Нуржигит Кадырбеков
@nurzhigit_kadyrbekov_official
Нуржигит Кадырбеков

Подписчики: 200473
Посты: 470
Подписки: 52
- КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Коомдук ишмер, акын, жазуучу Суроолор боюнча @dooron_kubatbekov'го DIRECT❌
https://www.youtube.com/channel/UCXc5HafUIbB1P_Z3ebGbBZw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
11302   202
21.03.2020
ЖАКШЫ КАБАР Жакшы кабар айтайынбы? Өрүк гүлдөдү. Өрүк гүлү мен үчүн буга чейин чабалекей менен байчечек сыяктуу жаздын жарчысы эле. Роза сыяктуу сүйүүнүн, жапондор даңазалаган сакура сыяктуу татыктуу өмүрдүн символу болчу. Бүгүндөн тартып ал мага жаркын үмүттүн да эн белгисине айланды. Көзгө көрүнбөгөнү менен, дүйнөгө дүң болуп, көңүлдөргө кыжалатчылыктын кара туманын айдап келген аты жаман бир вирустун айынан кабактар бүркөлүп, маанайлар чөгүп турган учурда: “Силерге эмне болду? Вирус дейсиңерби? Ушул кыпындай макулуктун айынан санап бүткүс береке, ырыскы, жакшылыктар көзүңөргө көрүнбөй калдыбы? Карагылачы, асман дале ачык. Кар баскан тоолор сынын бузбай шаңкаят. Заманыбыз бейпил. Чымчыктар чурулдашып бактылуу. Жашоо дале керемет! Баары жакшы! Жакшы гана эмес, эң сонун! Болгону денеңди жана чөйрөңдү таза тут! Дене менен кошо ойду, пикирди, жүрөктү тазала! Таза чөйрөгө вирус, таза жүрөккө шайтан жолой албайт. Шайтан шаштырып, маскаралабаганда тээ илгери адамдар машак терип жеп, бир казан кайнак сууга бир чөйчөк сүт кошуп үй-бүлөсү менен чогуу ичип жан баккан заманда болбогон топуксуздукту көрсөтүп, ун, күрүч, тамак талашып уят болбойт элеңер! Кайгыдан каражат таап туйтунам деген ойдон өткөн коркунучтуу руханий вирус барбы? Пейилди кенен ташта! Жараткандын ырыскысы кең, баарына жетет! Вирус бул – сыноо. Сенин ыйманыңды, адебиңди, ынтымагыңды, нысабыңды текшерүүчү сыноо! Бул сыноодон ийгилик, жеңиш менен өтүү өзүңөрдөн гана! Ийгилик – ишенимден башталат! Ишенимдин булагы таттуу тил, таза жүрөк жана ысык ыклас. Жеңиш болсо жакшы маанайдан, жылмаюудан башат алат! Жылмай! Шаттан! Шүгүр айт! Өз дегенде өнтөлөп жан бергендерден болбой, өзгөлөрдү да ойло! Ынтымак ошентип куралат. Ырыс кенчинин ачкычы – ынтымагыңарда. Буюрса, бул күндөр да бат эле өтөт! Баары эң сонун!” дегенсип бажырая ачылып, адамзатка салам салып турушат. Өрүк гүлдөдү! Жаштыктын, сүйүүнүн, сулуулуктун, бактылуу жашоонун жана жаркын үмүттүн символу ГҮЛ АЧТЫ! НК, 21-март, 2020-жыл #жакшы_кабар #үмүт_гүлү
11177   69
06.03.2020
«Мираж» деген китепкана жана китеп дүкөнүнүн ачылышына катыштык. Исанов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги Бета-Сторес дүкөнүнүн эң үстүнкү кабатында жайгашкан. Ким ачты дебейсиздерби? Болгону экинчи курста окуган Турат деген азамат жигит. Жыйып койгон пулу, бордоп койгон малы жок эле жакшы ниет, адал аракет, ысык ыклас менен киришип ачып салды. Ойду омкорот элем, акчам жок, же тааныш таппадым деп өзүн алдап, көңүлүн сооротуп жүргөндөр мындан ибарат алса. Ыклас, аракет, аруу ниет болсо, Жараткандан жардам келерине айкын мисалды жаш жигит амалы менен далилдеп олтурат. Эми китепкана+китеп дүкөнү бүрдөп, гүлдөсүн. Эпадам, арак-шарап саткан дүкөндөр, түнкү клубдар, арам-адалды ылгабаган ашканалар күркүрөп иштеп, студенттин ачкан жамалы жарык китепканасы оожала албай жабылып калса, бул баарыбыз үчүн уялчу, намыстанчу иш болот. Жок дегенде барып туралы, кирдетпей китептерди окуп туралы. Анан китеп сатып алып туралы. Китепкөй жаштар, азаматсыңар! Ишиңерге береке!!! #мираж @miraj_books
