Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
5130   114
27.04.2020
Ал эми бул фотодон эмне байкадвныздар?😁 Туура , бул сурот Памылдык куйоо балага сахнадан жолугаарга саналуу муноттор калганда тартылган 😁😁😁 Асел экообуз азыр тамашоучулар менен сахнага чыгабыз деп кутуп отурган учур 😇 Бугун ушул сулуунун @asel_kasymova туулган куну келип калыптыр. Кой десе болбой карантинге туш келип калыптыр , болбосо азыр «Асел Изюмга чакырды» деп боенуп, жасанып жаткан болот белем , ким билет 😁🤗 Аселек, туулган кун кут болсун! Чындыкты бетке айткан, адилет учун баарына даяр мунозунду баалайм! Жашоондо жагымдуу кундор толтура болсун! Максаттарын ишке ашсын! Чыгармачылыгында дагы да чон чон ийгиликтер жаралсын! Куттуктааайм🤗🤗🤗💐💐💐 ________________________________________ Достор, ким Аселдин ырынан узунду жааакшы ырдап , каалоо тилек менен бирге Аселди отметка кылып ушул жерге комментарийге калтырса балансына 100 бирдик которуп коеюн.😁😇🤗 Озумо жакканын тандап , тунку 12 де сториске жуктоп коем. 🤗 Онлайн туулган кун кылып салалы маанайларды которуп 😇💃🏻👯‍♀️
5103   159
18.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Жаман оору, жаман окуя, кырсык бизге такыр тиешеси жоктой, бизге келбей тургандай жашайт экенбиз. 🤔 Учурда көпчүлүгүбүз дүрбөлөңгө түшүп өмүрүбүз үчүн кыжаалатпыз...😣😯😑 Тиги (жок болгур) вирус жөнүндө кимдин оозунан чыкса, кайсы жерден окусак жалдырай карап калып жатабыз "Жакшы маалымат болсо экен... Жакшы жагына кетсе экен...🙏" деп... Мен эле эмес сиздерде деле ошондой болуп жатса керек? Кечээ түнү менен клиптин сьемкасында жүрүп, таң атканда келип уктагам. Сиңдим түштө ойготту: "Кыргызстанга да келиптир, мен барып продукты кылып келейин" деп. Делдиреп эле бүгүнкү пландарымды жыйнаштырып, үйдө калдым. Азыр эле кайра келишти, күйөө бала ( Бека, врач) экөө. Бека продукты алдыртпай коюптур: "Паника кылбагыла, продукты түгөнбөйт. Баары жакшы болот! Болгону өкмөттүн айткан тартибин жана медиктердин айткан эрежелерин туура сактап турсак жеңип өтүп кетебиз" дейт. Ошондой эле болсо экен деп бир аз тынчтанып калдым. Андыктан, достор, кудайдын бул жолку сыноосун ынтымакташып, тартиптерди сактап, жеңип чыгып кетели! Кудай өзү колдосун 🙏🙏🙏 Ар бириңиздерди сактасын! Буюрса, өткөн чак менен айтылып калып кетсин!!!🙏🙏🙏
Загрузка...
4978     88673
06.02.2020 Bishkek
Шеринеден чыгып тойго келдим. Эми элдин маанайы укмуш. "Бишкек- Чүйдө жок-жок" дегенге жетип жетпей эле баары бийге чыга башташты. Бул үчүн кубанып ырдап жаттым. Экинчи ырга келгенде орто толуп калган эле. "Келиңиздер, баарыбыз биргеликте Ламбада бийин бийлейли" деп ырдап баштадым. Коноктордун баары биримдик менен узуууууун, тегерек "паравозик" болуп бийлеп киришти. Менин да маанайым эл менен бирге жакынымдын тоюнда жүргөндөй жыргап ырдап да, бийлеп да жаттым... (Тилекке каршы ошол жерлери видеого тартылбай калыптыр. Ошол тойдогулардан окуп калсаңыздар, жөнөтүп койсоңуздар сонун болмок 😇) "Кандай керемет көрүнүш... Элибизди ушул жыргалчылык жашоосунан айырбасын... Асманыбыз ачык, жерибиз тынч --- ошол үчүн да элибиз ушинтип бийлеп жатат... Тынч заманды түбөлүк насип этсин элибизге... Калганын карапайым калк өздөрүн өздөрү эптеп, турмуш арабасын судуроп кете берет..." деген сыяктуу ойлор менен жуурулушуп ырдап жаттым... Негизи, мындай ойлор көп эле аралап турат. Кээде ойлоп коём "Өтө эле көп, терең ойлор менен өзүмдү каптап, жүдөтүп койбоймунбу?🤔" дейм... Бирок, дал ошол ойлор мага күч, энергия, маанай берип тураары өзүмө гана белгилүү... Түнүңүздөргө бейпилдик тилейм, жаркын замандаштарым...🌙🌙🌙 ___________________________________________ Көйнөк: @prokat_contento.kg