ОТЛИЧНИК КУЛЬТУРЫ, ПЕВИЦА НЕЛЯ
@nelya_nurkulova
ОТЛИЧНИК КУЛЬТУРЫ, ПЕВИЦА НЕЛЯ

Подписчики: 1649492
Посты: 2947
Подписки: 64
0555157675 0706157675 По вопросам сотрудничества пишите в DIRECT Подписывайтесь на наш You tube канал 👇👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCuANqkBOC2p_AZcdKMhEX-g


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
10957   239
13.12.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
Пайгамбарыбыздын С.А.В дуасы... Ааламдардын Раббы Аллага шүгүр болсун. Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад Алейхиссаламга, ага ишенгендерге жана анын асхабына салават жана салам болсун. Аллахым! Чыдай албаган кыйынчылыктардан, дүйнө жана акырет иштерибиздеги тардыктан, кайгы берүүчү тагдыр жазмышынан, душмандарды сүйүндүрчү азаптан сага жашынабыз. Аллахым! Күнөөлөрүбузду кечир жана бизди корго, бизге ыраазы бол. Ибадаттарыбызды кабыл кыл, бизди жаннатка кой, тозоктун отунан куткар, дүйнө жана акыретке байланыштуу бүт иштерибизди түзөлт. Сени эстөө , сага шүгүр кылуу жана жакшы ибадат кылуу учун бизге жардам бер, Аллахым!... Аллахым! Бүтүн иштердин акырын жакшы кыл жана бизди дүйнө кайгыларынан, акыреттин азабынан корго... Аллахым! Кайрымына себеп болчу, кечирим бере турган нерселерди жана бүт күнөөлөрдон алыс болууну, жакшылыктардын баарына ээ болууну жана акырында жаннатка кирүүну, ошондой эле тозоктон кутулууну сенден каалайбыз. Аллахым! Эч бир күнөөбузду калтырба, бардыгын кечир, эч бир кайгыбызды калтырба, бизди сүйүнт, бизге бүт карыздарыбызды төлөгөнгө күч жана кубат бер, дүйнө жана акыретке байланыштуу сен ыраазы болгон бүт муктаждыктарыбызды камсыз кыл. Эй, кайрымдуулардын эң кайрымдуусу! Аллахым! Бизге дүйнөдө жакшылык жана сулуулук, акыретте да жакшылык жана сулуулук бер жана бизди ырайымын менен кечир, тозоктун азабынан корго Эй, кайрымдуулардын эң кайрымдуусу! Оо, Кудай! Мени, энемди, атамды жана бүт мусулмандарды эсеп күнү ырайымын менен багышта. Эй, кайрымдуулардын эң кайрымдуусу! Салам бүт пайгамбарларга, шүгүр жалгыз гана ааламдын Раббы Аллагадыр. Амин! #дуа #аллах #аллахвелик #allahuakbar #muhammad
10864  
03.02.2020 Biskek , Kyrgystan
“Жакшылык кыл.” Бүгүнкү сабагыбыз дал ушул темага арналды. Толугу менен менин түз эфиримден көрсөнүздөр болот. Элге жакшылык кылган киши башкага гана эмес, өзүнө дагы пайда алып келет. Жакшы иштерди кылуу эки дүйнөдө тең жакшылыкка жеткирет. «Албетте, Алла Taaлa жакшылык кылгандар менен бирге» Бул дүйнөдө жакшы иштер кишиге кубаныч, рахат тартуулайт. Адамдын жан-дүйнөсүнө тынчтык алып келип, кайгы-капаларын унуттурат жана анын жашоосун жарык, бактылуу кылат. Башкаларга жакшылык кылуу менен киши өзү толук оңоло баштайт. Aнткени башкалардын батылуу болуусуна жардам берүү менен өзү да бактылуу болот. Эгер сен кайгырып жаткан болсоң, анда башкаларды кайгы-кападан арылтууга аракет кылып көр, муктаждарга жардам бер. Оорулуу жанды көргөнгө бар, садака бер, ачты тойгуз, балээ-кырсыкка дуушар болгон адамдарга жардам бер. Башкалар үчүн колунан келишинче жакшылык кыл. Ошондо бактылуулук менен кубаныч сенин жүрөгүңө кантип толуп жатканын сезесиң. Меймандос бол, башкаларга жылмаюу тартуула, жакшы сөздөрдү айт, колдо, соорот, үмүт бер, элдин жашоосун жеңилдет, ар дайым жардам берүүгө умтул... Ким чын жүрөктөн Жараткан Алланын ыраазычылыгы үчүн жана Анын сыйлыгына умтулуп жакшылык кылган болсо, ал сөзсүз өзүнүн мээнетинин түшүмүн көрөт: “Жакшылык кылгыла, анткени Алла жакшылык кылгандарды сүйөт”  Жаратканым биздин иштерибизди бүт көрүп турат жана Ал биз кылган нерселер үчүн, алар анча маанилүү болбосо дагы, сыйлыктарды берет: “Силер кандай жакшылык кылсаңар дагы кудай аны билет” @jazgul_jamangulova мыкты сабак учун рахмат @taalim__ баракчасына жазылыныздар. #бактылууболупжашайлы #таалим
