578
29.10.2019
Бир айдан соң коштошом
Адамга эң туура тартылган нерсе АКЫЛ болсо керек. Себеби эч ким өз акылына нааразы эмес... Өрнөк берүү оңой, ӨРНӨК БОЛУУ КЫЙЫН... Соцтармактагы сайттын ээлери, өздөрүн чоң бир телеканалдын директорундай сезишет... Жазган макалаңды көп болсо миң адам окуйт. Миллиондогон элди башкарып жаткандай башкачабыз... Башкаларды артынан сындап атып, ошолордун артында калып кеткенибиз менен ишибиз жок... Адамдын жакшылыгын көрө албаган КӨРЛӨР көбөйүп баратат, аттиң... Бала кездеги үйдөгү ФОТОАЛЬБОМдон өтөрү жок... Ал альбомду жакындар гана көрөт эле. Азыр СОЦБАРАКЧА ошол альбомдун ордун басып, анын ичин иттер да аралап кетти... Бирөөнүн арманын,
бирөөнүн жалганын,
бирөөнүн тамагын,
бирөөнүн сабагын,
бирөөнүн көйгөйүн,
бирөөнүн көйнөгүн,
бирөөнүн ыйын,
бирөөнүн сыйын,
бирөөнүн тообасын,
бирөөнүн модасын... Айтор жакшы менен жамандын ортосунда аралашып калган АКМАК болуп жатабыз... Жакында соц тармак менен коштошом.
Баары ушул жакта жүргөнүнөн, аз да болсо пайдалуу макала киритип турайын деп кирген элем. Бул жакта баары акылдуу, артта калып калган адам сыяктуу уяла баштадым. Эсим барда этегимди жыйып кетип калайын... 29.10.2019 Идрис акын