3207
47366
17.02.2020
.
.
Жаратканым жашоо жазганда,
Жалгыз эмес жандап алганга,
“Жүрөктөн сүйүп ал” деп түгөй бергенби?
Бирок жүрөк бирдей урбаса,
Сезимдерди алдап урдаса,
Ал андай махабаттын барбы кереги?
Салыштырбай жашоон башкага,
Бар болгонун сүйүп барктаса,
Жараткан пендесине ошол белеги.
Байлыгына бактың байласаң,
Жалган сүйүп, жалган ыйласаң.
Бүгүн бар, эртең бүтөр..., барбы кереги?
Сен кубансаң, кошо кубанса,
Сен ыйласаң, сыздап ыйласа,
Ал ансайын күч алып сүйгүң келеби?
Күн тийгенде жүргөн жаныңда,
Алыстаса бүркөк маалында.
Ал андай ак сүйүүнүн барбы кереги?
Аруулукту бийик кармаса,
Ак куу сымал бирди тандаса.
Акыры бакыт сага өзү келеби?
Ак сүйүүнүн үйүн курбаса,
Аяп сүйүп, коргоп турбаса.
Ал андай махабаттын барбы кереги?
Сүйүү кымбат, сүйүү түбөлүк,
Махабатсыз жашоо бүдөмүк,
Өмүрдө сүйүп жашап, сүйүп өтөлү.
Жаратканым жашоо жазганда,
Жалгыз эмес жандап алганга,
“Жүрөктөн сүйүп ал” деп түгөй бергенби?.
.
.
Көйнөк @mmr_bishkek 💖