5976
01.11.2019
Балалык баёо сезимдериме байланып калган баалуу, урматтаган, сыйлаган, сүйүктүү ырчым👸
Улам улам радио, телевизордон чыгып мени ырчылык дүйнөгө үндөгөн ырчым👸
Гезиттерден сүрөттөрүн, өмүр баянын, ырларын кыркып алып чогултуп, сактап, суктанган ырчым👸
"Чоңойсом Бишкекке барып таанышам. Сүйлөшүп отурам, жан дүйнөбүз окшош болсо керек, сонун тил табышсам керек..." деп кыялданган ырчым...👸
Чоңойдум...
Бишкекке келдим...
Кыялым ишке ашты...
Менин кыялымдагыдай жөнөкөй, адамгерчиликтүү, жароокер, аракетчил, чыгармачылыкты чын жүрөктөн сүйгөн айым экенсиз...😇🤗
@gulnursatylganova Туулган күнүңүз менен! Бөлгөн убакыттар, маектер, кеңештер, дем берген сөздөрүңүз мен үчүн кымбат. Рахмат. Жакшы көрөм, урматтайм...
Сөздөрүм көп... Бирок айтайын деп эле жоготуп алам 🙈 жаныңызга барганда... Көп жашаңыз, оорубаңыз. Уулуңуздан урмат көрүңүз! Сизди урматтаган элиңиз бар, бакыт кесеңиз чайпалбасын, төгүлбөсүн! Туулган күнүңүз кут болсун!🙏🙏🙏😇😇😇🤗🤗🤗😘😘😘