831
5840
22.11.2019
Өзүңө өзүң ЗАРЯД бер!
(психологиялык кеңешим кыйналгандардын эсине)
Эгерде көп сыгылсаңыз:
1
Жолдошуңуз менен ынтымакты күчөтүү керек...
2
Ибадатты күчөтүү керек. 5 убак намазга бекем болуңуз...
3
Эне өзүн өзү бактылуу кылмайынча балдары бактылуу боло албайт...
4
Психолог бар болсо жолугунуз, жок болсо айылдагы жакшы адамдар менен көп-көп баарлашыныз, беш даана психологдон жакшыраак...
5
Күчтүү имам дамла менен байланышып 7 жолу дем салдырыныз, үйгө да куран окутуп дем салдырыныз, кой союп курмандык чалуу да жакшы болот, жетим-жесирлерге этинен таратып бересиз...
6
Жүрөгүңүздү көтөртүрүп алыңыз...
Үйдө көбүрөөк куран окуңуз...
Китеп окуп оюңузду таза кармаңыз...
7
Фалк, нас сүрөлөрүн 100 жолудан окуңуз...
8
Керек болсо эски кийимдериңиздин баарын өрттөп салыңыз...
9
Жакшылык иштерди көбөйтүңүз...
Жолдошуңуздун туугандары менен мурдагыдан да жакшы болууну сунуштайм. Айрыкча ата-энени үйгө алып чогуу отурунуз, апа деп койнуна кирип алганга аракет кылыңыз...
10
Дүйнө-байлык менен ишиңиз болбосун. Ден-соолук кымбат экенин унутпаңыз...
11
ҮЙ иштерин аткарып жатып рахат алганга аракет кылыңыз. УФФ эми идиш, эми кир, эми тамак- деп жаман көрбөй сүйүп аткарыныз...
12
Үй-бүлө менен бир жерде камалып отура бербей сейилдеп туруңуздар
13
Ушул дуаны да 5 убак намаздан соң 100 жолудан кайталаныз. Сизди жаман ойдон арылтат:
Алохумма иинни аузубика минал хамни вал хазан
Ва аузубика минал ажзи вал касал
Ва аузубика миналжубни вал бухл
Ва аузубика минголабатиддайни ва кохриррижаал.... Аллах сизден ыраазы болсун, көп жашаныз, бир тууганым. Баары жакшы болот буюрса.... 22.11.2019 Идрис акын.
Жума майрамыңыздар менен, достор.