Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
4115  
19.12.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
Достор, я в восторге! Гульзада Рыскулова эжекем башкача концерт берди. Бүгүн биринчи жолу жеке концертине катыштым. Башшшкача эмоциялар, башкача атмосфера болду...🙊😍😍🙊 Бир учурда ордуман ыргып тура калып, чачтарымды нарыыыы-бериии кылып жулкулдатып бийлегим келип кетет... Бир туруп муштумду түйүп жогоруга карай ураан чакыргандай ишарат кылгым келет тура калып...(Айрыкча "Айкөл Манас" "Курманбек" чыгармаларын аткарып жатканда) Өзүмдү араң кармап, колду кызыгыча чаап, жерди тепкилеп коюп отурдум. Кыскасы, укмуш! Жан дүйнөм эргүү алып чыктым! @gulzadaryskulova азаматсыз!!!🔥🔥🔥 _______________________________________ Шеринеден чыгып эле түз концертке жетишип калалы деп жөнөдүк. Баратып @red_rose_bishkek_ букет гүл заказ бердим эле. Биз жеткиче гүлүбүз биринчи жетип калыптыр😇🤗 @red_rose_bishkek_ спасибо за красивые цветы и за быструю доставку! 💐💐💐
4033   207   48547
13.05.2020 Mirza-Aki
Мен озу кыз эмес уул болуп торолушум керек эле... Ушинтип кичинемден баштап чонойгонго чейин ойлоно берчумун. Азыр болсо ал ойлор кеткен.☺️ Корсо озунду кандай болсон ошол боюнча жакшы корушун керек экен. Кичинемде сиздер байкаган тегиз эмес тишимди жашырып кулом деп оозум кыйшыктай кулот болчум. Азыр болсо аны кемчилик катары карабай, чын дилден кулгонду уйрондум... Вроде бы ал деле байкалбай, кулкум озумо жарашып эле калгандай 😁🤗 Жаш осуп келе жаткан кыздарга айтаарым: озунордон кемчилик издебегиле! 🌹Жаап-жашырам деп кыйналбагыла! Жараткан кандай жаратса ошол боюнча кабыл алып , озунорду суйгуло! Ошондо айланадагылар дагы силерди ошондой кабыл алат. 🌹Эн башкысы жашоону суйуп, жаралганыбызга кундо шугур айтып жашайлы! Ошондо Кудай мындан да жакшы кундорду берет деп айтышат 😇🌹 Озунузго кайсы жериниз жана сапатыныз жагат? Болушуп, маанайыбызды которлу 😇 Кунунуздор куунак отсун, достор! Макияж: @zerkalo_kuzgu.kg Прическа: @rasull_abdurashitov Койнок: @ai.shabdanova Фотограф: @photographer.osh Идея фотосетв: @aliev_kumarr Лайк & комментарий: Сиздерден болсун☺️🤗
3999     54879
20.02.2020
Эң башкысы түбөлүк бактылуу өмүр насип этсин 🙏 Бүгүн Алай жергесинде кызматтабыз. 🤵👰 Бүгүн эрте менен Кыргызстандагы атактуу айымыбыз мындан ары жоолукка (хиджап) киргендигин интернеттен көрүп, жагымдуу сезимде кабыл алдым эле... Түш ооп, салонго тойго даярдык көрүү үчүн келсем, чач жасаган мастер кызды жоолукчан көрүп, ошол темада баарлаштык. "Оронгондон кийин, жан дүйнөм тынч алып башкача болуп калдым. Жумуштарым да баары оң жакка чечилип бараткандай болуп жатат" дейт... Андан чыгып тойго келсем, өзүңүздөр көрүп тургандай келинчек да, курбу кызы да жоолукчан кыздар экен. Көрүп көзүм кубанды... _____________________________________ Биздин арабызда жоолукчан кыздарыбыз же жоолукчан жакын таанышы бар кыздар барбы? Оронгонго чейинки жана кийинки кезди салыштырганда моралдык айырмачылык, же болсо кандай өзгөрүүлөр болду эле? Ошол жөнүндө кеп козгосок кандай дейсиздер? Балким сиздин окуяңыз кимдир бирөөнүн өзгөрүүсүнө себепкер болуп калаар...🤔🤔🤔 ______________________________________ Макияж : @azema_make_up Прическа : @rasul.hairstylistt
Загрузка...
