Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2228   110
19.05.2020
Кандай аянычтуу😞😥 Апа учун баласынын оор илдет менен курошуп жатканын коруу эн оор сыноо болсо керек😥 Бул айымдын айткандарын видеодон коруп журогум ыйлады😥😞 Колундагы баласын жулмалап талашып жаткан оорудан, олумдон арачалап , омурун сактап калганга болгон аракетин жумшап жаткан энени кордум😥 $20 мин долларлык лечение кылышыптыр. Дагы 138 мин доллар керек экен лечениесине...😥 Эгер сиз окуп жатсаныз , сизден суранам — колнузда 100сомбу , 1000сомбу , канча болсо да атайын ушул баланын омуру учун арнап которуп коюнузчу🙏🏻 Любой терминалдан Элсом аркылуу которсонуз болот. Болбосо акча которуунун бардык турлорундо счеттор ачылыптыр. Биз учун бир кундук продуктыбыздын акчасы же болсо бир сезон кие турган бир кийимибиздин акчасы болушу мумкун — бирок ошол акча бул баланын бир омурун сактап калуусу толук ыктымал болуп турат!🤲🙏🏻 Андыктан, ардактууларым, Орозо айында сизди издеп келген сооп ишти качырып албай , кармап калалы🙏🏻 Кимге акыретте бейишке жол ачылуусун тилесениз — ушул жерге белгилеп (отметка) кылып коюнуз , ал дагы сооп иштеп алуусуна себепкер болунуз🙏🏻 Жардам берууго шарты бар инсандарды белгилеп коюнуз, аларга да жетсин🙏🏻 Жаратканым озу колдоп , бизди себепкер кылып балапаныбыздын омурун узартууга жол ачып берсин😥🤲🤲🤲 Р/с KICB: 1280106041848388 Карта KICB: 941718815969936 Cash app:513-808-0557 Quick pay:(zelle):esenov92g@gmail.com Сбербанк:+79685429537 Элсом:+996555555046 Казахстан Каспи голд: Zhazira Toigulova 5169497103928010 Турецкий счёт Камилла Илимказиева Ziraat Bankasi Sube: Ulucami/Bursa Subesi Hesap Numarasi:677-88516846-5001 IBAN Numarasi: TR 110001000677885168465001
Загрузка...
3949   166
27.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Телефон чукулагандан деле жадап баратасыздарбы?😊 Каякты карасаң эле "аты өчкүр" вирус чыгып эле. Билиндирбей эле психикалык жактан дагы ала баштаптыр. Лечение алып жаткан эжем жакшы болуп келди бүгүн үйгө. "Кечээ бир вирус жөнүндө видео көрүп алып, жаман болуп чыктым, жүрөгүм лакылдап..." дейт. СТОП!!! Достор! Психологиябызды сактайлы! Жагымсыз маалыматтардан өзүңүздөрдү сактаңыздар! Стресске түшүп кетпеш үчүн өзүңүздөргө жаккан жумуштар менен алек болуңуздар! Кыймылсыз жата бербеңиздер. Кылаарга жумуш жок болуп жатса, интернеттен спорт көнүгүүлөрүн таап жасаңыздар! Же болбосо бийдин түрлөрүнөн тандап алып үйрөнүңүздөр. Иши кылып позитив тартуулай турган нерселер менен алек болуңуздар! Кудай буюрса, бул күндөр да өтүп кетет! 🤗 Божурашып, жакшынааа болуп үйдө отуруп туралы, бири бирибизди алаксытышып 😁🤗 Эртеңден баштап темаларды тандап алып талкуулап, сүйлөшүп, ой бөлүшүп дискуссия баштасакпы? Кандай темаларды сунуштайсыздар? (Пайдалуу, позитивдүү темалардан)
3974   107
26.03.2020
"Мысли - материальны" деп көп угам. Эмнени көп ойлосок, бизден көзгө көрүнбөгөн энергия бөлүнүп чыгат экен дагы, кайра ошол реальность болуп кайтып келет экен. Ишенесизби? Мен ишенем. Ошого, азыр бир гана жакшы ойлорду ойлоп, жакшы ниеттерди кылып, Жараткандан "Бул илдет тезирээк жок болсо экен. Чалдыккандар эртерээк жакшы болуп кетсин..." деп суранып, дуба кылып туралы. Биздин колдон бүгүнкү күндө ошол гана келип турат. Эң башкысы үйдөн чыкпай, бул нерсеге олуттуу карап, эрежелерди так сактап туралы ☝️🙏 Буюрса, жакынкы күндөрү жакшы кабарларды угуп калууну насип этсин 🙏 ________________________________________ Мен жактырган фильмдердин тизмеси менен бөлүшүп өтөйүн : 1. "Секрет" документалдуу фильм (кино эмес☝️). Дүйнөдөгү окумуштуулар биздин оюбуз өзүбүздүн жашообузга кандай түз таасир бере алышын тастыктап, чагылдырышкан. 2. Эгер мелодраманы жакшы Көрсөңүз, анан көптөп бери ыйлагыңыз келип бирок ыйлай албай жүрсөңүз анда "P.S. Я люблю тебя" деген кинону сунуштайм. Айрыкча күйөөсү бар айымдар, сиздер көрүшүңүздөр керек деп ойлойм 😉 3. Эгер сиз 14-24 жаштагы кыз болсоңуз, анан өзүңүздү "мен эч качан сулуу, назик кыз боло албасам керек 😁"деп ойлонсоңуз, анда "Как стать принцессой" деген кинону Көрсөңүз өлө жакса керек деп ойлойм. 😁 Мен ушул кинону окуучу кезимде көргөн элем. "Значит чоңойгондо сулуу эле болуп калат окшойм " деген үмүт пайда болгон эле да 😁🤪 Ошоо, азырынча ошол эле жаңылык. Дагы сүйлөшөбүз да анда ээ☺️ (Жаман эшикти, элдер менен аралашып бака-шака болуп жүргөндү сагындым бирок ☺️) Сиздерде эмне жаңылык анан?😊
