9952   144
                                              
            
            
            	
                  
                
            
            
            
            
            
            17.04.2020
			
            
            
			Биздин министрликтин алдындагы бул көйкөлгөн сулуу гүлдөрдөн баарыңыздарга салам. Жумуштан чыгып келе жатсам таажыларын дилдиретип, жалбырактарын  жаңсап өздөрүнө чакырып алышты. “Баары жакшы. Буюрса, мындан да жакшы болот. Жолугушуубузга аз калды. Силерден сабыр, бизден ак бата” деп ишаралагансып жаздын жагымдуу шамалына эркелей ыргалышат. “Балким, ушундай гүлдөрдүн суктанткан сулуулугу, жыпар жыты тигил вирустун эң чоң душманы, бузуп өтө алгыс  чебидир!” деген ой көөдөнүмдө шам болуп жанып, көңүлүмдү көкөлөттү... Бүгүн күн да сонун ысыды.Адистер вирус ысыкка туруштук бере албайт дейт. Буга чейин кыйлага созулган жамгыр аркылуу Жараткан бүт кыргыз жерин дезинфекциялап берген эле. Төгүлгөн нөшөр, жаркырап тийген күн, жайнап ачылган гүлдөр, тазарган аба, бараалына келген көктөм... Мунун баарын жакшылыкка жоруйлу . Буюрса, бурулуш күндөр башталды. Келген "конокту" эч качан кайтып келбегендей кылып узатуу насип этсин элибизге. Аз калды. Чыдайлы! Анан, аманчылык болсо, түлөө кылабыз.
НК, 17-апрель, 2020-жыл