Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
1006  
05.12.2019
Ушундай экен: 💐 Кубанып жашайм десең, кумурскадай иштегин. 💐 Ит сени тиштесе, сен итти тиштебе. 💐 Бардык адамда кемчилик бар. Андыктан кемчиликтериңе кейий бербе. Бирок эч качан жасалма күлүп арамза болбо. 💐 Ишиң болбой жатса, кайрадан жасагын. Ташты бир тамчы эмес, арты артынан тамган тамчылар тешет. 💐 Бул дүйнө бир даракка окшойт. Биз болсо ал дарактагы, кээси чийки, кээси бышкан мөмөлөр сыяктуубуз. 💐 Бир жылда кырк китеп окуйм десең, күнүгө жыйырма беш беттен окуганды адат кыл. 💐 Бир китеп окусаң, баарын билем дейсиң. Эки китеп окусаң, акылыңдан шек санай баштайсың. Үч китеп окусаң эч нерсе билбей турганыңды түшүнөсүң. 💐 Кол тийбеген кыз кааласаң, кол тийбеген эркек бол. 💐 Баардыгы узак жашагысы келет. Бирок бири да картайгысы келбейт. 💐 Күзгүдөн өзүңө өзүң жакпай жатсаң, күзгүнү эмес, өзүңдү оңдо. 💐 Үйрөнүүнү токтотуп койгон адам, жыйырма жашта болсо деле, сексен жаштагы карылардын катарына кирет. 💐 Он сомуңуз түшүп калса, аны табыш үчүн жүз сомуңузду коротосузбу? Албетте жок. Анда бирөөнүн сиз жөнүндө беш мүнөт былжыраганы үчүн, кымбат убактыңызды коротпоңуз. 💐 Бул дүйнөнү жакшы билсең алданбайсың. Тиги дүйнөнү жакшы түшүнсөң алдабайсың. 💐 Сен бара турган караңгы мүрзөңдүн прожектору түнкү тахажут намазы. 💐 Керсейип бой көтөрүү- белге байланган таш сыяктуу. Аны менен сүзгөнгө да, учканга да болбойт. 💐 Атасы же энеси өлгөндө жаназасына турбаган, кабырга өз колу менен койбогон уулдун кейигенине ишенүүгө болобу?! 💐 Каргалар гүл бакчаны ээлеп алса, булбулдун үнү өчөт. 💐 Жалгыздыктын эң жаманы, сени түшүнбөгөндөрдүн арасында калуу. 💐 Күн баардыгынын башына бирдей тийет, бирок гүл башка, тикен башка жыттанат. Топтогон Жеңишбек Жумакадыр