751 15
08.03.2020
КР Эл акыны Омор Султанов. Көп эле махабат жөнүндө ыр жазгандар бар. Омар агабыз чындап сүйүү дартына чалдыккан экен. Ырларынан билинип турат.
Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,
Силерди, ак булуттар, жолдош кылып.
Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,
Отурам эскерүүдөн ичтен сызып.
Сезгендей айрыларды коркор элем.
Алтын кум, сен баарына орток элең.
Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,
Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.
Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айды алып баратканда ак булуттар.
Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,
Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди.
Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,
Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.