценить как свой, так и чужой труд. Еще с подростковых времен мы все были заняты, помогая родителям в семейном бизнесе. Не помню, чтобы мама унывала или жаловалась на что-либо или кого-либо, хотя в своей жизни она многое повидала. (Из интервью в Акипресс) https://kg.akipress.org/news:1601368