10950  
12.12.2019
ЗАЛКАРДЫ ЖАНДАГАН КӨЗ ИРМЕМДЕР Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганын интернеттеги Орусия сайттарынын биринен окуп калдым. «Белгилүү кыргыз жана орус жазуучусу көз жумду»,- деп жазылыптыр. Жараткандын буйругу менен келишпеске айла жоктугун түшүнсөм да, көз жашымды кармана албадым. . Ооба, Айтматов эң бир татыктуу өмүрдү жашап өттү. Кайда барсак бетке тутунар өлкөбүздүн жана элибиздин залкар уулу эле. Дүйнөлүк адабияттын үлкөн жылдыздарынын бири болчу. Бирок, кыргыз жүрөгүнүн бир бөлүгүнө айланганын эркиме баш ийбей көз жашым кулаган ошол күнгө чейин аңдай бербептирмин. _ Айтматовдун чыгармачылыгы, дипломатиялык ийгиликтүү кызматы, жетишкен ийгиликтери жана дүйнөлүк аброю тууралуу ким бирөө айткандай сайдын ташынан тарта баары билет эмеспи. Мен бул инсандын эң бир ыйык адамкерчилик сапаттары тууралуу көп эскерем. *** Айтматов менен бир нече жолу жолугуу жана баарлашуу бактысы буйруганына ыраазымын. 2003-жылы Стамбулда жазуучубуздун 75 жылдык мааракесине арналган салтанатта таанышып, «жанына келсең бир киши» деген макалдын маанисин дагы тереңирээк түшүнгөн элем. Дүйнөлүк кадыр-баркы бийик кишинин ушунчалык жупунулугуна тан бергемин. Улуу-кичүү, жаш-кары дебей баарына тегиз, ыкласман мамиле жасаган жайы бар экен. Чогуу сүрөткө түшөйүн деп, бирок фотокамерамды мейманканада бөлмөдө унутуп калыптырмын. Чыкебиз мага «Барып алып кел фотоаппаратыыңды», - деп эркелеткен маанайда айтып, күтүп турганы эч эсимден кетпейт. _ Түрктөрдө өтө сыйлуу инсандын колунан өөп, бешенсине тийгизүү салты бар экен. Бир карапайым эле Түркиялык Чыкебизге ошентип сый-урматын билдиргенде, Чыкебиз да жооп кылып анын колунан өөп, мээримдүү жылмайганы күнү бүгүнкүдөй эсимде турат. Кайда барбайлы Айтматовду Түркиялыктардын биздин жазуучу, түрк жазуучусу деп туу тутуп сыйлаганын көрүп, биз өзүбүз ошончолук аздектей албаганыбызга арданган элем. _ Бишкекке Стамбулдан чогуу учтук. Учаардан алдын учактын капитаны атайын келип Айтматов менен учурашып, жетине албай турганына күбө болгондор канча. Эконом класста олтурган бизди да учактын кызматкерлери бизнес класстагыларды тейлегендей тейлеп жатты, көрсө залкар жазуучу биздин камыбызды ойлоп капитандан ошентип өтүнгөн экен. уландысы⏩
10843   113
09.05.2020
Чоң атам... Азыр ойлоп көрсөм кыргыз дөөлөтүнүн өзүнчө бир энциклопедиясы экен. Тарыхты, санжыраны, салтты, адепти, динди, мамилени, эң башкысы тоголок жетим чоңойгондуктан турмушту терең билчү. Ок жамгырдай жааган согуштан аман келгенине чексиз шүгүр. Беларусь фронтунда кыл чайнашкан майданга кирип эки жолу ок тийип, катуу жараат алган. Ошого байланыштуу мыйзам боюнча согуштан бошотулган экен. Бирок, “Улам арыз жазып суранып жатып кайрадан фронтко киргем” деп калчу жарыктык. Ошол бойдон согуш аяктаганча колунан куралын таштаган эмес. Бомбабы же гранатабы, айтор жарылып, денесине