10789   134
24.01.2020
Өмүрдүн баалуулугун эскерген даанышман. Бир даанышман кишиден: "Өткөн өмүрдөн эмнени үйрөндүңүз?" - деп сурашат. Даанышман төмөнкүчө жооп берет: "Өмүр карызга берилип, күнү келгенде кайра алынаарын жана дүйнөнүн өтүп кетээрин түшүндүм." Укугу тепселген адамга, кеч болсо да жардам берилерин түшүндүм. Биз капылетте калган кезде, көз ирмемчелик убакыттын ичинде ажал келип, өмүр бүтүп калышы мүмкүн экендигин түшүндүм. Жылуу сөз, жылмайып турган жүз - адеп-ахлактын эң жогорку даражасы экендигин түшүндүм. Ден-соолугу чың, тынчтыкта жашаган адам - бул ааламдагы эң бай адам экендигин түшүндүм. Өмүр бүтсөдө да, жумуштун эч качан түгөнбөстүгүн түшүндүм. Адамдарга сөзүнүн уккулуктуу болуусун каалаган адам, оболу өзү адамдардын сөзүн угуусу зарыл экендигин түшүндүм. Адамдар менен сапарга чыгуу бул - микроскоп сыяктуу. Ал адамдардын ички дүйнөсүндө эмнелер бар экендигин көргөзүп берээрин түшүндүм. Кени алтындан болгон (жан дүйнөсү таза) адамдын, кени алтын (ички дүйнөсү таза) бойдон каларын, жана кени темирден болгон (ички дүйнөсү начар) адамдын темирин дат басарын түшүндүм. Кабырда жаткан адамдардын бардыгы, тирүү кезинде иштешкен, аларда чоң-чоң максаттары болгон, бирок ал максаттарынын көбүнө жетпей калышкандыгын түшүндүм. Ата- энеңе кандай мамиле кылсаң, балдарыңдан сөзсүз ошондой мамиле көрөрүңдү түшүндүм. Жалкоолонуп эч нерсе кылбай ар кимден суранган адамдын ырыскысын Жараткан кем кылып койорун түшүндүм. Чыныгы ыклас менен кылынган тилек -дуба сөзсүз бир күнү кабыл болорун түшүндүм. @taalim__ баракчасына жазылыныздар
10734   196
17.01.2020
Жума кунунуздор менен... • Дүйнөдө телегейи тегиз үй – бүлө жок. Анткени телегейи тегиз болгон адам болбойт. Эгерде үлгүлүү үй – бүлө болсо, анда ал үйдө көп жылдар бою сабырдуулук, түшүнүү, акылмандык жана жубайлардын бири – бирине жол берип жашагандыгынын натыйжасы. • Көпчүлүк учурда жаштар бири – бири тууралуу эч нерсе билбей туруп баш кошуп алышат. Мүмкүн экөөнүн бирөөсү сараң, өзүмчүл, акылсыз болуп чыга келет. Жыйынтыгында, көңүл калуу, чыр – чатактар келип чыгат. Мындай учурда капа болуунун кажети жок. Эгерде жогорудагы сапаттар өтө эле зыянын тийгизбесе, анда маселени чечүүгө өзүңүз аракет кылыңыз. Анткени баардык адамда билинбей жаткан терс сыпаттар болот. Мухаммад пайгамбар (саллаЛлаху алейхи ва саллам) мындай деген: “Күйөөсү аялын жек көрбөш керек. Эгерде аялынын кандайдыр бир сыпаты жакпаса, анда ал башка сыпатына ыраазы болушу керек”. Бул хадис эркектерге тиешелүү. Бирок хадисте жубайлардын бири – бирине болгон идеалдуу мамилеге карата аябагандай зор маани жатат. Мисалы, күйөөсү аялынын катылып жаткан жөндөмдүүлүгүн байкап, ошол сыпаты үчүн кайрадан жакшы көрүп, сезимдерин жаңылоосу мүмкүн. Бир акылмандан сураган экен: “Сиз жубайыңыз менен көп жылдан бери өмүр сүрүп келе жатасыз. Үй – бүлөңүздүн сыры эмнеде?” – деп сураганда, акылман: “Биздин убакта бузулуп калган буюмду оңдоп – түзөп алчубуз. Ал эми азыр таштап салышат” – деп жооп берген экен. • “Сага кандай мамиле кылууну кааласаң, сен да адамдарга ошондой мамиле кыл”, бул эреже үй – бүлөнүн ичинде да сакталуусу керек. Жолдошуңуздун жакшы сыпаттарын таап, байкап, аларды мактап койсоңуз ашык болбойт. Бирок аша чаап мактасаңыз да аракетиңиз терс натыйжа берүүсү мүмкүн. Эгерде баары өз чеги менен болсо, анда жолдошуңуз да сиздин байкабай жүргөн сапаттарыңызга көңүл буруп, мактоого арзыйсыз. Эч убакта күйөөңүздү жаш балача урушуп, жемелебеңиз. Бир дагы эркек мындай мамилеге чыдабайт. Ал жоош болсо да, анын намысына тийбеңиз. Кыжырданып, ачуулукка алдыруунун ордуна сылык мамиле жана сүйүү гана сиз каалаган натыйжа берээрин унутпаңыз. @taalim__ баракчасынан алынды, баракчага жазылыныздар #таалим #🤲