ОТЛИЧНИК КУЛЬТУРЫ, ПЕВИЦА НЕЛЯ
@nelya_nurkulova
ОТЛИЧНИК КУЛЬТУРЫ, ПЕВИЦА НЕЛЯ

Подписчики: 1649492
Посты: 2947
Подписки: 64
0555157675 0706157675 По вопросам сотрудничества пишите в DIRECT Подписывайтесь на наш You tube канал 👇👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCuANqkBOC2p_AZcdKMhEX-g


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
9959  
13.10.2019
☝🏻5 ИШТИ АТКАРМАЙЫНЧА УЙКУГА ЖАТПАГЫН !!!* _ Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (с.а.в) Алини (р.а) жанына чакырып, ага мындай деди. Бул 5 ишти аткармайынча төшөккө жатпагын: 1⃣📖. Куранды толук окумайынча. 2⃣. 💎4000 дирхамды саадака бермейинче. 3⃣. 🕋Каабаны зыярат кылмайынча. 4⃣. Бейиштен бир орунду ээлемейинче. 5⃣. Ыза бергендеринди ыраазы кылмайынча. _Ошондо, таң калган Али (р.а):" Мен булардын баарын кантип аткарам"-деп сурады._ _Пайгамбарыбыз (с.а.в) минтип жооп берди:_ 1⃣. Ихлас сүрөөсүн 3 жолу окусан Куранды толук окуган болосун. Окулушу: *Кул хуваллааху ахад. Алоохус сомад. Лам йалид ва лам йууллад ва лам якун лаху куфуван ахад.* Котормосу: _Айткын:Аллах Жалгыз! Аллах эч кимге муктаж эмес! (Ал) төрөбөгөн жана төрөлбөгөн! Ага эч ким тендеш эмес!_ 2⃣. Фатиха сүрөөсүн 3 жолу окусан 4000 дирхам садака кылгандай болосун. Окулушу: *Алхамду лиллаахи роббил ааьламиин. Аррохманир рохиим. Маалики явмиддин. Иййаака наьбуду ва иййаака настаьиин. Ихдинас сироотал мустакиийм. Сироталлазина аньамта алайхим гойрил магдзууби алайхим ва ладзоолиийн.* Котормосу: *Мээримдуу,ырайымдуу Аллахтын аты менен! Ааламдардын Эгеси болгон Аллахка мактоо! (Ал) мээримдуу, ырайымдуу. Кыямат кундун падышасы. Биз Сага гана сыйынып, Сенден гана жардам сурайбыз. Озун бизди туура жолго баштагын. Ошол Сенин каарына калбагандар жана адашпагандарга Озун тартуулаган жол.* . 3⃣. Ушул дубаны 10 жолу айткан Каабаны зыярат кылгандай болосун. Окулушу: *Лаа илааха иллал-ллоху, уахдаху лаа шариика лах, лахул мулку уа лахул хамду, уа хува алаа кулли шайин кодиир.* Котормосу: _Аллахтан башка Кудай жок. Ал өзү гана. Анын шериги жок, мулк Аныкы. Мактоо Ага гана. Ал бардык нерсеге кадыр._ 4⃣. Ушул дубаны 10 жолу айтсан- Бейиштеги ордунду сактаган болосун. Окулушу: *Лаа хаула уалаа кувата илла биллахил алииул азиим.* Котормосу: _Куч жана кубат бир гана Аллахка таандык. Аллах Улуу, Бийик._ 5⃣. Ушул дубаны айтсан- ызаа бергендеринди ыраазы кылган болосун. Окулушу: *Астагфирул-лоохал ьазиималлазии лаа илаха илла хувалхаййул коййууму ва атуубу илайхи* Котормосу: _Ушундай Алладан кечирим сураймын, андан башка ибадатка ылайыктуу зат жок, Ал тирүү, Түбөлүктүү жана Ага гана тообо кыламын._
Загрузка...
