12532
30.01.2020
БАЛА ТАРБИЯЛОО БОЮНЧА АТА-ЭНЕЛЕРГЕ НАСААТ
@taalim__ баракчасынан алынды.
1. Балдарыңа “Лаа илааха иллаллах” келмесин кыргызча мааниси менен кошо үйрөт. Келменин кыргызча мааниси “Аллах гана сыйынууга татыктуу” же “Аллахтан башка сыйынууга татыктуу эч бир Зат жок” экендигин терең түшүндүр.
2. Балдарыңдын көзүнчө Аллахтын мээримдүүлүгүн, ырайымдуулугун дайым эскер жана алардын жүрөгүндө Аллахка болгон сүйүүнү пайда кылган сөздөрдү айт. Анткени Аллах гана бизди жаратып, бизге өмүр берди, ырыскы берди, жашообуздагы бардык муктаждыктарыбызды ишке ашырды жана бизди мусулман кылып жаратты.
3. Балдарыңды күнөө кылуудан эскерт, айрыкча жалгыз калган кезде күнөө кылуудан сактан деп эскерт. Анткени биз каерде болбойлу, Аллах Таала бизди дайым көрүп турат. Анын жүрөгүндө “Аллах сени дайым көрүп” турат деген сезимди жарат.
4. Аллахтын ысымы айтылган сөздөрдү көп айт, мисалы, тамак же суусундук ичерден алдын “Бисмиллах” деп айт, бүткөндө “Альхамдулиллах” деп айт. Бир нерсеге суктанганда же таң калганда же сүйүнгөндө “Субхааналлах” же “МашаАллах” деп айт. А эгер бир ишти аткарууга убада кылсаң, же бирөөгө убада берсең “ИншаАллах” деп айт.
5. Балдарыңа Пайгамбарыбыз тууралуу жана анын кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму, анын сыпаттары тууралуу айтып бер.
6. Ыйманга тыгыз байланышкан кээ бир суроолорду бер, мисалы, “Раббиң ким? Диниң эмне? Пайгамбарың ким? Аллах бизди эмне үчүн жараткан? Бизге ырыскы берген, бизди тамактандырган, суусунубузду кандырган, бизди кийиндирген ким?” деген сыяктуу суроолорду маал-маалы менен сурап тур. Ошондой эле Исламдагы эң чоң күнөө – ширк экенин жана ал кечирилгис күнөө экенин түшүндүр. Адам Аллахка гана сыйынып, Андан гана сурап, Ага гана таяныш керек деп Аллахтын кудуреттүүлүгү туурасында дайым айт.
Толугу менен @taalim__баракчасынан окусаныздар болот