Нуржигит Кадырбеков
@nurzhigit_kadyrbekov_official
Нуржигит Кадырбеков

Подписчики: 200473
Посты: 470
Подписки: 52
- КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Коомдук ишмер, акын, жазуучу Суроолор боюнча @dooron_kubatbekov'го DIRECT❌
https://www.youtube.com/channel/UCXc5HafUIbB1P_Z3ebGbBZw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
5298   58
27.11.2019 Kyrgyzstan
Жүзүмө түкүрбө! _ Ойлоп көрсөк, төөдөн башка эч бир айбан деле түкүрбөйт экен. А биздин, адамдардын арасында, көчөдө баратып туш келген жерге “Каак тфу” деп жаба түкүрбөгөндөр аз эле го... _ *** _ Адамдан айланалы, ал - өлкөбүздүн эң чоң дөөлөтү, байлыгы, ырыскысы... Бирок, көчөдө баскандар, сейилдегендер канчалык көп болсо жолдордо ТАШТАНДЫЛАР, ЧЫЛЫМДАР, ТҮКҮРҮКТӨР да ошончолук көбөйөөрүн ким тана алат? Өзгөчө, бизде Кыргызстанда, эл топтолгон майрамдык оюн-зооктордон же митингдерден кийин ал жерде калган таштандыларды тазалоо иши канча күндөргө чейин уланат. А жапондор жетелеп бараткан ити чоң заара кылып салса (итке баары бир эмеспи), ошону да калтырбай, тазалап, пакетке сала кетишет. Биздин болсо итибиз тургай өзүбүз да чөйрөнү булгаганга ант бергендей, касам ичкендей түкүрөбүз, таштандыларды туш келди ыргытабыз, коомдук жайларды семичке чагабыз ... _ *** _ Эч ким жеке менчик үйүнүн ичине, шыбына, дубалына түкүрбөйт жана түккүрттүрбөйт. Анткени, ал - ӨЗҮНҮКҮ. Анда, биз түкүргөн, таштанды ыргыткан көчөлөр кимдики? БӨТӨН БИРӨӨНҮКҮБҮ? Индияныкыбы? Түркия, Жапония, Кытай же Польшаныкыбы? Ал да өзүбүздүкү! Ким, эгерде, Лейлектин Кулундусунда же Ысык-Көлдүн Ак-Суусунда көчөгө түкүрсө же чылымын ыргытса, ал Нарындын Ат-Башысындагы, Таластын Кара-Буурасындагы, Оштун Ноокатындагы ж. б. ар бир атуулдун акысына кирип, ар намысын тебелейт. Анткени, Кыргызстандын ар бир чымчым топурагы, ар бир миллиметр жери – биздин ар бирибиздики: сеники жана меники! _ *** _ Түкүрүү деген илдетти дарылайлы. Анын дарысы – “ТҮКҮРБӨҢҮЗ, ага, иним, эже, карындашым, ата, апа” деп жакшы сөз менен бетке айтуу, сылык-сыпаа эскертүү. Көз ачкандан көрүп чоңойгонубуздан улам биз коомдук жайларда түкүргөндөрдү, семичке чаккандарды, чылымдын калдыгын, желим бөтөлкөнү, момпосуйдун кабыгын же пакетти ыргыткандарды өөн көрбөйбүз. Бирок, чет элден келгендер буга таң калып да, жийиркенип да, кыргыздан ирээнжип да жатканы – ачуу чындык. Башкаларды кыргыздан ирээнжитүү – бул кыргыздын аброюна, кадырына, намысына түкүрүү! Ата-бабалардын арбагын таарынтуу! Демек өз жүзүбүзгө өзүбүздүн түкүргөнүбүз. Мекенибиз – жүзүбүз. ЖҮЗҮМӨ ТҮКҮРБӨ, МЕКЕНДЕШИМ! Башкалардын алдында кыргызды кемсинтпе, уят кылба. ⏩⏩⏩
Загрузка...
