Нуржигит Кадырбеков
@nurzhigit_kadyrbekov_official
Нуржигит Кадырбеков

Подписчики: 200473
Посты: 470
Подписки: 52
- КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Коомдук ишмер, акын, жазуучу Суроолор боюнча @dooron_kubatbekov'го DIRECT❌
https://www.youtube.com/channel/UCXc5HafUIbB1P_Z3ebGbBZw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
12540   190
21.07.2020
Бул ыр жыйырма жыл мурда жазылган. Ушул апаат күндөрү кайра кайталап окуп, омиин деп алакан жайып турам... Буюрса, баары сонун болот! ТАҢДАГЫ ТИЛЕК Тилеймин амандыгын адамдардын, Тилеймин кенендигин кадамдардын. Тилеймин иши илгери болсо экен деп, Мээнети, кылгандары адалдардын. Тилеймин бейпилдигин замандардын, Түзөлүп-оңолушун жамандардын, Тилеймин аткарылып ишке ашуусун, Түбү түз, адилеттүү таламдардын. Тилеймин эркиндигин жарандардын, Бактысын, ырыскысын аман жандын. Башкысы, адамдыгы сакталса экен, Бай-кедей, падышанын, чабандардын. Тилеймин кыргызымдын өнүгүшүн, Таалайдын шооласына көмүлүшүн. Көп улут, көп өлкөнүн арасында, Түндүгү бийик болуп көрүнүшүн. Тилеймин ар бир жанга көңүл куунак, Карыга – ыйман, жашка – өмүр-кубат. Ынтымак, ырыс күткөн ата журттун, Ыргыткан ташы турсун өйдө кулап. 23.10.2000
Загрузка...
11379   231
29.04.2020
КҮЛСӨҢ ДҮЙНӨ КОШО ЖЫЛМАЙЧУ Кайран досум... Адегенде сыртыңдан бааладым. Сүрдүү, салабаттуу өңүңдү көрүп, адам менен баарлашууга анчейин ынтызар эмес бир сырдуу неме го деп ойлогом. Капысынан жолубуз кесилишип маектешип калдык. Ошондо оргуп, төгүлүп, ушундай бир ачылдың. Мен өзүмдү акындын толкуп-ташкан жан дүйнө деңизинин чок ортосундагы бир кемедей, болбосо ак чардактай сездим. Кааап, ошондо моокум канганча кобурашып калбай... Башка бизде андай мүмкүнчүлүк да, убакыт да табылбады. Жараткандын жакшы күндөрүнүн биринде жүрөк менен баарлашуунун ыракатына тоёрбуз деп тариздеп жүргөм. Аттиң, насип болбоптур! *** Маянасы жакшы жумушта иштечүсүң. Бирок, ошол бакыбат турмушуңа анчейин ыраазы эмес элең. Анткени, сенин чыныгы байлыгың поэзия саптары экенин билчүсүң. Бирок, кара калемиңди кармап, ак барагыңа үңүлүп орошон ойлоруңду жоргодой шыдыр уйкаш саптарга айлантып отуруп алсаң казаныңа ким аш салып бермек? Ошон үчүн, ырыңды төшөктөй жыйыштырып коюп, калемди микрофонго алмаштырып, ар адамдан сукпат сурап жүрдүң. Бирок, саясат темасында сагыздай чайналуудан боюңду жаа бою ала качып, маданият майданынында баба дыйканчылык кылдың. Сенин темаң, сенин көтөргөн көйгөйүң арабакечтин арык атындай жүдөө абалга келген кыргыз маданияты болду. Китеп, обон, поэзия, искусство темасын кыябына келтире айттың дагы, жаздың дагы... *** Китепкөй жаштар менен Кыргыздын кыйырларына чейин кыдырып келдиң. Зал толо жаштарга, адабият ышкыбоздоруна жанардай жалындаган ырларыңды окуп, китеп өзгөртүп, китеп жакшылыкка бурган таалайлуу тагдырыңды айтып бердиң. Сен тилиң эмес жүрөгүң менен айтып берчүсүң. Ошон үчүн көпчүлүк муюп, эргип тыңдайт эле. Китеп окуу үрөнүн сепкен жаштардын артында турган опол тоосуна айлангансың. Алардын ат көтөргүс асыл эмгектери сенин макала-репортаждарың аркылуу улуу элдин учуна чейин жетти. *** Кызыңды аябай жакшы көрчүсүң. Сени көрүп, “атаңгөрү, ата деген ушундай мээримдүү, күйүмдүү болсо” деп суктангандар көп болсо керек. Эми,ошол кенжетайың үчүн ордуңду эч ким жана эч нерсе толтура албас. Ошону ойлоп буулугуп, ыйлагым келип турат. Уулуң менен сыймыктанчусуң! ⬇⬇⬇