3974   107
26.03.2020
"Мысли - материальны" деп көп угам. Эмнени көп ойлосок, бизден көзгө көрүнбөгөн энергия бөлүнүп чыгат экен дагы, кайра ошол реальность болуп кайтып келет экен. Ишенесизби? Мен ишенем. Ошого, азыр бир гана жакшы ойлорду ойлоп, жакшы ниеттерди кылып, Жараткандан "Бул илдет тезирээк жок болсо экен. Чалдыккандар эртерээк жакшы болуп кетсин..." деп суранып, дуба кылып туралы. Биздин колдон бүгүнкү күндө ошол гана келип турат. Эң башкысы үйдөн чыкпай, бул нерсеге олуттуу карап, эрежелерди так сактап туралы ☝️🙏 Буюрса, жакынкы күндөрү жакшы кабарларды угуп калууну насип этсин 🙏 ________________________________________ Мен жактырган фильмдердин тизмеси менен бөлүшүп өтөйүн : 1. "Секрет" документалдуу фильм (кино эмес☝️). Дүйнөдөгү окумуштуулар биздин оюбуз өзүбүздүн жашообузга кандай түз таасир бере алышын тастыктап, чагылдырышкан. 2. Эгер мелодраманы жакшы Көрсөңүз, анан көптөп бери ыйлагыңыз келип бирок ыйлай албай жүрсөңүз анда "P.S. Я люблю тебя" деген кинону сунуштайм. Айрыкча күйөөсү бар айымдар, сиздер көрүшүңүздөр керек деп ойлойм 😉 3. Эгер сиз 14-24 жаштагы кыз болсоңуз, анан өзүңүздү "мен эч качан сулуу, назик кыз боло албасам керек 😁"деп ойлонсоңуз, анда "Как стать принцессой" деген кинону Көрсөңүз өлө жакса керек деп ойлойм. 😁 Мен ушул кинону окуучу кезимде көргөн элем. "Значит чоңойгондо сулуу эле болуп калат окшойм " деген үмүт пайда болгон эле да 😁🤪 Ошоо, азырынча ошол эле жаңылык. Дагы сүйлөшөбүз да анда ээ☺️ (Жаман эшикти, элдер менен аралашып бака-шака болуп жүргөндү сагындым бирок ☺️) Сиздерде эмне жаңылык анан?😊
3949   166
27.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Телефон чукулагандан деле жадап баратасыздарбы?😊 Каякты карасаң эле "аты өчкүр" вирус чыгып эле. Билиндирбей эле психикалык жактан дагы ала баштаптыр. Лечение алып жаткан эжем жакшы болуп келди бүгүн үйгө. "Кечээ бир вирус жөнүндө видео көрүп алып, жаман болуп чыктым, жүрөгүм лакылдап..." дейт. СТОП!!! Достор! Психологиябызды сактайлы! Жагымсыз маалыматтардан өзүңүздөрдү сактаңыздар! Стресске түшүп кетпеш үчүн өзүңүздөргө жаккан жумуштар менен алек болуңуздар! Кыймылсыз жата бербеңиздер. Кылаарга жумуш жок болуп жатса, интернеттен спорт көнүгүүлөрүн таап жасаңыздар! Же болбосо бийдин түрлөрүнөн тандап алып үйрөнүңүздөр. Иши кылып позитив тартуулай турган нерселер менен алек болуңуздар! Кудай буюрса, бул күндөр да өтүп кетет! 🤗 Божурашып, жакшынааа болуп үйдө отуруп туралы, бири бирибизди алаксытышып 😁🤗 Эртеңден баштап темаларды тандап алып талкуулап, сүйлөшүп, ой бөлүшүп дискуссия баштасакпы? Кандай темаларды сунуштайсыздар? (Пайдалуу, позитивдүү темалардан)