Эльвира Сурабалдиева
@elvirasurab
Эльвира Сурабалдиева

Подписчики: 78488
Посты: 204
Подписки: 78
#Эл өкүлү, Жогорку Кенеш #Депутат Парламента Кыргызской Республики #MP Kyrgyzstan
https://t.me/elvirasur


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1504   57
23.02.2020
❤️💚 Ар бир кыз/балабыздын аркасында мекенибизди коргоого ар дайым даяр болгондор бар болсун! #БиздинМамлекет #Патриоттордунсаныкемибесин "- Ата, сиз аскерге барганда, союз убагында «дедовщина» деген бар беле? - Ооба. Жаңы келгендерди эскилер ошентип "тарбиялашчу". Мен аскерге Владивостокко чакырылып калганмын. Жаш болсо да, эркектин мүнөзү ошол жерден билинет. Аркаңда эч ким жок болсо, өзүңө өзүң кана ишенип каласың - тарбиялоо боюнча аскердин күчү зор. Бир жолу тайлар менен мушташып жатып, алар жеңил кутулуп, жалгыз мени күнөөлөп, 1 суткага жабылып калдым. Ичим ачышкандыктан, чыккан күнү эле өчүмдү алам деп, бирөөсүн эртең мененки тизилүүдө сабап, кайрадан 3 суткага жабылып калдым. Анда да токтобой, аягында "бул көк бет кыргызды жөн эле койгула" деп, тийишпей калышкан. Кыргыздардан жалгыз болуп, 1 казак, 2 чечен жигиттер менен бирге достошуп алып, кийинчирээк мусулмандар биригип калдык…» (ФБ 2015). P.S. Союзду сагынып, аябай мактагандарды укканда, атамдын айылдан келип, баштан өткөн аңгемелерин эске салып каламын... Маркум атам Жыргалбек Сурабалдиевдин аскердеги сүрөтү.
3891   140
17.02.2020
Побывала на сходах (отчеты глав МСУ перед населением, активом) в а/о Гавриловка, Сокулук, и города Шопоков Сокулукского района. Молодые главы Гавриловского и Сокулукского а/о используют соцсети в повседневной рабочей деятельности, для обратной связи с жителями. В Шопокове подняли вопросы экологии - третий год идет противостояние госов, местных граждан и очередных владельцев металлургического завода. Контролировать выбросы посредством установления фильтров пообещали и в этот раз. Сходы в айыл окмоту - это вопросы и обсуждение различных тем, волнующие сельчан. Просьбы и пожелания жителей, в зависимости от масштабов проблем, решали на местах. Отдельные темы буду поднимать в ЖК. Желание граждан принимать активное участие в жизни села и города, закономерные требования держать общественный контроль над доходной и расходной частями бюджета. В Шопокове поблагодарила женщину, которая не дает спуску милиции по вопросу поиска исчезнувшей женщины, которая, к слову, является посторонним для нее ливом. Не быть равнодушным - нынче это дорогого стоит. Сокулукский район - крупнейший в Чуйской области, гостеприимный и многонациональный, является местом компактного, но дружного проживания различных этнических групп. Именно поэтому ситуация на границе РК, в Кордае, нашла отклик в сердцах большинства жителей, с пожеланиями соседям скорейшего и мирного решения вопроса. #Барболгула #Сокулук
2165   141
27.01.2020 Жогорку Кенеш Кр
Улуттук Банктын жетекчисине негативдүү кредиттик маалымат (жалпак тилдеги кара тизме) боюнча Жогорку Кеңештен берген суроолорум. Азыркы күндө, кредитти кайра төлөй албай, же кечигип калган жарандарды кара тизмеге 7 жылга киргизишет. Жогорку Кеңештеги коллегаларым 5 жылга чейин кыскартууну сунушташты, мен 3 жылга чейин төмөндөтүү маселесин көтөрдүм. Же бул кара тизменин мөөнөтүн кыскартылса, же кредиттердин проценттерин азайтышса элибизге бир топ жардам болмок. Дагы бир өкүнүчтүү жагдай- үй-бүлө курганга чейин жолдошуңуз кара тизмеге түшүп калса, сиз да ошол кара тизмеге кирип калат экенсиз. На заседании парламента с председателем Национального Банка обсуждали тему негативной кредитной информации, в народе называемый черным списком . На сегодняшний день граждане, не выплатившие вовремя кредиты, заносятся в черный список на 7 лет. И в течении этого времени не могут получить новый. Депутаты Жогорку Кеңеша предложили снизить период до 5 лет, я подняла вопрос об ограничении в 3 года. Необходимо либо сокращать время нахождения граждан в черных списках, а их уже немало, либо уменьшать проценты кредитных ставок. Есть еще одно печальное обстоятельство - если ваша половинка до официального брака оказалась в черном списке, то после создания семьи и вы туда попадаете.
Загрузка...
