3826
20.10.2019
Бир күнү үйгө кирип баратсам двордун алдындагы скамейкада бир эже "майда мантыыы" деп кыйкырып отуруптур.📣📣📣 Болжол менен 60-65 жаштарда экен. (анан аябай толук эже экен). Чарчаңкы көрүндү.😦 Курсагым деле ток болчу, бирок эженин мантысы эртерээк түгөнсүн деп сатып алайын дедим. Кайтара турган акчасы(сдачи) жок экен, двордо ойноп жаткан кыздарды чакырып жакынкы дүкөнгө акча майдалатканга жөнөттүк. Келгиче сүйлөшө кеттик.
Эже айтат: "Убагында , жаш кезекте ден соолукка, салмакка көңүл бурбай жүрүп мынтип өтө толуп кеттим.😑 Эми кайдан арыктамак элем.😏 Кыйналам. Врачтар көп кыймылдаңыз, басыңыз дешет. Үйдө балдарым, келиндерим иш кылдырышпайт. Алар каршы болгонуна карабай келиниме манты жасатып алып чыгып кыдырып сатам. 🗣 Эл көп жерге барсам тез эле түгөнүп калат. Ошого үйлөрдү кыдырам, көбүрөөк басайын деп.🚶♀️ Кыйналып кеткенде дем алып, кайра басып жүрө берем. Мынтпесем мындан да толуп кетип, баса албай калышым мүмкүн экенин врачтар айтышты🤦♀️" деп кобурап айтып берди. Аягында: " Жаштыгыңар барда ден соолугуңарга карагыла. ☝️☝️☝️Тамак жегенди кандай тынымсыз аткарсаңар, спортту да дал ошондой адат кылгыла.🏊♂️🤼♀️🏋️♀️ Кийин кеч болот." деп кошумчалады. 🤔 Аябай таасирлентти. "Кой, эртеңден баштап күндө саарлап чуркайын, көнүгүүлөрдү жасайын. Ден соолук, чың дене керек мага" деп...✊ Кайра эле күнүмдүк тиричиликке шылтоолоп эле спорт менен машыгымыш болуп, кайра пауза кылып , кайра улантып... Пенде экенбиз да. Мендейлер көөөп эле болсо керек ээ?...😊🙈 Бирок, расписаниеси меникинен да "напряженный" болсо дагы @ulan_sydykov спортту эч таштабай машыкканын баалайм жана үлгү алганга аракет кылам. ✊✊✊
Энергиябыз бар кезде бири-бирибизге дем берип ден соолукка кам көрөлү, достор...🙌
Күнүңүздөр куунак өтсүн! 💋