KANYKEI
@kanykei_original
KANYKEI

Подписчики: 230893
Посты: 728
Подписки: 95
Школа вокала Каныкей 🎙🎼 @kanykei_vokal

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
6885   219
17.02.2020
-- Каныкей, шоу бизнестин горизонтунан жок болуп кеттиң, кепти ушундан баштайлы?.. -- Биринчиден, мурун мен жалгыз бой кыз болчумун. Өзүм менен өзүм, убакыт толтура. Кайда барсам өзүм билип дегендей. Турмушка чыккандан кийин бир башың эки болот экен. Мурун жүз тууганым болсо, азыр эки жүз тууганым пайда болду. Анан балалуу болуп, алар менен алышып жатып калдым. Бир башым эки, анан үч, анан төрт башка жеттик. Күйөөмдү, балдарымды таштап кете албадым. Жашоом толук кандуу үй-бүлөлүк нукка бурулду. Концерттен концертке чыгып, гастролдоп, клип тарттырып, ыр артына сүңгүп кетпедим. Шоу бизнестин эшигин ачып-жаап коюп жүрөм. Турмушка чыккандан кийин негедир жандүйнөмдү буркан-шаркан кылып жарып чыккан ырлар да келген жок. -- “Турмуш” деп кеттиң, жолдошуң менен кантип таанышып калгансың? -- 2006-жылы “Бител” мобилдик оператору жаңыдан чыгып, кыска аралыкта эле жаштарды өзүнө тартып алды. “0502” менен башталган номур алдым. “503 кодунда меникине окшош ким болду экен?” деп кызыгып чалдым. Гудок кетти. Коркуп кетип коюп салдым. Ал абонент мага кайра чалды. “Бул ким болду экен? Эмне максатта чалдыңыз эле?” деди. Мен ага “жөн эле. Экөөбүздүн 6 номурубуз окшош экен. Сеники “0503” менен башталса, меники “0502” менен” деп, анан бири-бирибизди жакындан сураштырып, кай жердин кулуну, кайда окуйт, жашы канчада?.. Ал да мени сурап, анан маал-маалы менен телефондон сүйлөшүп турдук. Ал агрардык академияда, мен МУКта жана БГУда. Ал Нарындан, мен Чүйдөн, экөөбүз тең 19да экенбиз. Бир айдан кийин бетме-бет жолугушууну өзүм демилге көтөрүп, менин окуган жериме келди. Карапайым бала экен. Назар салып калыптыр. А мен анча көңүл буруп, маани деле бергеним жок. Жаңыдан шоу бизнеске аттанып, өз ишим менен алек болуп жүргөн кез. Бала болсо Америкага иштегени кетти. 2011-жылдары ошол жактан кайра кезиктик. Гастролго баргам. Биз ага чейин соцтармак аркылуу байланышып турчубуз. 👇🏻👇🏻👇🏻
Загрузка...
5155  
09.10.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
@akorgocity.kg Тарткан «Жора Гуля» аттуу кыргыз тасмасы аябай жакты. Мыкты идея, жаны дем, бюджеттуу кыргыздын тарыхында калчу комедия жанрындагы мыкты тасма болуптур!Бюджеттуу дегеним машинени талкалап аскадан кулатып(ой тобоо) анан калса Голивудда жургондогудой бир уйдо Жора, Гуля, Тоха,Зуура каршылаш тарап мн мушташкан жери эми бир укмуштуудай кулку жаратса коруучунун боору эзилип, Зууранын оозун кыймылдаткан кылыгы ташты жарат го чиркин 🤣😂 Бул жерде кулдуруу оной деген мн билсениздер комедияны жаратуу абдан оор. Режиссёрго абдан чон баа бердим! @kubanychh ❤️🙏🇰🇬 Анан ушундай кыргыздын демине дем кошкон Жора мн Гулянын образын жараткан инсандардын артында чон куч болгон алтындай жубайларына аябай терен таазим кылам! Ушундай гениалдуу иш алпарып жаткан таланттарды колдогонунарга Рахмат!