8290   153
22.03.2020
ЖАРАТКАНДЫН ЖАРДАМЫ ЖАНА ДЕЗИНФЕКЦИЯ Дагы ЖАКШЫ КАБАР айтайын. Кудайга чексиз шүгүр – бүгүн “дагы чыкты”, “жугузгандар катталды” деген кабар болгон жок. Бул да болсо дарыгерлерибиздин, тартип сакчыларыбыздын, атка минерлерибиздин, кайрымдуу уул-кыздарыбыздын, дегеле мыйзамды сыйлаган, эреже-тартипке баш ийген кош көңүл эмес жарандарыбыздын ак дилдүү, ынтымактуу аракетине Жараткандын берген берекети. Кечээ нөшөрлөп жамгыр жааган. Биринчиден, жамгыр бул – Жараткандын ыракматы. Жамгыр учурунда айтылган тилек, берилген бата кабыл болот дейт. Азыр канча адамдар аты жаман вирустун зыянынан сактоону күн-түн дебей сурап жаткан учур. Экинчиден, “таза болсоң суудай бол – баарын жууп кетирген” дегендей, жамгыр аркылуу бүтүн өлкөбүз: шаарлар, базарлар, мазарлар, айылдар, тоолор, талаалар, аң-жарлар, айтор, кең айдыңдардан тартып кычык-бучуктарга чейин дезинфекция болду. Эгерде ошондой дезинфекцияны өзүбүз кылчу болсок, мамлекеттин казынасынан миллиарддаган сом акча кетмек. Бүткүл жарандык жана аскерий авиациябыздын баарын асманга миң жолудан көтөрүп миллиондого тонна антисептик чачтырсак да, бир саамга төгүп өткөн жамгыр тийгизген пайданын миңден биринче иш бүтмөк эмес. Бүгүн болсо күн жаркырап тийип, жылуу болду. Вирус жылуулуктан, күндөн коркот дешет дарыгерлер. Айтор, биз кадырына жетпей, бүлгүн салып, кыйратып, кордоп жаткан табигат аркылуу Жараткан Өзү жардам берип жатат бизге. Кандай жолдуу, бактылуу элбиз. Баса, карантин себептүү аба тазалана түшкөнүн байкабаган адам болбосо керек. Көчөдө быкшытып түтүн бүрккөн транспорт азайганда, ушинтип, аба арууланат экен. Ден соолуктун чыныгы булагы – бул таза аба. Тамаксыз ондогон, суусуз үч-төрт күн жашашың мүмкүн, бирок, аба жок болсо ашып барса саналуу мүнөттөн соң жалган өмүр жайрайт. Көрдүңүзбү, кыжалат кылчу бир сыноонун артында, биз аңдай бербеген купуя жана ачык миңдеген жакшылыктар бар. Орустар “Не болсо да жакшылыкка” (Все к лучшему) деп бекер айтышпайт өзү. Карантин да, өзгөчө кырдаал дагы уланат. Кут-берекенин ордосу болгон үйүбүздө отуруу мүмкүнчүлүгү дайым эле боло бербейт. Убактым болгондо кыйратат элем деген иштерди эми жасайлы: ⬇⬇⬇
6778  
25.09.2019
Бай болуунун планын түзөбүз, бирок, бактылуу болуунун планын түзбөйбүз. Бай болууда бизнес, соода, акча, алтын кандай керек болсо, бактылуу болууда ыйман, адеп, акыл, рух, билим, тазалык жана чынчылдык андан да маанилүү... Акча банкта, сөз берметтери, акыл жана рух кенчи китептерде сакталат. Сөз баккан, акыл нурданткан, салт, нарк билген, билим кенин казган, жан дүйнөсү бай берекелүү адамдарда өмүр улайт... Окуйлу. Убакыт болгондо эмес, атайын убакыт таап окуйлу. Жакшыларга жанашалы – ырысы, ооматы, акылы, асыл сыпаттары өтсүн. Жакшынын, даанышмандын, аалымдын жанында биртке болуу – жылдап кылган ибадаттардан артык дешет... Айтылуу акын, байманалуу аксакалыбыз Надырбек Алымбековду ошон үчүн чакырып, кеп-кеңешин, насаатын уктук. Жаштар ойгонду. Эми уктап жаткандарды ойготкула. Эң чоң сооп иштердин бири - мына ушул... Дүйнөнүң эң китепкөй өлкөсү курулууда, буюрса... Арстан ойгонду... #китепкй_өлкө #китеп_жарманкеси
3737  
17.09.2019
ШЕЙИТТИН КАНЫ (Чекарада курман болгон баатыр мекендешим Равшан Муминовго...) _ Бейпилдиги үчүн элдин, мекендин, Ортосунда көйгөйү көп эки элдин. Ак кызматтуу, аска-зоодой баатырга, Ушул экен акыретке кетер күн.... _ Жүрөк сыздайт... Жеңилдетип кейишти, Көк жал эрге буюр, Алла, бейишти. Мээлеп туруп аткан жанды акыры, Куткарбайт го каны кайран шейиттин.. _ Өтөт баары: атылган да, аткан да, Түшпөс жан жок ажал койгон капканга. Кан төккөндөр кантер экен суракта, Күнү бүтүп, өлүм даамын татканда. _ Желбирешкен эки өлкөнүн желеги, Чекарада көйгөй толо береги. Мекенимдин ыйык чымчым ылайы, Башка жердин кымындай жок кереги. _ О, Жараткан, тынчтык, сабыр, акыл бер, Ортобузда болгой сүйүү, асыл мээр. Кан төккөнгө тообо кылып токтойлу, Коюнуна ала электе такыр жер.... _ Карган апа, күткөн жубай, үч бала... Кайран баатыр эми аларга түш гана. Алар үчүн дуба кылам жалбарып, Өмүр, ыйман, оомат тилеп шүк гана.... _ Көөдөндөрдө ыйман, намыс, ар болсун, Кыргызымдын кыйырлары шаар болсун. Жанын тиштеп четте турган чеп сымал, Чек аранын баатыр эли бар болсун! Нуржигит Кадырбеков 17-сентябрь, 2019-жыл #чекара #равшанмуминов