кирген темир чачырандылары өмүр бою кыйнады. Карылыктан улам арыктап, көк тамырлары көрүнүп калган колундагы бөлтөйгөн темир сыныгын мен да далай жолу кызыгып кармагам. Жаштыгында операция кылып алып коюу сунушу айтылса, эчтеме эмес деп көктүгүнө салып макул болбой койсо керек. Күн суукта кээде өзү айткандай “осколка сыздаткан" колун ушалап, кыйналганын билдирбөөгө тырышып, эрдин кымтып бир топко отурчу. Колунда чоңоюп, тарбиясын татып, жан дүйнөсүндөгү жана акылындагы ошончо кенчтен үлүш алып калганыбызга канымет. Чоң атам тууралуу бир аз гана “Ант” романында жаздым. Каармандын чоң атасынын прототиби өз чоң атам - АДИ АКНАЗАР уулу. Жаныңыз бейиште болсун, ылайым, менин каарманым жана баатырым. Бүгүн сиз жана сиздин замандаштар канын төгүп, жанын садага чаап жеткен жеңишти майрамдап отурабыз... Ушул мээнетиңерди актап, татыктуу урпак болсок экен! 9-май, 2020-жыл
Загрузка...
10647   75
23.04.2020
Бүгүн 23-апрель ЭЛ АРАЛЫК КИТЕП КҮНҮ. Жаратканга шүгүр, кыргыз жаштары арасында китеп окуу модага, трендге айланып барат. Жети дубаныбыздын алыскы айылдарына, керек болсо генералдар энесин ээрчитип кире алгыс жабык аскер бөлүктөрүнө чейин китепкөйлүк дух жайылды. Берлин паркында, Чикагодогу аянтта, Токиодогу аллеяда, Москвадагы скверде, Египеттеги Нил дайрасынын жээгинде кыргызча китеп окуп отурган кыргыз жаштарынын соцтармактардагы сүрөттөрү көргөн көздү кубантып турду. Китепке талап өскөн сайын китеп дүкөндөрү нөшөрдөн кийинки козу карындай көбөйдү. “Шанс”, “Жамгыр”, “Шам”, “Маңыз” ж.б.басмалары ачылып, эбактан басылбай эстен чыгып бараткан улуттук адабияттын классикаларын шакылдатып чыгара башташты. Орто мектептерде бир кезде рекеттик кылган тентектер авторитет болгон доор бир жылда 70-80 китеп окуган Батырдай балдар кадыр-барк сересин багынткан заманга ордун бошотту. Китеп кыймылынын жайылышы, китеп агымынын күчөшү ал тургай Жогорку Кеңешти бул темага бурулууга мажбурлады. Ошентип, биз быйылкы китеп күнүнө өзгөчө дем, ири ийгилик, өрнөктүү амалдар менен келдик. Биз бул жылы китеп сүйүү, китеп окуу жагынан КМШда алдыга суурулуп чыктык. Биз алдыдагы китеп майрамын ооз учунан гана даңазалабастан, эң сонун демилгелер, изги иштер менен тосуп жатабыз. Тагдыр экен, азыр ааламды каптаган апаат оорудан сактанып карантинде отурабыз. Болбосо, көпчүлүктүн күчүн, каражатын эле эмес, жүрөгүн, акылын жана мээримин бириктирген “Китепкөй өлкө” идеологиясынын күрдөөлү дагы далайларга угулуп калмак. “Мен үчүн майрам бул – күнөө жасабай өткөргөн күн” деген экен бир даанышман. Майрамдарды оюн-зоок уулап, ичимдик ичип, пайдасыз кеп сүйлөп өткөрбөй, айып-күнөөдөн аруу болууга маани берип, өзүбүз менен кошо өзгөлөргө пайда жеткирип, кубаныч тартуулап белгилейли. Башкага пайда жеткирип, кубандырган адам өзү сөзсүз кубанычка бөлөнөрү талашсыз акыйкат. “Алгандын колу, бергендин жүрөгү толот” деп бекер айтпайт акылман элибиз. Бул күнү китеп белекке бермей акциясын өткөрмөкпүз. Бирок, пандемия шартында мындай кылуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, окуган китептерибиз тууралуу социалдык тармактарда пикирлерди бөлүшүп, бири-бирибизди китепке тарталыып! Майрамың менен, #КИТЕКӨЙ_ӨЛКӨ!
