Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
4749   261   88434
19.04.2020
Ушундай видео келиптир... ☺️😊 Мен кээде комплимент катары уксам, кээде сын-пикир катары угуп калам: "Өтө эле жөнөкөйсүн. Ырчы деген өзүн бир аз токтоо, олуттуу алып жүрүш керек" деп🤔 Негизи өзүмдүн турушум ушул. Тез эле тил табышып кетем. Жөнөкөй эле болгон жагат. Анткени Кудайдын алдында баарыбыз эле жөнөкөй пендебиз да, туурабы? 🤔 Сиздер кандай ойлойсуздар? Жөнөкөй болуп жүрө берсең алдыга өсүү болбойт деп бир жакын эле адам бүгүн "тракторист" болгон сүрөтүмөн кийин сын пикирин айтты...🤔 Сиздерден да пикир уккум келип жатат. Баарын туура кабыл алам. Сиздер менен бирге өскум келет.😌😌😌 ___________________________________________ Видео күздө тойдун башталаар алдында тартылган экен.🤗 Сонун уй бүлө экен. Жакын адамы келгендей эле тосуп алышты эле... Кубанып кызмат кылып, кетким келбей жатып кеткен элем бул тойдон 😁🤗
Загрузка...
4678  
04.12.2019
Түндө түшүмдө ушул кутучанын ичинде "Жылдын мыктысы" деген статуэтка бар экен да 😅🤗😄 Голосование жөнүндө айта берип, айта берип түшүңүздөргө кирейин деп калдыкпы?😅 Эмиии чыдап туруңуздар😀 бүгүн түнкү 12де полу-финалдын добуш берүүсү токтойт экен. Анан финалга ат салышмай башталат экен. Мени кошуп койгонуна сүйүнүп эле оолугуп алган экем. Сиздер дагы духтан берип койгон экенсиздер эле ура-ура менен финалга өткөнү калдык окшойт деп үмүт кылып атам. Бирок, өзүңүздөр байкагандай конкуренция өтө катуу жүрүп жатат. Номинациялаштардын көпчүлүгү мен сыйлаган, жакшы көргөн, шоу бизнесте бир топ жылдан бери жүрүп, ордун тапкан, миллиондогон подписчиктери бар айымдар экен. Ошолордун катарында туруп калганым эле чоң сыймык болуп атат.😇😇😇 Бирок, пенде экенбиз да, үмүт деген акыркы өлөт экен.🙈🤗 ФИНАЛга өтүп кетсем кандай сонун болот деп ниет кылып жатпаймынбы. Ушул ниетиме ниеттеш болсоңуз 3315 деген номерге Гульназ Чыныбек кызына добуш берем деп жазып смс жөнөтсөңүз болот. Чыгармачылыгыма кошкон салымыныз болмок. Калганын стористен видео аркылуу түшүндүрүп өтөм. 5сааттан кийин бүтөт добуш кабыл алуу. Күтөм колдооңуздарды🤗
4659  
28.01.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Сиздерге кутман күн каалаганча бир сүрөт жүктөп коёюн десем, мына үч сүрөт эртеден бери талашып курутушту.🤦‍♀️🤦‍♀️🤦‍♀️"Мен чыгааам эле мен чыгам" дешет да. Уруштум анан: "Ай бир ынтымактуураак болбойсуңарбы😏, үчөөңөрдүн айырмаңар деле жок экен, бириң чыксаң болот да?!" десем болушпайт "Анда элге добушка коюңуз, көрөбүз кимибиз утат экенбиз" дейт. 😁Айтып койгулачы, достор, кайсысы жакшына чыгыптыр ☺️😊 Ананчы, сурайын дедим эле, Сиздерде да сүрөттөр ушинтип урушуп турушабы тез-тез эле? 🤔 Менде көбүнчө ушул көрүнүш да, айрыкча @meerim.nurdinova Макияж жасап бергенде ушундай да. Сүрөттөрдө ынтымак кетет. 😁😁😁 Көңүлдүү күн каалайм, достор 😇🤗 _________________________________________ Ырас эле, Визажист, Салонный мастер курсуна жазылуу жүрүп жатат. @meerim.nurdinova га кайрылып, жазылып сонун макияждарды үйрөнүп алсаңыздар болот. ✊💕🧏‍♀️
4630   383
11.05.2020
Достор, Менде сиздер менен маслеттеше турган жагдай болуп турат. Озумо тиешелуу коп нерсеге акыл калчап, туура чечим кабыл алганга аракет кылып келем негизи. Бирок, бул жолу бул жаатта тажрыйбам жок болгондуктанбы бир кыйла ойго салды го мени бул жагдай😊 Суроо: Жашоонуздарда Куйоосу жок айымды, же аялы жок мырзаны Окул ата же окул ата койгон учурлар кездешти беле? Негизи боло береби ошондой? Окул ата, окул апа деген ким озу? 3 ай болуп калды окшойт бул сунушту укканыма. Башында тамаша ирээтинде кабыл алып койдум эле. Анан бара-бара чын дилден менин Окул апа болушумду ниет кылып жаткандарын билип ынгайсызданып калдым. Озум уй-булом(куйоом) жок болсо , кантип жаш уй-булого улгу боло алам деп ойлонуп кыжаалатмын🤔🤔🤔 Жаштар ата-энелерине да кабарлашыптыр. Алар да сизди сыйлашат, кубанышты дейт🙊 Окул ата, апа деген ото чон жоопкерчиликти талап кылган милдет деп ойлойт элем. Ошого оюм санга болунуп , бир чечимге келе албай жатам. Кудай буюрса, 15-май эки жаштын баш кошуу куну белгилениптир... Сиздердин оюнуздар кандай? Ушул жаатта кенешиниздерге муктаж болуп турган учурум🤔 Пикир болушуп кетиниздерчи 📜