9927  
16.10.2019 Frunze, Bishkek, Kyrgyzstan
СУУ МЕНЕН КОП ООРУДАН АЙЫГЫП, АРЫКТАСА БОЛОТ!!! . Биздин организмибиздин 2/3 бөлүгү суудан турат. Күн сайын дем алуубузга эле 2-3 стакан суу өзүнөн-өзү сарпталып жок болот. Ден соолуктун чың болушу жана теринин эрте картайбашы үчүн окумуштуулар ар бир адамга күн сайын 6-8 стакан суу ичип турууну сунушташат. Дарылыгы Заманбап жашоодо сууну эртең менен эрте туруп ачкарын ичсе дарычылыгы болору көпчүлүккө белгилүү. Суунун дарылык касиети бар экендиги илимий изилдөөдө да далилденди. Белгилүү болгондой, суу менен коп ооруларды алдын алып, айыктырууга болот. Эртең менен ойгонор замат бир стакан сууну ачкарын ичиңиз. Андан кийин тишти жууңуз. Бирок 30 мүнөткө чейин эч нерсе ичип-жебеңиз. Жарым сааттан соң кадимкидей тамактаныңыз. Жашооңуздагы бузулгус эрежеге айлантып коюңуз. Арыктагыңыз келсе... Сиз өзүңүздү ачка сезген учурларда, чындыгында, ачка эмес, суусап жаткан болушуңуз да ыктымал. Бирок сиз аны сезбестен, "ачкамын" деп ойлоп тамактанасыз. Ошондуктан, алгач суу гана ичиңиз. Эгерде ачкалык өтүп кетсе, демек, чын эле суусап жаткансыз. Бул ыкма арыктагысы келгендер үчүн жакшы. Анткени, суу ичип курсагы ачканын сезбей калат да, тамакты аз иче баштайт. Тери жаш, сулуу болуш үчүн... Сууну күн сайын жетиштүү ичүү терини дайыма суу менен камсыздап, анын серпилгичтигин жоготпойт. Демек, бырыш эрте түшпөйт. Суу организмдеги ар кандай уулуу заттарды (токсиндер) айдап чыгарат. Ал эми суу жетишпесе, дал ошол уулуу заттар организмге чогула берет да, акырында алар тери аркылуу чыгууга аракет кылышат. Мунун натыйжасы безеткиге, экземага алып келет. Ден соолугунуз чын болсун! #полезныйпост #вода #будьтездоровы
9856   90
06.12.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
Зикирдин пайдасы. 1) Аллахты сүйүүнү, Ага жакындыкты, Андан коркууну, Ага тооба кылууну, кайтууну жаратат. Анын ыраазы болушуна, дайым сага назар салып туруусуна себеп болот. 2) Жүрөктөн кам-кайгыны айдап, ордуна шаттык-кубанычты тартуулайт, жүрөктө тазалыкты күч-кубатты жана сергектикти жаратат. 3) Жүрөктө бир боштук бар, аны Аллахтын зикиринен башка эч нерсе толтура албайт. Бир катуулук бар, аны да Аллахтын зикиринен бөлөк эч нерсе жумшарталбайт. 4) Жүрөктүн шыпаасы, дарысы, – зикир! 5) Коп зикир кылуу ыймандын күчтүүлүгүн, Аллахка болгон сүйүүнүн чындыгын билдирет. Анткени, ар бир жүрөк сүйгөнүн көп эскерет. 6) Эгер пенде кененчилик, жеңилчилик убактысында зикири менен Аллах Тааланы тааныса, Аллах Таала аны башына оор иш түшкөндө тааныйт (жардам берет). . 7) Зикир Аллахтын азабынан кутулууга, асмандан тынчтык- бейпилдик түшүшүнө, Аллахтын ырайымы ороп алуусуна себеп болот. Зикир кылуучуга периштелер истигфар айтышат. (Күнөөсүн кечиришин Аллахтан сурашат) 8) Зикир себептүү тил бейпайда сөздөрдөн, кыйбаттан, ушактан, жалгандан жана башка жаман, арам сөздөрдөн машгул болот. 9) Зикир эң жеңил ибадат болушуна карабастан, эң улук, эң абзел ибудаттардан. Ал – бейиштин көчөтү. 10) Зикир адамдын салабатуу, ырахаттуу, жаркын жүздүү болушуна себеп болот. Себеби ал – нур! Дүйнөдө да, мүрзөдө да, акыретте да жарыгы тиет. 11) Зикир өз ээсине Аллах Тааланын жана периштелеринин ырайымын алып келет Аллах Таала Өзүн зикир кылган пендеси менен периштелерге сыймыктанат. 12) Жакшы амал кылгандардын арасындагы эң абзелдери дагы, орозо кармагандардын арасында эң абзелдери дагы зикир кылуучулар. 13) Зикир ооруңду жеңил, кыйынчылыгыңда оңой кылат. Ырыскылуу болушуңа жана денеңдин кубаттуу болушуна шарт түзөт. 14) Шайтанды айдайт, кордойт жана жер менен жексен кылат.
9795  
03.12.2019
#Repost @urmat_usenov with @make_repost ・・・ Акырын кыймылдап, алдыга баратабыз. Аллах Таалама шүгүр, сени себепчи кылып, пешенебизге эки перзент берип, кубанычка ороду... Бирге баскан бир таман жолубузда ар кандай күндөрдү кечирип келебиз. Арасында жакшысы болсо ашырып,жаманы болсо унутуп, жанымда болгонуна ыраазымын. Элге окшоп эселеп деле эркелетип жиберген жерим жок, ашырып алаканга салдым деп да айта албайм. Бирок бир нерсени так айта алам:сага болгон ниетим түз, тилегим ак, үмүтүм зор, сезимим күч! Аллах Таалам аманат кылган сени, кандай гана коркунуч болбосун коргоп алганга кудуретим жетет!Өмүрдү бирге сүрүп, балдардын бактысын чогуу татып, тең карып, ак баскан саамайындан сылап, бырыш тарткан колуңдан таяп, тамашага салып, небере жытын жыттаганыбызды тилек кылып жашап келем. Мага чыдаган, анан мендейди чаап алган кыйын эле кыз экенсиң..)) Сени менен дагы бир сонун жыл өттү. Эми эмки жылды дагы жакшы үмүттөр менен күтөм. Эч кабатыр болбо, биз сени абдан жакшы көрөбүз . Урмат, Нурэл жана Жазэл.