10133   86
05.03.2020
ЧЕТ ЭЛДИКТЕР НЕГЕ МАГА КАРАШТЫ 2001-жылдын марты. Москвага биринчи жолу бардым. Кыргыз элчилигинин мейманканасына жайгашып, андан соң Третьяков галереясына, Кызыл Аянтка зыярат кылдым. Бул жайлар бири-биринен анча алыс болбогондуктан жөө жүрдүм. Жолдо баратсам маңдайымдан чыккандын дээрлик баары эле мени таанышындай карап жатышты. Айрымдарынын көздөрүнөн таңыркоону көрсөм, башкаларыныкынан суктанууну, сый-урматты туюнткан жылуулукту сезем. Кээ бирлери машиненин ичинде баратып жылмая тиктеп, баш ийкеп, кол сермешет. Ушундай окуя кийин АКШнын Бостон шаарында да кайталанды. Топтолуп отурган афроамерикалык улан-кыздардын бири мени көрсөтүп бирдеме деп кыйкырды эле, калгандары жапырт бурулушуп, мага жылмайышып, колдорун булгалап, сонун маанайда ызы-чуу түшкөн бойдон калышты. Эки учурда тең адегенде эмне болуп кеткенин түшүнө алган эмесмин. Неге баары эле мага назар салышат? Болгондо да мээрим менен, көңүлдү көтөргөн күлкү коштогон карек менен тиктешет? Баш териси башка эл тааныгыдай Голливуд кино жылдызы же Марадона, Зидан, Месси, Роналдо менен атак талашкан футболчу, Тайсон менен таймашкан боксчу болбосом. Анан гана кептин кайда жатканын түшүндүм. Башымда #АК_КАЛПАК бар болчу. Орустар да, америкалыктар да өзүмө эмес, башымды шөкөттөгөн, шаңкайган АК КАЛПАГЫМДЫ карашыптыр. Мага эмес кыргызымдын кооз-көркөм улуттук баш кийимине суктаныптыр. Алардын жүзүндөгү жылуу ырай, достук маанай – балким, калпак аркылуу биздин кайталангыс маданиятыбызга, чыгармачылык дареметибизге бийик баа берип, таазим эткенидир. Ак калпак – Ала-Тообузду элестеткен элибиздин ак жолтой символу. Ак калпакта аруулуктун, бийиктиктин жана нарктуулуктун сыры жана сүрү бар. Ак калпак – Манас атабыз, Бакай, Кошой бабаларыбыз баштаган, кыргызды ийгиликтин бийик чокуларына сүрөгөн элибиздин сыймыктуу, залкар уулдарынын асыл баштарын кооздогон керемет баш кийим. Ак калпакты даңазалаган – кыргыз жигитинин алтын башы эле эмес, ары, намысы, абиири жана ыйманы. Ошондуктан, “Ак калпагың башыңдан түшпөсүн!” деген ак батанын мааниси - ооматтуу, намыстуу, айкөл жана эл туусун желбиреткен эр жүрөк бол дегенди туюндурат. Жараткан Ак калпактуу элибизге ынтымак, күч-кубат жана кетпес оомат берсин! 05.03.2020