KANYKEI
@kanykei_original
KANYKEI

Подписчики: 230893
Посты: 728
Подписки: 95
Школа вокала Каныкей 🎙🎼 @kanykei_vokal

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1710   25
10.09.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
«В диалоге с жизнью важен не её вопрос, а наш ответ»Марина Цветаева. __________________________ Заманымда канча адам кордум баардыгы идеал эмес. Жок кынтык издебейм. Жамандык издеген адамдын озу жаман. Тек гана байкаганым паракордук. Адамдын озундо жашаган калыстык ар дайым озу мн кала берет. Ал эми башка «сапаттын» ээлери аны жумушунда жана жашоосунда созсуз колдонушат. Ушул ыплас нерселерди коргондо кейийм. Озум учун эмес(ансыз деле оз омурум оз колумда) ошол эски «акебай, жакебай» деген система мн устомдук устундо отуп жаткан пас, маскара, кыянаттык колдонулган тепкичтен тушпогон адамдар учун. Жашоо бир гана жолу келет,бирок, бир келген омурдо олбочудой болуп, креслосун кучактап алып жаштарга жол ачпаган ак сакалдар ааламга жол ачмак турсун озулорун тозокко кептеп жатканын тушунушпойт. Ошондон улам жаштар «жашоо жалган» -деп кол шилтеп эч нерсеге ишенишпейт. Ишеничти кетирбегиле оо айланайын адамзат!
Загрузка...
1271   34
18.06.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
@madina081211 Мени абдан куп жараштыра туураган кичинекей таланттуу кыздын оркуну оссун! Кичинекей болгонуна карабай коомдун корунушун дилгир айигинелеген -бул кызда чон талант бар! Келечегин кен болсун! _______________________________P.s Мен чындыгында 9-орто мектебинде окугам. (1994-2005) Гуманитардык сабактарды абдан жакшы корчумун. География мн биология сабактарын калтырчу эмесмин. ///Эсимде калганы -кыргыз тил жана адабият сабактарын терен тушунууго чон аракет кылчумун, анткени, аябай кызыкчу элем. Ошол убакта Кулова Гулжан Эжейден бардык мектеп коркчу эле. Эмнеге дегенде оз ишин абдан мыкты билген, кесипкой адам болчу тура. Биз -балдар, урушканынан коркуп эле оюнга качып, айтканын укпай уруш жеп эле калчубуз. Бала экенбиз. Ошондон айтылган - «акыл айтсан тындабайт, акмактын корку жемеде» -деген соз бекеринен эмес экен. Азыр мен кыргыз тилин жакшы билем. Бирок, эн мыкты билуу учун дагы,дагы кобуроок тарбия алсам дурус болмок экен -деп бугунку кундо окуном. Болбосо залкар Чынгыз Айтматовго жетпесем да жакыныраак болууга, чыгармаларды жазганга аракет кылмакмын -деп ойлоп калам. ❤️💐🇰🇬
478   5
01.06.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Бала -бакыт, бала -суйуу! Суйуу -деген, бул жашоодо сейрек кездешуучу бир асыл нерсе. Ал нарксыз, баасыз болот. Жон гана анын бар болгону учун, жашоондо пайда болгондугу учун суйунуу керек. Эгер сага суйуу келген болсо анда сен бактылуусун. Ошол эле учурда суйуудон эч качан пайда сураба. Пайдалуу болгудай суйуунун баасы жок, сатылбайт дагы. Суйуу бийик тоодой болгондон кийин ошондой эле суук болот. Дегеним сен баланды суйсон ал качандыр бир чонойгондо озунчо болунуп, башка жакка тамырлап кетээрин бил. Бул деген закон ченемдуу нерсе. Бул учун кыжалат болбош керек. Бардык нерсе убактылуу, бирок ошол аз омурдо журогунорду бир асыл жанга арнаган болсонор анда чындап суйгон экенсинер. Суйуу эки тараптуу болот -деп эч ким кепилдик бербейт. Даяр болгула. Андыктан бир гана суйгуло ❤️