6795
147128
17.01.2020
Анткени, бүгүн Ош шаарында өз орду бар @parliament_studio нун жетекчиси Кыял иним түндүк көтөрдү. 🤵👰
Анан эки жашты тойканага алып кирүү милдетин мага тапшырды.
Мен болсо @zerkalo_kuzgu.kg бардым дагы Расулга "чачымды өзгөчө жасап берчи, бүгүн жакшы көргөн иним үйлөнүп жатат" деп ушундай жасап, Кумара эжем макияжды келтирип, @arzubek_vonama тиккен өзгөчө формамды кийип жөнөдүм.
Анан албетте @gul_tashkent_official эжекемдин калеминен жаралган "Сүйүнчү жар-жар" менен эки жашты алып кирдим, кубаныч менен 🤗🤗
Баары ойдогудай болду (кирип баратканда көйнөгүм илинип калды эле, сыр бербей чыгарып койдум 😉), ошол эле болбосо 😄 Андай да болуп туруш керек да анча-мынча деп жоруп койдум. 🤗😇
Келиндин жүзүн ачканда Жоолуктун мотурайып жарашканын айтпаңыздар 🤗
Бир сүйүнөм өзүм келин алып жаткандай 😇
Эки жаш бактылуу болсун!
Эхххх, ошондой достор, ар бириңиздердин жашооңуздар да той көп болсун!