4625 259
08.12.2019
Кечээ бир тойго бардым.
Экинчи антракты баштап бердим.
Элдер жыргап-куунап бийге чыгышты. "Элибизде тынчтык менен токчулук болгон үчүн ушинтип бейкапар бийлеп жүрүшөт да, ушунусуна кудайга шүгүр" деп ырдап жаттым.
Бир кезде айланамды карасам мотурайган кичинекей кыздар баары мени карап, ырымды кошо ырдап бийлеп жатышат.
Көздөрү менен көп нерсени айтып жатышат: "Сизди телевизордон көрөбүз, тааныйбыз... Ушул ырыңыз жагат... Сиздей ырчы болгубуз келет... Сиздин ырчылык келечегиңизден үмүтүбүз чоң..." деп жаткансышат.
Анан алардын балалык баёо сезим менен караган көздөрүнө карап туруп: "Кантип ушулардын ишенимин актабай коём?! Кантип финалдан утпай коё алам?!" деген суроолор сар-санаага салып, заманамды астын-үстүн кыла койду 😅😄🙈
Келгиле, замандаштар, ошол бөбөктөрүбүздө эмне күнөө дейсиздер, ишенимин актап, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымак менен добуш берүүгө катышып, финалдан утуп чыгалы😌😅😅😅 Шайлоо алдындагы речь кандай кетти? 😂😜🤗
Сиздер зээрикпей кичине күлгөнчө голос таштап келсин дедим да 😅🤗
Көңүлдүү кеч каалайм 🤗