Эльвира Сурабалдиева
@elvirasurab
Эльвира Сурабалдиева

Подписчики: 78488
Посты: 204
Подписки: 78
#Эл өкүлү, Жогорку Кенеш #Депутат Парламента Кыргызской Республики #MP Kyrgyzstan
https://t.me/elvirasur


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2055   127
20.09.2019
Эки жүздүүлүк биздин мамлекетте токтобойт окшойт. Бир жагынан Курманжан датканы даңазалайбыз, дүйнөлүк чемпиондорубуз Айсулуу Тыныбекова жана Валентина Шевченко кыздарыбыз менен сыймыктанабыз деген мырзалар турса, экинчи жагынан аялдарды жергиликтүү кеңештеги шайлоого өткөрбөйбүз, бийлик менен бөлүшпөйбүз деп кат жазгандан уялбаган мырзаларыбыз. Ушул Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айыл аймагында жашаган айымдарга кайрылат элем - оокаттын баарын мырзалардын моюндарына илип, мектептен да, социалдык мекемелерден, жана башка иштерден бир күнү баш тартып, ага-инилерибизди "забастовкалап" көрбөйсүзбү? Айылдык кеңештеги депутаттыкка талапкерлигин койгон Искаков Сатыбалды, Акунов Тынчыбек, Токтонбаев Таалайбек жана Базарбаев Сабырбек мырзаларга эскере турган сөздөр бар - бирөөнүн кыздарын кемсинтем деп, өйдө-ылдый турмушта, бумеранг болуп өз жакындарыңарга тийсечи, кантесиздер? Заман оомалуу-төкмөлүү болот эмеспи, башыман кыйынчылык өткөн айым катары жазганым. 2005-жылы маркум атамды атып кеткенде, мени кыз деп кемсинтпей, бала кезимен эле баштап - эч кимден коркпо, ачык сүйлөп, намыстуу бол деп атам теңчиликте тарбиялабаса, азыр кантээр элем, билбеймин. Эл аралык ири форумдан, 60 өлкөнүн арасында, гендердик теңчилик тууралуу доклад менен чыгып, Кыргызстандын мырзаларына ыраазычылык билдирип, бизди колдогон президентибиз, Жогорку Кеңештеги депутаттар айылдык кеңешке 30 % квота мыйзамды өткөрүп бергенине сыймыктанган кезимде, мындай катты окуп алып, кызыктай сезимде отуруп калат экенсиң. P.S. Урматтуу мырзалар! Биздин аялдарыбыз башкалардан эмнеси кем экен? Татыктуулардын санын чоңойтуп, колдойлу. Ансыз деле аялдарыбыз турмуштун жүгүн тең көтөрүп, ишкерчиликте да, мамлекеттик кызматта да аралашып, экономикабызга өз салымын кошуп, жакындарын багып келе жатышат. Айыл жергесинен элеттеги жашоону тааныган, жергиликтүү кеңештин тепкичтерин өткөн, тажрыйбалуу кыздарды өстүрөлүчү! Кыргызстанда бири-бирибизге көмөк көргөзүп, иштей тургандарды алдыга жылдарганды үйрөнө турган заман келди го? Кечке эле, эскиче, көралбастык, кошоматчылык, ичи тарлык саясатты гүлдөтпөй. Катуу тийсе, кечирим сураймын, таарынбаңыздар. #Барболгула
3065   27
17.09.2019 Kiev
Мекенибиздин чек арасында ызы-чуу болуп жаткан убакытта алыста жүрсөң өзгөчө капа болот экенсиң. Чет өлкөдөгү форумда отуруп алып, биздин ак үйдөгүлөрдү вотсап менен жүдөтүп жибердим окшойт. Соцтармактарда тажиктердин арасындагы комментарийлерди карасам, аларда кыргыздар тажик жерлерин басып алышты деген тескери маалымат кеңири тараптыр. Тажиктердин өз бийлигине унчукпайт деп ачуусу келип, мекенди коргойлу, кыргыздардан куткаралы деген ураандар тарап жатат. Аны окуп алып, ортодо эки элди уруштурган чек ара маселеси ачык согушка жеткирбесин деп тиленип отурган кезим... Баткенге барып, өз көзү менен көрүп келген коллегаларым да маалыматты Жогорку Кеңештен беришет. Атамды атып кетишип, жоготконума 14 жыл болду, ошондуктан бир да кызыбыз атасын тынч убакытта көмбөсүн дегендерге тилектешмин. Курч мүнөздүү элимди түшүнсөм да, чек аранын үстүндө сүйлөшүүлөрдү улантуу керек дегенге кошуламын- бирок, жергиликтүү элди да аралаштырып, маалыматты чек арадагыларга толук таркатуу керектигин парламенттен айтамын. Сүрөт бугун Украинанын Киев шаарындагы коррупцияга каршы күрөштү талкуулап, эл аралык конференциядан ой-пикирлер менен алмаштык. Украинадагы саясат менен экономикасындагы окуялары биздикине абдан окшош экен. Мамлекет, парламент тарабынан коррупцияга каршы жасалган кадамдардын эң негизгиси - электрондук ачык форматка өтүүдөгү кадамдар тууралуу айттым. Бирок, керектүү мыйзамдар кабыл алынганы менен, кагазда