5103 159
18.03.2020
Bishkek, Kyrgyzstan
Жаман оору, жаман окуя, кырсык бизге такыр тиешеси жоктой, бизге келбей тургандай жашайт экенбиз. 🤔
Учурда көпчүлүгүбүз дүрбөлөңгө түшүп өмүрүбүз үчүн кыжаалатпыз...😣😯😑
Тиги (жок болгур) вирус жөнүндө кимдин оозунан чыкса, кайсы жерден окусак жалдырай карап калып жатабыз "Жакшы маалымат болсо экен... Жакшы жагына кетсе экен...🙏" деп...
Мен эле эмес сиздерде деле ошондой болуп жатса керек?
Кечээ түнү менен клиптин сьемкасында жүрүп, таң атканда келип уктагам. Сиңдим түштө ойготту: "Кыргызстанга да келиптир, мен барып продукты кылып келейин" деп. Делдиреп эле бүгүнкү пландарымды жыйнаштырып, үйдө калдым.
Азыр эле кайра келишти, күйөө бала ( Бека, врач) экөө. Бека продукты алдыртпай коюптур: "Паника кылбагыла, продукты түгөнбөйт. Баары жакшы болот! Болгону өкмөттүн айткан тартибин жана медиктердин айткан эрежелерин туура сактап турсак жеңип өтүп кетебиз" дейт.
Ошондой эле болсо экен деп бир аз тынчтанып калдым.
Андыктан, достор, кудайдын бул жолку сыноосун ынтымакташып, тартиптерди сактап, жеңип чыгып кетели! Кудай өзү колдосун 🙏🙏🙏
Ар бириңиздерди сактасын!
Буюрса, өткөн чак менен айтылып калып кетсин!!!🙏🙏🙏