2029   54
21.12.2019
Туз айылынын активисттери 30 жыл жабык турган маданият үйү ремонттолуп, жаңыдан ачылышына чакырышты. Бийликтегилер кызыл ленталарды кесээрден мурда аземдерди тандашсын деген комментарийлерди интернеттен окуп, маданият тармагына көңүл бурулганы жакшы го деген ой менен барып калдым. Жергиликтүү тургундардын арасында белгилүү ырчылардан кем калбаган таланттардын концертине кол чаап, иш чаранын башында тургандарына айыл башчылыктан ыраазычылык билдирилди. Жакшыны өз убагы менен белгилеп, жаштары аксакалдарын сыйлап, улуулары кичүүлөрүнөн жылуу сөздөрдү аябаган күндүн жакшы мисалы болду. Ошол жерден элдин атынан айтылган эки чоң көйгөлөрдүн аткаруусун көзөмөлгө алдым. Бири Сокулук районунундагы Туз айылынын маңдайындагы жердин маселеси болсо, экинчиси Бишкек баатыр атабыздын шаардагы эстелиги тууралуу. Айылдык туугандарга келе жаткан жаңы жылга жакшы тилектерди айтып, мындан ары да маселелерди биргелешип чечилүүсү улансын деп каалап кеттим. P.S. Парламенттен бир топ суроолорду көтөрүп, аркасында ар кандай кызыкчылыктарды тосуп да каламын. Анан ызы-чуулар башталат. Бирок, ушундай эл менен жолугушуп калган кездерде, маанай ачык, жүрөк тынч, күлүп-жайнаганымда ал санаалардын баары унутулат экен. Ортодо эл тараза болот дегени чын, ой- пикирлерди угуп, кадимкидей күч-кубаттанып кайрылып келемин. #Барболгула
1590   62
08.12.2019
Иштеген аялдар да, эркектер да, алардын арасында жаштарыбыздын жумуш ордундагы асылуулар, опузалоо, куугунтук жана кемсинтүү учурларын талкууга алдык. Эмгек профсоюздарды колдогон Solidarity Center демилгеси менен өткөрүлгөн конференцияда ар кандай тараптар чакырылгандыгы үчүн, иштеген жаштарды коргоо уюмунун көмөктөшкөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык. Кечээ атайы презентацияда, жаштарыбыздын жумуш ордунда кездешкен орой мамиледен баштап, “испытательный срок” (текшерүү мөөнөтү) деген шылтоо менен иштеген акысын жумуш берүүчүлөр төлөбөй койгон учурлар да талкууга алынды. Сексуалдык асылуулардын саны абдан көп экендигин билсем да, студенттердин, жаш кыздарыбыздын үн чыгарып, өздөрүн коргой албаган учурларды угуп, сексуалдык асылууларды азайтууга багытталган мыйзамдын зарылчылыгын катышкан тараптардын баардыгы белгилеп кетишти. Таксиге отурган кыздар, мамлекеттик жана жеке ишканаларда иштеген кыз-келиндердин калоолоруна каршы экендигин билсе да, токтобогон коллега/жетекчилерди тарбиялоо келек. Изилдөөлөрдүн натыйжалары өкүнүчтүү- ар бир бешинчи студент, ар бир үчүнчү иштеген аялдардын көңүлдөрүн ооруткан окуялар, тууган-жолдошторуна “эл эмне дейт/жаман сөзгө жыгыламын” айтпаган учурлар. Жумуш ордунда официант кызыбыз да, жаш адис жигитибиз да, жалгыз бой энелер да, үй-бүлөлүү жарандарыбызды мамлекет тарабынан коргоо бар экендигин сезип, тынч иштеш керек. #Барболгула
2718  
07.12.2019 Жогорку Кенеш Кр
В Екатеринбурге сотрудник ППС при задержании застрелил кыргызстанца. По данным российских СМИ, инцидент произошел в 6 утра 24 ноября. Сотрудники патрульно-постовой службы (ППС) задержали Качкына по подозрению в хранении наркотиков. Когда правоохранители попытались отвести его на освидетельствование, он попытался сбежать. http://www.turmush.kg/ru/news:1583732 Качкынбек Тажиев- Екатеринбургда иштеп, оокатын кылып жылып миңдеген жарандарыбыздын бири эле. Ушул жигиттин өлүмүнө ата-энеси бекер шекетенишкен жок деп ойлоймун. Буга чейин, 27.11.2019 комитеттин отурумунда, кыргыздандыктар ЕАЭСтин орустар койгон 100000 рубль лимитинен кыйналып, акчаларын чогултуп биздин жарандар аркылуу Бишкекке жөнөтүү аракеттери жөнүндө айттым эле. Качкынбек ошондой “курьерлердин” бири болуп калса, кылмышкерлердин колунан өлтүрүлдү деген маалымат текшерилиш керек. Бул жерден болсо маркумду жаман аттуу кылып, бангизат менен кармалды дегендиги абдан туура эмес. Биздин ал жердеги элчилигибиз, Екатеринбургдагы консулдарыбыз маалыматты тактап, текшерип, кылмыш иши менен таанышып, ата-энесине жооп беришсин.
3205  
30.11.2019
Бүгүн маркум атам - Жыргалбек Сурабалдиевдин жаркын элесин эскерген күн болду. Республикалык турнирдин уюштуруучуларына - шаардык спорт комитетине, Дзюдо Федерациясына ыраазычылык билдирип, жаш муун уул-кыздарыбызга мелдештин ачык-айкын өткөрүлүшүнө, келечектеги ийгиликтерге тилектеш болдум. Жогорку Кеңештен кесиптешибиз Таалайбек Масабиров, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана башка коноктордон жакшы калоо-тилектер айтылып, турнирдин ачылышы өттү. Горкомспорт и Федерация Дзюдо КР, согласно календарному плану, проводят Республиканский турнир по дзюдо памяти Заслуженого тренера КР, первого президента Национальной Федерации Дзюдо КР Жыргалбека Сурабалдиева. Участникам соревнований - молодым юношам и девушкам, приехавшим со всей страны, пожелали успешных соревнований и олимпийских достижений. ❤️💚⭐️✊