баардыгы жакшы көрүнүп, чыныгы турмушта болсо көмүскөй экономика, жумушсуздук азайбай келе жатканын докладымда ачык белгилеп кеттим. Жакында шайланган мамлекет башчысы- президент Владимир Зеленскийге эл арасында талаптар жогору болуп, коррупция менен күрөшөт деген ишеним чоң. Бизге окшоп революцияны башынан өткөргөн калк, мамлекеттин аркасы менен байыгандарды бийликтен кетиребиз деп, парламенттик шайлоонун натыйжаларын сындап жаткан кези. Кыргызстан дагы 2020-жылы парламенттик шайлоодо саясатка жаңы муундардын келишин эңсеп, экономикадагы өзгөрүүлөрдү чыдамсыздык менен күткөндүгүн да сүйлөшкөнү үлгүрдүм. #БарБолгула
6321  
31.08.2019
Эгемендүүлүк майрамыңыздар менен мекендештер! Мамлекетибиздин бар болгонуна ата-бабаларыбызга ыраазычылык, кийинки муундарга жерибиздин аянтын кемитпей, урпактарыбызга тоо-сууларыбызды сактап калууга ар бирибиз колдон келишинче салым кошо тургандыгына терең ишенемин. Мекенчил инсандардын саны жылдан жылга көбөйүп, бири-бирибизди сый-урматка чакырып, ынтымакта жошоого үгүттөп, кийинки муундарга үрп -адаттарыбызды заманбап жашоого ылайыкташтырып, узара берели. Кыргызстандын чоң жетишкендиги- сөз эркиндиги, ошондуктан ой-пикирин ачык билдирген адамдар эч качан кордолбосун. 28-жылдык туулган күнүн белгилеген Кыргызстаныбыз жаш, аткарыла турган иштер менен бирге жетишкендиктер али алдыда экендигине терең ишенемин. #БарБолгула С Днем независимости, дорогие соотечественники! Самое важное достижение нашей молодой республики - это свобода слова. И каждый наш гражданин, выражающий открыто свое мнение, должен всегда иметь право на самовыражение. Во всем. Кыргызстан, сегодня отмечающий 28-летие, еще молод. Предстоит еще немало работы, и многое нужно преодолеть, пережить. Но я верю в то что самые лучшие достижения нашей страны - впереди. #ВсехБлаг
Загрузка...
1730  
06.08.2019
Декабрь 2018 Ой-Ордого чакырылып, инвесторлор тууралуу сөз башталганда ой-пикиримди кыскача белгиледим эле. 8 ай өттү, азыркы убакытка чейин жүздөгөн (миңдеген?) компанияларга берилген лицензияларды кайра карап чыгып, жергиликтүү эл менен бир сыйра макулдашып алсак болмок. Эки ай мурда Чаткалга коллегам менен барганда, 28000 калкы бар кичинекей райондо кенди иштетүүгө 150 (!) лицензия берилип, аркасында айыл өкмөттөн баштап, Жогорку Кеңеш, Ак үйдөгүлөр, кримчөйрөнүн өкүлдөрүнө чейин башкарып отурганын эл ачык эле айтып берди. Ал сапарыбыз боюнча фейсбукка пост илип, парламенттин жыйынынан да айтып чыкканмын. Бүгүн нарындык Солтон-Сарыдагы окуяларды угуп, зейним кейиди - региондордогу өнүгүү максатында ачылган компаниялардын болочок пландарын, кыска/узун мөөнөттөгү кадамдарын жергиликтүү элге башынан тааныштырып, ачыкталса болмок. Лицензияларды көзөмөлдөгөн жетекчинин наамындагы банк ячейкасында декларацияланбаган 900000 $ бекер табылган эмес да- кең байлыктарыбызды коррупцияга батырган 28 жылдык адат токтой элек. Кытай инвесторлоруна "все будет ок, кайгырбагыла" деген жетекчилер азыр кайда? Өкмөтүбүз бул маселенин түпкү тамырынан бери оңторуп, кылдаттык менен карап чыкмайын, ызы-чууну басып жүргөн өрт өчүргүчтөрдөй - "пожарник" болуп жүрө беришет. Элдин ачуусун түшүнөмүн, туугандар. Бара тургандай жолу деле алыс эмес, бирок алдын ала айтыла турган күмөндөр бар. Бул Кытай ишканасын ачтыртканда, лицензия берип, кандай келишимдерге кимдер кол койду экен? Бекеринен алар кетпейбиз деп өжөрлөнгөн жок да. Аны расмий кагаз жүзүндө тактап, элге маалыматты кеңири таратуу парзбыз. Эртеңки күнү, эл аралык соттон арыз жазышып, келишимге макулдук берген Кыргызстан аткарбай койду деп миллиондогон долларга доо коюп мамлекетибизди жыксачы? 2021-23 жылы кайрып бере турган Тышкы карыздын санына ТЭЦтин жарым миллиард карыз кредиттин үстүнө түшкөн, желкебиздеги дагы бир жүккө айланып кетээрине капаланган жерим. Туура түшүнгүлө, болгонду болгондой, жагынам дебей, элге маалыматты ачык айтып көнүп баштасак - эртеңки өнүгүүнүн жолун ачаарбыз.. #СолтонСары #БарБолгула