906 27
09.03.2020
💐Адамдагы аруулук алыстады.
Эми көрүнөбү жокпу белгисиз.
💐Ар кимдин чайына шекер болбоңуз. Шекер эригенден кийин ишиңиз бүтөт.
💐Эй, адамдардын айыбын издеп, аны жайган киши! Бейишке кирсең деле ал жерде сенден башка тикен табылбас.
💐Ушунчалык сонун адам бол. Бирок аны далилдеш үчүн эч качан убакыт коротпо.
💐Инсандык бир жыл мода болсо, кандай болор эле.
💐Адамдын бийиктиги сүйлөгөнүнөн эмес, жасаган ишинен билинет.
💐Дүйнөдө кемчиликсиз эки инсан бар:
бири өлгөн, бири төрөлө элек.
💐Көздөн ыраак болгон, көңүлдөн ыраак болот дешет.
Мен айтам: Көңүлгө кирип, көздөн ыраак болсо не болот...
💐Галстуктун түрүн тагын. Калыстыгың болбосо аларың иттин каргысынан айырмасы жок.
💐Ар ким билгенин гана сүйлөсө, дүйнө ушунчалык тынчтыкка бөлөнөт эле.
💐Сага түндүн бир оокумунда эшигиңди тыкылдатып, жолоочу же аргасы түгөнгөн жардамга муктаж адам гана келет. Сен да ушул мезгилде колуңду жайып Жараткандан каалаганыңды сура. 💐Жок дегенде бул дүйнөдө инсандык калсын. Биз ансыз деле кетебиз.
💐Кээде коркуп да кетем. Бири чыгып:
бир да жолу калп айтпаган ким бар деп сураса, кол көтөрө албай туруп беребизби деп.
💐Кандай болсоң, ошондой көрүн. Кандай көрүнсөң ошондой бол.
💐Адамга эң кыйыны- күн сайын адам болуу.
💐Жетилгенде балаңды күнөөлөбө.
Ал сенин издериң менен басып келген.
💐Кечирүү жана унутуу- жакшы адамдардын өч алуусу.
💐Белгилүү бир акмак, караңгы акмактандан өткөн акмак болуп саналат.
💐Көрүнгөн акчалууга барып жагалданган адам- шыпаасы жок жаман оорудай.
💐Ар бир көңүлдүн жүз эшиги бар.
Туура таба билүүгө таза көңүл керек.
⠀
Топтогон Жеңишбек Жумакадыр