Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3516  
17.11.2019
Жаңыдан студент болуп айылдан бардым. Группада 3-4 кыз "горалар"(шаардыктар) экен. Өздөрүнчө бир топ болуп достошуп алышты. Бир жумадан кийин мени да кошуп алышты(жакшы окугандыгым үчүн). Ошолордун бири менин жанымда отурган айым @fe_rose_18. Ошондон бери 10 жылдан ашык убакыт өттү. Жашообуздагы өйдө-төмөн жолдордо, кубанычыбызды, кайгыбызды тең бөлүшкөн достордон болуп келатабыз. Көз эле тийбесин! Көрсө, студент кезде чоңоюп, ак караны тааный баштаган кез болот экен. Жана жашообуздун эң кызыктуу учурларын ошондо тапкан достор менен чогуу эстешип калат экенбиз. (Окуучу кездеги достор капа болуп калбагыла, силер жөнүндө өзүнчө жазам🤗) Андыктан СТУДЕНТТЕР, учурдагы сонун кещиңердин баркына жетип, ойноп күлүп алгыла🤗 Майрамыңар куттуу болсун!!! Ал эми бул посттун алдына студент кезде тапкан жакын досторуңуздарды белгилеп, куттуктап кетсеңиздер болот🤗
Загрузка...
4659  
28.01.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Сиздерге кутман күн каалаганча бир сүрөт жүктөп коёюн десем, мына үч сүрөт эртеден бери талашып курутушту.🤦‍♀️🤦‍♀️🤦‍♀️"Мен чыгааам эле мен чыгам" дешет да. Уруштум анан: "Ай бир ынтымактуураак болбойсуңарбы😏, үчөөңөрдүн айырмаңар деле жок экен, бириң чыксаң болот да?!" десем болушпайт "Анда элге добушка коюңуз, көрөбүз кимибиз утат экенбиз" дейт. 😁Айтып койгулачы, достор, кайсысы жакшына чыгыптыр ☺️😊 Ананчы, сурайын дедим эле, Сиздерде да сүрөттөр ушинтип урушуп турушабы тез-тез эле? 🤔 Менде көбүнчө ушул көрүнүш да, айрыкча @meerim.nurdinova Макияж жасап бергенде ушундай да. Сүрөттөрдө ынтымак кетет. 😁😁😁 Көңүлдүү күн каалайм, достор 😇🤗 _________________________________________ Ырас эле, Визажист, Салонный мастер курсуна жазылуу жүрүп жатат. @meerim.nurdinova га кайрылып, жазылып сонун макияждарды үйрөнүп алсаңыздар болот. ✊💕🧏‍♀️