Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
7864  
24.11.2019 Osh, Kyrgyzstan
Бүгүн дагы эки тойду ачып, жаштарды алып кирүү насип кылыптыр🙏 Биринчи видеодо: Сиздер айткандай кайнене шашпай келиндин жүзүн ачып, эки беттен өөп ак жоолугун салып, анан баласына да калпак кийгизип, аны да өөп куттуктап койду. 🤗 Бегай аяш энемдин баласы менен келини бактылуу болгула!!!🤵👰 Экинчи видеодо: Биринчи жолу өзүмөн да бою узун кызды алып киришим👸😇🤗 Кыргыздын Кызсайкалындай статная кыз экен. Барган жериңден бакыт тап🙏 Ырас эле, байкадыңыздар да ээ жаңы формамды 😇 Жактыбы? Бул кышкы сезонго тигилген жылуу улуттук көйнөгүмдү да @ai.shabdanova сулуум тигип берди. Рахмат, алтын кыз 🤗😘 Ал эми Макияжым менен чачымды жасатыш үчүн @zerkalo_kuzgu.kg бардым дагы :"Бүгүн жаңы форма презентация кылам. Ошого ылайык ар дайымкыдай сонун жасап бересиздер ээ" деп @kumarasatarova_ эжеге Макияж, @rasul.hairstylistt чач-жасалга жасаттым🤗 Рахмат сиздерге дагы 🤗 Ошоо🤗😇🤗
3826  
20.10.2019
Бир күнү үйгө кирип баратсам двордун алдындагы скамейкада бир эже "майда мантыыы" деп кыйкырып отуруптур.📣📣📣 Болжол менен 60-65 жаштарда экен. (анан аябай толук эже экен). Чарчаңкы көрүндү.😦 Курсагым деле ток болчу, бирок эженин мантысы эртерээк түгөнсүн деп сатып алайын дедим. Кайтара турган акчасы(сдачи) жок экен, двордо ойноп жаткан кыздарды чакырып жакынкы дүкөнгө акча майдалатканга жөнөттүк. Келгиче сүйлөшө кеттик. Эже айтат: "Убагында , жаш кезекте ден соолукка, салмакка көңүл бурбай жүрүп мынтип өтө толуп кеттим.😑 Эми кайдан арыктамак элем.😏 Кыйналам. Врачтар көп кыймылдаңыз, басыңыз дешет. Үйдө балдарым, келиндерим иш кылдырышпайт. Алар каршы болгонуна карабай келиниме манты жасатып алып чыгып кыдырып сатам. 🗣 Эл көп жерге барсам тез эле түгөнүп калат. Ошого үйлөрдү кыдырам, көбүрөөк басайын деп.🚶‍♀️ Кыйналып кеткенде дем алып, кайра басып жүрө берем. Мынтпесем мындан да толуп кетип, баса албай калышым мүмкүн экенин врачтар айтышты🤦‍♀️" деп кобурап айтып берди. Аягында: " Жаштыгыңар барда ден соолугуңарга карагыла. ☝️☝️☝️Тамак жегенди кандай тынымсыз аткарсаңар, спортту да дал ошондой адат кылгыла.🏊‍♂️🤼‍♀️🏋️‍♀️ Кийин кеч болот." деп кошумчалады. 🤔 Аябай таасирлентти. "Кой, эртеңден баштап күндө саарлап чуркайын, көнүгүүлөрдү жасайын. Ден соолук, чың дене керек мага" деп...✊ Кайра эле күнүмдүк тиричиликке шылтоолоп эле спорт менен машыгымыш болуп, кайра пауза кылып , кайра улантып... Пенде экенбиз да. Мендейлер көөөп эле болсо керек ээ?...😊🙈 Бирок, расписаниеси меникинен да "напряженный" болсо дагы @ulan_sydykov спортту эч таштабай машыкканын баалайм жана үлгү алганга аракет кылам. ✊✊✊ Энергиябыз бар кезде бири-бирибизге дем берип ден соолукка кам көрөлү, достор...🙌 Күнүңүздөр куунак өтсүн! 💋
Загрузка...
5976  
01.11.2019
Балалык баёо сезимдериме байланып калган баалуу, урматтаган, сыйлаган, сүйүктүү ырчым👸 Улам улам радио, телевизордон чыгып мени ырчылык дүйнөгө үндөгөн ырчым👸 Гезиттерден сүрөттөрүн, өмүр баянын, ырларын кыркып алып чогултуп, сактап, суктанган ырчым👸 "Чоңойсом Бишкекке барып таанышам. Сүйлөшүп отурам, жан дүйнөбүз окшош болсо керек, сонун тил табышсам керек..." деп кыялданган ырчым...👸 Чоңойдум... Бишкекке келдим... Кыялым ишке ашты... Менин кыялымдагыдай жөнөкөй, адамгерчиликтүү, жароокер, аракетчил, чыгармачылыкты чын жүрөктөн сүйгөн айым экенсиз...😇🤗 @gulnursatylganova Туулган күнүңүз менен! Бөлгөн убакыттар, маектер, кеңештер, дем берген сөздөрүңүз мен үчүн кымбат. Рахмат. Жакшы көрөм, урматтайм... Сөздөрүм көп... Бирок айтайын деп эле жоготуп алам 🙈 жаныңызга барганда... Көп жашаңыз, оорубаңыз. Уулуңуздан урмат көрүңүз! Сизди урматтаган элиңиз бар, бакыт кесеңиз чайпалбасын, төгүлбөсүн! Туулган күнүңүз кут болсун!🙏🙏🙏😇😇😇🤗🤗🤗😘😘😘