3550   106
26.03.2020
Апам айтат бир күнү : "Ушул Шергазы журналисттикке жакшы киришпей жүрөт да. Теле-жылдыз боло турган жөнү бар. Чыгынып Бишкекке көчүп барып, КТРге ишке кирип, номер 1 диктор болуш керек эле" деп кыжаалат 😁😇🤗(Сүрөттөрдү оңго жылдырсаңыздар диктор болуп сүйлөп жаткан видеосун жүктөп койдум. Апамдын сар-санаасы канчалык экенин байкап көрсөңүздөр...) Анан менден улуу эжем бар Гульбарчын деген, Жалал-Абадда. Ал дагы Шергазынын күйөрманы "Канча тойго барам Шергазы алып барган. Баары сонун өтөт. Еще элпек, жөнөкөй бала. Элдин көңүлүнө карап алып барат." деп мактай берет. Ошентип биздин үйдө @shergazy_turdukulov дун 3 күйөрманы бар. Үчүнчүсү өзүм 😁🤗 Мамилеси, жөнөкөйлүгү, жумушуна берилип аткаргандыгы жагат. Анан адамдын аурасы болот го, Шергазы ошол аурасы менен эле маанайды көтөрүп коёт да 🤗 Мен биринчи YouTube дан "Кофе-Тайм" деген программанын алып баруучусу деп тааныгам. Кыскасы, мыкты иним бар деп эстеп, кубанып коюп эле жүрөм.☺️😊 @shergazy_turdukulov Шера, туулган күн кут болсун🤝 Өнүгүп өсө бер✊ Өзүңдөй жайдары келиндүү кыл бизди, кудай буйруп🤗🙏 Кенен келечек, Чооң ийгиликтерди каалайм сага 🤗 _________________________________________ Ушул куттуктоону окугандардын арасынан Шергазыны жакшы тааныгандар же сырттан тааныгандар болсо, сиздер да куттуктап өтсөңүздөр болот. Тааныш эместер деле жылуу сөз арнап жазып койсоңуздар деле болот.🤗 Анткени, жылуу сөздөргө татыктуу бала, отвечаю😉☺️
8091  
29.11.2019
Достоооор😇😇😇 Кубанычтуу кабааар💃💃💃 Оооо немечииии Гульназ Чыныбек кызы @ktrkmuzyka каналдын жыл жыйынтыктоочу номинациялардын экөөсүнө кошулуптур даааа, прикиньте😇💃 Кечээтен бери качан айтсам, кантип айтсам деп толкундаганский😅😜 Ошол тизмеге кошулсам эле утуп чыккансып сүйүнөм го 😀🤗😇 Сүйүнчүлөп сториске жүктөп койсом, сиздер добуш берип кечээтен бери эки номинациядан тең биринчиде турабыз😇💃😎 Бирок, азырынча сүйүнгөнгө эртерээк. Анткени добуш берүү 5-декабрга чейин жүрөт экен. Демек, сиздердин колдооңуздар өтө керек болуп турган кез,достор 😇🤗 Көптөп жиберсек ФИНАЛга өтүп кетишибиз деле мүмкүндөй болуп турат 😇 Кантип добуш берсе болот экенин сториске жарыялап коёюн. Сиздер болсо(татыктуу деп эсептесеңиздер) добуш берип басканда канча процент болгонун кайра келип комментке жазып коюңуздар ээ😇🤗 Рахмаааат😇🤗🙏 Кеттик андааа🤗
2954   176
02.04.2020
Кымбаттууларым! Ушинтип атагым келди... Анткени ар бир кыргыз, ар бир Кыргызстандык бири-бирибиз үчүн кымбат болгон күнгө туш болдук! Бүгүн бөлүнүп жарылуунун, бири-бирибизди айыптоонун, күнөөлүү адам издөөнүн учуру эмес деп ойлойм! Азыр баарыбыздын душманыбыз бирөө эле - ал ВИРУС!!! Кыргызстандыктардын гана эмес, жалпы адамзаттын душманы - ошол вирус болуп турат! Дүйнө эли "Сен эмне кылдың? Мен эмне кылдым?... Тигилер кана? Булар Кана эле Кана?" деп элди дүрбөлөңгө салып, бөлүп жарып эмес ☝️ Тескерисинче баары бир муштум болуп биригип, ✊болгон күчтү бир нукка жумшап Адамзатка келген бул апаат менен күрөшүп жаткан учур! Кудайдын каары келсе, биз колунан эч нерсе келбеген жөнөкөй гана пенде экенибизди эскертип жаткандай... Андыктан болгон энергиябызды, оюбузду, ниетибизди, тилегибизди бир гана жакшылык тилегенге буралы, кымбаттууларым🙏 Бири-бирибизге жакшы сөз айтып, жакшыдан үмүт үзбөй, ниетибиз менен жакшылык чакыра турган күндө турабыз! Ансыз да күндө көбөйүп баратат деген сыяктуу жагымсыз кабар ар бир адамды ар кандай жагымсыз жагдайга салып турган учур! Бири-бирибизди, өзүбүздү аяйлы! Жакшы күндөр сөзсүз алдыда күтүп турган болсун! Ар бириңиздер кымбатсыздар. Сабыр менен жеңип чыгалы!✊✊✊🙏🙏🙏