Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
7864  
24.11.2019 Osh, Kyrgyzstan
Бүгүн дагы эки тойду ачып, жаштарды алып кирүү насип кылыптыр🙏 Биринчи видеодо: Сиздер айткандай кайнене шашпай келиндин жүзүн ачып, эки беттен өөп ак жоолугун салып, анан баласына да калпак кийгизип, аны да өөп куттуктап койду. 🤗 Бегай аяш энемдин баласы менен келини бактылуу болгула!!!🤵👰 Экинчи видеодо: Биринчи жолу өзүмөн да бою узун кызды алып киришим👸😇🤗 Кыргыздын Кызсайкалындай статная кыз экен. Барган жериңден бакыт тап🙏 Ырас эле, байкадыңыздар да ээ жаңы формамды 😇 Жактыбы? Бул кышкы сезонго тигилген жылуу улуттук көйнөгүмдү да @ai.shabdanova сулуум тигип берди. Рахмат, алтын кыз 🤗😘 Ал эми Макияжым менен чачымды жасатыш үчүн @zerkalo_kuzgu.kg бардым дагы :"Бүгүн жаңы форма презентация кылам. Ошого ылайык ар дайымкыдай сонун жасап бересиздер ээ" деп @kumarasatarova_ эжеге Макияж, @rasul.hairstylistt чач-жасалга жасаттым🤗 Рахмат сиздерге дагы 🤗 Ошоо🤗😇🤗
10968  
23.11.2019
Бир топ жыл мурун Москвага поезд менен жолго чыкмай болуп калдым. Ал кезде Аку абжем (сүрөттөгү) Магнитогорскто иштеп жүрчү. Телефондон чалып "Жылуу кийимдериңди ал. Жолдо жеп келгенге жумуртка, картошка сууга бышырып, анан колбаса алып ал. Анан таблеточный сахар болот, көп орун ээлебейт, бир эле таблетка салсаң чайың ширин болуп калат ошондой ал. Поезддин ичине кийгенге тапочка ал..." деп бир кыйла нерселерди айтып жатты... Азыр болсо Ошко келдим десем эле тынчтык жок.😅 "Гульназ, ойгондуңбу? Эмне кылып жатасың, курсагын ач жатасың э? Биздикине кел, тамактанып кет... Гульназ, каяктасын, эмне тамак жегиң келип жатат, жасап турайын... Үшүбөй элесинби? Формаларыңды алып кел, тазалап, утуктоп берейин ..." Айтор күндө ушундай чалуулар 😅🤗 Мага кандай повезло... Ушундай ар дайым кам көргөн абжем бар деп сүйүнөм 😇😇😇 Ушундай инсанды биздин бир туугандык көчтүн башы кылып насип кылган Жаратканга анан атам менен апама чоооң рахмат 😇😇😇🙏🙏🙏 Рахмат абжооу, бар экениңизге 😇🤗 Жездем менен биргеликте Салман, Сумая, Салих, Саиданын урмат сыйын көрүүнү насип этсин! Туулган күнүңүз менен!!!😘😘😘 _________________________________________ Бүгүн Кадамжайга жакшылыкка барабыз. Кайткыча кеч болуп кетет деп @tort_aruuke_osh_ баракчасына буюртма берип ушундай кооз торт менен куттуктап өттүм. @tort_aruuke_osh_ чоң рахмат. Кооз жана атайын жасалган торт үчүн. @tort_aruuke_osh_ 🙏🤗
Загрузка...
3516  
17.11.2019
Жаңыдан студент болуп айылдан бардым. Группада 3-4 кыз "горалар"(шаардыктар) экен. Өздөрүнчө бир топ болуп достошуп алышты. Бир жумадан кийин мени да кошуп алышты(жакшы окугандыгым үчүн). Ошолордун бири менин жанымда отурган айым @fe_rose_18. Ошондон бери 10 жылдан ашык убакыт өттү. Жашообуздагы өйдө-төмөн жолдордо, кубанычыбызды, кайгыбызды тең бөлүшкөн достордон болуп келатабыз. Көз эле тийбесин! Көрсө, студент кезде чоңоюп, ак караны тааный баштаган кез болот экен. Жана жашообуздун эң кызыктуу учурларын ошондо тапкан достор менен чогуу эстешип калат экенбиз. (Окуучу кездеги достор капа болуп калбагыла, силер жөнүндө өзүнчө жазам🤗) Андыктан СТУДЕНТТЕР, учурдагы сонун кещиңердин баркына жетип, ойноп күлүп алгыла🤗 Майрамыңар куттуу болсун!!! Ал эми бул посттун алдына студент кезде тапкан жакын досторуңуздарды белгилеп, куттуктап кетсеңиздер болот🤗