KANYKEI
@kanykei_original
KANYKEI

Подписчики: 230893
Посты: 728
Подписки: 95
Школа вокала Каныкей 🎙🎼 @kanykei_vokal

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
1835   31
18.02.2020
Ойумча Меган мн Гарри чон резонанс жаратты. Негизи биз кичинекей кезибизден эле жомокко ишенген жандарбыз. Ошондуктан ар бир нерсе жомоктогудай, алтын аяктан суу ичкендей аяктаса дейбиз. Бирок жашоо биз ойлогондой эмес. Меган деле -«Хан сарайга жеттим, эми кылым карытып «золушкага» окшоп отура берейин» -деп даярдын даамын сызып олтуруп алса деле жарашмак. Бирок хандыктын ошого жараша тузагы бар экенин эч ким биле бербесе керек. Кылымдан кылым карыткан алтын сарайдын ооматын которо билуу да чон туйшукту талап кылат,бул чындык. Меган мн Гарри тескеринче -ал кучубуз бар кезде, озубуздун жашообузду оз алдынча курабыз, устомдук устундо бактылуу болбой эле койдук -деп басып кетишти. Бул деген чон бурулуштан мурда эбегейсиз эрктуулук, эстуулук. Жомок артынан жомок болуп кеткидей жомокто жашап аткан эместигибизди эсиме дагы бир жолу салган замандашым ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды! Биздин заман -ар бирибиздин оз мумкунчулукторубуз укмуштай кенен экендигин далилдеген заман. Ар бир адам оз ырыскысы, тандоосу бар экенин унутпоо керек. Мумкунчулуктор чексиз! Бир ганa изденишибиз керек экен. Турмуштагы эн чон байлык бул эркиндик! Эркин жашоо учун канчалаган байыркы эл кан тогуп зарланган. Ал эми азыркы заманда эркин болуу учун бир гана чечкиндуулук жана талыкпаган эмгек керек! Жашоо бар!
6885   219
17.02.2020
-- Каныкей, шоу бизнестин горизонтунан жок болуп кеттиң, кепти ушундан баштайлы?.. -- Биринчиден, мурун мен жалгыз бой кыз болчумун. Өзүм менен өзүм, убакыт толтура. Кайда барсам өзүм билип дегендей. Турмушка чыккандан кийин бир башың эки болот экен. Мурун жүз тууганым болсо, азыр эки жүз тууганым пайда болду. Анан балалуу болуп, алар менен алышып жатып калдым. Бир башым эки, анан үч, анан төрт башка жеттик. Күйөөмдү, балдарымды таштап кете албадым. Жашоом толук кандуу үй-бүлөлүк нукка бурулду. Концерттен концертке чыгып, гастролдоп, клип тарттырып, ыр артына сүңгүп кетпедим. Шоу бизнестин эшигин ачып-жаап коюп жүрөм. Турмушка чыккандан кийин негедир жандүйнөмдү буркан-шаркан кылып жарып чыккан ырлар да келген жок. -- “Турмуш” деп кеттиң, жолдошуң менен кантип таанышып калгансың? -- 2006-жылы “Бител” мобилдик оператору жаңыдан чыгып, кыска аралыкта эле жаштарды өзүнө тартып алды. “0502” менен башталган номур алдым. “503 кодунда меникине окшош ким болду экен?” деп кызыгып чалдым. Гудок кетти. Коркуп кетип коюп салдым. Ал абонент мага кайра чалды. “Бул ким болду экен? Эмне максатта чалдыңыз эле?” деди. Мен ага “жөн эле. Экөөбүздүн 6 номурубуз окшош экен. Сеники “0503” менен башталса, меники “0502” менен” деп, анан бири-бирибизди жакындан сураштырып, кай жердин кулуну, кайда окуйт, жашы канчада?.. Ал да мени сурап, анан маал-маалы менен телефондон сүйлөшүп турдук. Ал агрардык академияда, мен МУКта жана БГУда. Ал Нарындан, мен Чүйдөн, экөөбүз тең 19да экенбиз. Бир айдан кийин бетме-бет жолугушууну өзүм демилге көтөрүп, менин окуган жериме келди. Карапайым бала экен. Назар салып калыптыр. А мен анча көңүл буруп, маани деле бергеним жок. Жаңыдан шоу бизнеске аттанып, өз ишим менен алек болуп жүргөн кез. Бала болсо Америкага иштегени кетти. 2011-жылдары ошол жактан кайра кезиктик. Гастролго баргам. Биз ага чейин соцтармак аркылуу байланышып турчубуз. 👇🏻👇🏻👇🏻