Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3894   258
30.05.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Куйоомдун ийгилиги менин колумда экен... ⠀ Мындай болду да. Кечээ китеп дуконго баргам. Андагы иштеген кыз @begimai_adylbekova098 «Келиниз дукондун фонунда суротко тушуп коелу» деп калды. Макул деп экообуз китептерге артыбызды салып суротко тушуп жатканбыз. Тыптынч 3 секунд отту, анан артыбыздан «шырык» деген добуш чыкты. Бурулуп карасак менин тушумдагы бир китеп бети менен жыгылып калыптыр. 📘 Эмне китеп экен деп карасам эле «Куйоонуздун ийглиги сиздин колунузда» деп турат 😅 Окуп алып Бегимай экообуз кулдук аябай. Кайра ордуна тургузуп тизип койдум «Кой антпе, менин куйоом жок» депчи😅. Анан озумо жаккан китепти тандап кетейин деп жатсам. Дукончу кыз ошол китепти «Бул жондон жон жыгылбады окшойт. Сизге белек кылайын. Бактыныз ачылсын» деп белек кылды.😁📖 Ошооо, достор, ошону айтып коеюн дедим эле. Неме да, тиги кокустан куйоомду коруп калсаныздар айтып коесуздарбы «сенин ийгилигин Гульназдын колунда экен» депчи 😁 Тезирээк жолукса, колуман келишинче ийгиликтуу кылганга аракет кылайын дедим эле...☺️☺️☺️ .................................................................... Мыкты китептердин баарын @danek_books @danek_books таба аласыздар📖📖📖
Загрузка...
3826  
20.10.2019
Бир күнү үйгө кирип баратсам двордун алдындагы скамейкада бир эже "майда мантыыы" деп кыйкырып отуруптур.📣📣📣 Болжол менен 60-65 жаштарда экен. (анан аябай толук эже экен). Чарчаңкы көрүндү.😦 Курсагым деле ток болчу, бирок эженин мантысы эртерээк түгөнсүн деп сатып алайын дедим. Кайтара турган акчасы(сдачи) жок экен, двордо ойноп жаткан кыздарды чакырып жакынкы дүкөнгө акча майдалатканга жөнөттүк. Келгиче сүйлөшө кеттик. Эже айтат: "Убагында , жаш кезекте ден соолукка, салмакка көңүл бурбай жүрүп мынтип өтө толуп кеттим.😑 Эми кайдан арыктамак элем.😏 Кыйналам. Врачтар көп кыймылдаңыз, басыңыз дешет. Үйдө балдарым, келиндерим иш кылдырышпайт. Алар каршы болгонуна карабай келиниме манты жасатып алып чыгып кыдырып сатам. 🗣 Эл көп жерге барсам тез эле түгөнүп калат. Ошого үйлөрдү кыдырам, көбүрөөк басайын деп.🚶‍♀️ Кыйналып кеткенде дем алып, кайра басып жүрө берем. Мынтпесем мындан да толуп кетип, баса албай калышым мүмкүн экенин врачтар айтышты🤦‍♀️" деп кобурап айтып берди. Аягында: " Жаштыгыңар барда ден соолугуңарга карагыла. ☝️☝️☝️Тамак жегенди кандай тынымсыз аткарсаңар, спортту да дал ошондой адат кылгыла.🏊‍♂️🤼‍♀️🏋️‍♀️ Кийин кеч болот." деп кошумчалады. 🤔 Аябай таасирлентти. "Кой, эртеңден баштап күндө саарлап чуркайын, көнүгүүлөрдү жасайын. Ден соолук, чың дене керек мага" деп...✊ Кайра эле күнүмдүк тиричиликке шылтоолоп эле спорт менен машыгымыш болуп, кайра пауза кылып , кайра улантып... Пенде экенбиз да. Мендейлер көөөп эле болсо керек ээ?...😊🙈 Бирок, расписаниеси меникинен да "напряженный" болсо дагы @ulan_sydykov спортту эч таштабай машыкканын баалайм жана үлгү алганга аракет кылам. ✊✊✊ Энергиябыз бар кезде бири-бирибизге дем берип ден соолукка кам көрөлү, достор...🙌 Күнүңүздөр куунак өтсүн! 💋